Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Текебаев тарыхты китепке түшүрдү


Өмүрбек Текебаевдин “Убактылуу өкмөт” деген китебинин мукабасы. 6-апрель, 2016-жыл
Өмүрбек Текебаевдин “Убактылуу өкмөт” деген китебинин мукабасы. 6-апрель, 2016-жыл

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев апрель окуясынын алты жылдыгын утурлап, “Убактылуу өкмөт” деген китеп жазды.

6-апрелде китептин ачылышы болуп, анда мындан туура алты жыл мурдагы Кыргызстан башынан өткөргөн оор кырдаал, өткөөл мезгил эскерилди. Ошондой эле апрель окуясынан алынган сабактар, жетишилген ийгиликтер жана кетирилген кемчиликтер тууралуу да айтылды.

Эркиндик жана күрөш

Өмүрбек Текебаевдин “Убактылуу өкмөт” деген аталыштагы китеби миң нуска менен орус тилинде жарык көрдү. Анда Кыргызстан эгемендик алгандан берки урунттуу учурлар, 2005-жылкы март окуялары, 2010-жылдагы март ыңкылабы, анда кетирилген кемчиликтер тууралуу жазылган. Ошондой эле мурдагы бийлик ээлеринин ички-тышкы саясаттары боюнча айрым жашыруун документтер ачыкталган.

Китептин автору Өмүрбек Текебаев ачылыштагы сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан бүгүнкү тандап алган парламенттик демократия жолуна жетүүсү оңой болбогонун белгиледи:

- Эркиндик бул кокусунан эле берилип кала турган тагдырдын белеги эмес экен. Ал үчүн тынымсыз күрөшүш керек экен. Аны сактап калып, өркүндөтүш керек. Ошондуктан бүгүнкү абалга биз жөн эле келгенибиз жок. Жыйырма жыл күрөштүк. Бул кыргыз элинин жыйырма жылдык күрөшүнүн жыйынтыгы болду.

2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин бийликти Убактылуу өкмөт колуна алган. Текебаев ошол күндөрдү да эскерип, Убактылуу өкмөттүн мойнундагы жоопкерчиликти да айтып кетти.

- Биз, Убактылуу өкмөт кандай пландарды койдук эле? Биринчи, эң кечиктирилгис маселелер: тартип, коопсуздук жана мыйзамды сактоо болгон. Бул Болот Шер, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаковдорго тапшырылган. Экинчиси - социалдык экономикалык стабилдүүлүктү шайлоолорго чейин сактап туруу керек эле. Бул Атамбаев менен Сариевге тапшырылган. Үчүнчүсү - саясий реформаларды тез жүргүзүү мага тапшырылган. Ал эми Роза Исаковна баарынын үстүнөн жалпы жетекчилик кылган. Ушул тапшырмаларды толугу менен болбосо да, Ош окуяларын эске албаганда, негизинен аткардык.

Ыплас саясат...

Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башында Роза Отунбаева турганы белгилүү. Көп өтпөй, 2010-жылы 24-июнда Элдик референдум аркылуу Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган. Китептин бет ачарына катышкан Роза Отунбаева апрель окуясында миңдеген адамдар менен кошо эле ошондогу оппозиция да баштарын, өмүрлөрүн сайып, бийликке каршы чыкканын эскерди:

- Биз мына, 7-апрелде эмне себептен өзүбүздү курмандыкка чалып чыктык эле? Биз жаман баарын токтойт экен деп чыкканбыз. Бизди акчалуу саясатчылар катуу бузуп жатат. Эмне үчүн биздин саясат ушул күнгө чейин ыплас болуп келе жатат?

Отунбаева китепте Кыргызстандын соңку, Эгемендик алгандан берки тарыхы тууралуу да кенен жазылганын белгилеп, ошол тарыхты жакшы жагына өзгөртүү, өлкөнү өнүктүрүү жалгыз президенттин колундагы иш эмес экенин айтты. Анын сөзү боюнча президент дайындаган өкмөт, министрлер, башкаруучу партиянын депутаттары, Жогорку Кеңеш кошо мамлекет жүгүн тартышып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга тийиш.​

Текебаев Убактылуу өкмөт тууралуу китеп жазды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00

Экономикада реформа болгон жок

Китептин бет ачарында Кыргызстандагы саясий реформанын жетишкендиги катары – оппозицияга парламентте орун берилгени белгиленди. Парламенттеги оппозициялык партия “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов убактылуу өкмөттүн таза шайлоо өткөрүүгө салымы чоң экенин белгилеп, бирок сот системасында, коррупцияга каршы күрөштө жана экономиканы өнүктүрүүдө реформалар ишке ашпай калып жатат деген пикирин билдирди:

- Экономика боюнча менин көз караштарым башка. Реформалар керек эле, бул жаатта алдыга көп кадамдарды таштасак болот эле. Бирок саясий жагынан биз 20 жылда жасабаган кадамды беш жылда жасадык. Муну шайлоо да көрсөттү. Бул жагынан Кыргызстанда чоң реформа болду.

Жетишкендиктер куру сөзбү?

Ошол эле учурда убактылуу өкмөттүн иштерин сындап, алар “орноттук” деп жаткан парламенттик демократияны жокко чыгаргандар да жок эмес. Оппозициялык маанайдагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев азыркы бийлик авторитардык бийлик, ал эми бүгүнкү парламент накта бийликтин көзүн караган күн карама парламент болуп калды деп эсептейт:

- Мурдагы бийликтердин тушунда парламентте курч оппозиционерлер бар болчу. Алардын үнү бийик трибунадан угулуп турчу. Азыркы парламент накта күн карама, бийликтен көз каранды парламент экенин Аксыга Өзбекстан аскерлерин алып кирип алган учурда көрдүк. Он-он беш күнгө чейин бир да депутат чек арага бармак тургай, ооз ачып коюуга жараган жок. Анткени аларды Атамбаев “унчукпагыла” деп тыйып койгон. Ал эми 7-апрелди майрам кылып белгилөө боюнча чечимди парламенттин регламентин бузуп, бир эле күндө кабыл алып беришти. Бир кездеги убактылуу өкмөт - бүгүнкү бийликтин мактангандары карандай калп.

“Убактылуу өкмөт” деген аталыштагы китепти Өмүрбек Текебаев менен чогуу Муратбек Укушев жазган. Китеп азырынча орус тилинде. Авторлордун айтуусунда жакынкы убактарда китеп кыргыз тилине которулуп жазылат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG