Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Апрелчи депутаттын аты аталган көмүр чыры


2010-жылдагы апрель окуясы.
2010-жылдагы апрель окуясы.

Апрель ыңкылабынын катышуучулары "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин жетекчиси, парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаевди көмүр чырына байланыштуу айыптап чыгышты.

Алардын айтымында, ыңкылаптын катышуучуларына жардам иретинде былтыр бөлүнгөн көмүр өз дарегине жетпей калган. Бул үчүн алар "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун төрагасы, учурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевди айыптап жатышат.

Уюмдун мүчөлөрүнүн бири Талант Кашкарбаев депутат Мискенбаев жек-жааттары менен бирге көмүрдү сатып жиберип, 2,3 миллион сомго жакын каражатты өз пайдасына колдонгонун айтууда:

- Бул көмүрдү кыштата барып ташышыптыр. Муну Кара-Кече кенинде иштегендер тастыктап, кайсы машине канча тонна жүктөп кеткенин айтууда. Бул эми оюнчук эмес да. Биздин атыбызды сатып, өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеп жатканы аябай катуу тийди. Биз көмүрдүн күкүмүн да, акчасын да көргөн эмеспиз. Муну уюмдун дээрлик бардык мүчөлөрү тастыктап жатышат.

Көмүр чырына байланыштуу маселе көтөрүлгөн соң алар Мискенбаевден отчет талап кылышкан. Бирок депутат бул боюнча түшүндүрмө бербей келгенин Талант Кашкарбаев кошумчалады.

“Айкөл-Ала-Тоо” уюмуна кайтарымсыз жардам берилгенинин “Кыргыз көмүр” ишканасынан да ырасташты.

Аталган ишкананын ошол кездеги жетекчи орун басары Канатбек Ашырбаевдин айтымында, “Кыргыз көмүр” ыңкылаптын катышуучуларына жардам иретинде “Транс Азия” аттуу компания аркылуу көмүр бөлүп берүүгө көмөктөшкөн.

Кара-Кече көмүр кени
Кара-Кече көмүр кени

Ал эми “Транс Азия” ишканасынын директору Жыргалбек Исаевдин ырасташынча, 10 миң тоннадан ашык көмүрдү Мискенбаевдин жардамчылары ташытып кеткен:

- Бизге “Айкөл Ала-Тоого” жардам бергиле дешкенинин шайлоого карата, анан уюмдун колунда жок, ок жеген баатырларына көмүр бөлүп бергенбиз. Ал кайтарымсыз негизде берилген. Алар “Марал курулуш” деген фирма менен ташып, апрелчилерге таратылат деп ташып кетишкен.

Анткен менен депутат Мээрбек Мискенбаев дарегине айтылган дооматтарды негизсиз деп атап, себеби башкада экенин билдирүүдө. Ал “Кыргыз көмүр” ишканасындагы коррупциялык схемаларды ашкере кылганы үчүн өзүнө карата каралоо жүрүп жатканын айтып, аталган компаниянын жетекчилигин сотко бергенинин жарыялады:

- “Кыргызкөмүр” ишканасы боюнча коррупциялык иштерди көтөрүп чыктым эле. Ошондо мага тишиң өтпөйт деп айтышкан. Бирок ага карабай туруп көтөргөм. Мына айланып келип, мени коррупционер кылганы жатышат. Мен ар-намысыма шек келтиргени үчүн аталган ишкананын жетекчилигин сотко бердим. Эгер мен далилдей албасам, мандатымды тапшырып, арыз жазууга даярмын.

Мээрбек Мискенбаев
Мээрбек Мискенбаев

“Айкөл Ала-Тоо” бирикмеси 2010-жылы түзүлгөн. Ал Апрель ыңкылабына катышкан жана жараат алгандардын башын кошот. Бул уюмдун төрагасы Мээрбек Мискенбаев былтыр Социал-демократтар партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Буга чейин да бирикме төрагасы жана мүчөлөрү катышкан бир нече чырлуу окуялар орун алган эле.

Уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири Кыргызбек Жумаканов “Айкөл Ала-Тоодогу” чуулгандуу окуялардан улам бирикменин кадыр-баркы түшүп, “Апрель баатырымын” деп айтуудан тартынып калышканын айтууда:

- Чынын айтсам, ушундай окуялардан кийин мен “Апрель баатырымын”, “Айкөл Ала-Тоо” коомунун мүчөсүмүн деп айткандан тартынып, көп адамдардын жүзүн карай албай калдым. Анткени, биз ыңкылапты ишке ашырдык, системаны түздөдүк дегенибиз менен өзүбүздүн арабызда коррупциялык иштер болуп атса, башкалардан кантип таза бол деп талап кыла алабыз.

Ал эми коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев ыңкылапчылардын мындай жоруктары Апрель ыңкылабына көлөкө түшүрөрүн айтат:

- Апрель ыңкылабынан соң бир нече уюмдар түзүлгөн. Алардын айрымдарын бийлик башындагылар түзгөнгө көмөкчү болгон. Алар идеяларын коргобостон, көмүр талашып биринин айыбын бири ачканы ыңкылапка көлөкө түшүрөт.

Апрель окуясынан кийин Ак үйдүн алдында. 2010-жыл, 13-апрель
Апрель окуясынан кийин Ак үйдүн алдында. 2010-жыл, 13-апрель

2010-жылдын 7-апрелинде Ала Тоо аянтында бийликке каршы чыкканда каза тапкан жана жараат алгандарга “Апрель баатыры” деген наам берилген. Мындай наамы бар адамдарга жана алардын жакындарына мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер каралган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG