Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Кара-Кече "каралардан" арылса...


Кара-Кечеде жылда чыр-чатак катталат, атүгүл ок атылып, адам өмүрү кыйылган фактылар болгон. Облустун жетекчилиги баштаган адамдар Кара-Кечедеги бекеттин ачылышында. 9-октябрь, 2014-жыл.
Кара-Кечеде жылда чыр-чатак катталат, атүгүл ок атылып, адам өмүрү кыйылган фактылар болгон. Облустун жетекчилиги баштаган адамдар Кара-Кечедеги бекеттин ачылышында. 9-октябрь, 2014-жыл.

Кара-Кече көмүр кенинин кире беришине көзөмөл бекет коюлду. Буга чейин кенде жылда чыр-чатак катталып, атүгүл ок атылып, адам өмүрү кыйылган фактылар да болгон.

Нарында жергиликтүү бийлик көмүр ташуудагы баш аламандыкты иретке келтирүүнүн, уюшма кылмыш топторун тыйып, уурулукту азайтуунун жолдорун издеп жатат.

Үмүттүн баары - бекетте

Кара-Кечеде көмүр алганы келген КамАз унаалары ар кандай себептерден улам 10-20 күндөп, айрым учурда бир айга чейин кен чыккан жайда туруп калат. Жүздөгөн жүк ташуучу унаалардын тыгыны, кезек талашып жаңжалдашуу, уруш-талаш кадимки көрүнүшкө айланган. Улан аттуу айдоочу он жылдан бери көмүр ташыйт. Көзөмөл бекет айрыкча башка аймактан келгендер үчүн жакшы болот деген пикирде:

- Биз бул жактык эмеспиз да. Жергиликтүүлөр кууратып эле жатат. Келгибиз деле келбейт, бирок айла жок бала-бакыраны багыш керек. Жергиликтүүлөр кезексиз өтүп кетет, анткени баары эле бири-бирин тааныйт да. Биз: көлдүктөр, нарындыктар, чүйлүктөр акыйып эле тура беребиз. Ушул көзөмөл бекет коюлса, эки жактан келгендерге жакшы болот эле. Мисалы, былтыркы ушул маалга караганда быйыл көп ташый элекпиз. Көмүрдүн казылганы да начар болуп жатат. Көмүр алгандар болсо толтура, заказ көп, бирок жетишпей жатабыз. Биз, маселен көмүр алып кете албай бул жакта он күн жатып калдык. Айла кеткенде майда-чүйдөлөрүн чогултуп, эптеп жүктөп кетип баратабыз. Тапканыбыз 20-25 миң сом. Бир дөңгөлөгүң иштен чыкса, ага 12 миң сом төлөп берип коюп отуруп каласың. Тартип киргизсе жакшы эле болот. Эми болду, кайра келбейм деп эле баратам. Суукта ден соолуктан да ажырадык. Эч бир шарт жок. Эмне жеп, эмне койгонубузду деле билбейбиз. Азыр эми эптеп жылуураак жерге жетип, ысык тамак ичели деп үшүп-тоңуп баратабыз.

7-октябрда Кара-Кеченин оозундагы көзөмөл бекет расмий ачылды. Жумгал районунун акиминин орун басары Арстан Кадыров бекеттин иштөө тартибин түшүндүрүп берди:

​​- Мисалы, мурда 400 унаа "мен бул карьерге, тиги карьерге барам" деп эле кирип кете берчү. Көмүр чыккан жерге топтолуп калып, мушташ-атыш дегендин баары ошондон чыкчу. Азыр болсо көзөмөл бекеттин алды кенен. Ал жер унаа токтоочу жай болот. Бекетте көмүр казган ар бир ишканага таандык, аларды өңүнөн айырмалаган табличкалар болот. Анда номерлер жазылат. Мисалы, “Шарбон” ишканасына бараткандарга жашыл табличка берилет. Бирден баштап 20га чейин номурлуу табличка алгандар карьерге кое берилет. Анан ал жактан он унаа чыкса, бул жактан он унаа кезеги менен жөнөтүлөт. Мурун болсо кезекке турганга карабай айрымдар өң-тааныш менен өтүп кетип, башаламан болчу. Эми болсо бул тыйылат. Колундагы номуру бар табличка менен гана кезектешип кирет.

"Ак үй", "көк үйдү" тыйгысы келген губернатор

Көзөмөл бекет негизи эки контейнерден турат. Анда милиция кызматкерлери, салыкчылар, ошондой эле көмүр казган ишканалардын өкүлдөрү болот жана видеокөзөмөл орнотулат. Ал кийинчерээк онлайн режимде иштей баштамакчы. Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов азырынча тараза коюла электигин айта кетти.

- Биз бул бекетти чынында эрте эле ишке киргизмекпиз. Бирок тараза маселеси чечилбегенине байланыштуу узакка созулуп кетти. Бүгүн деле тараза коюла элек. Азыр көмүрдү ташуу иштери кызуу жүрүп жатат. Биз мындан улам көзөмөл бекетти ачтык. Анда милициялар, салыкчылар турат. Ошондой эле ар бир фирманын өкүлдөрү болот. Биз ар бир көмүрдүн эсебин алышыбыз керек. Буга чейин эсеби алынбай келген. “Мен прокурордон келдим, мен милициядан келдим, ак үй, көк үйдөн келдим” деген мындан ары болбошу керек. Баары бир шартта кирип-чыккандай кылып, тартип орнотушубуз керек. Салыктын баары төлөнүшү керек. Былтыр Кара-Кечеде 450 миң тонна көмүр казылган. Быйыл болсо 500-550 миң тоннага жеткирели деп жатабыз. Азыркы күндө 300 миң тоннадай казылды. Кара-Кечеде көмүрдүн запасы көп. Кеминде эки жүз жыл казгыдай запас бар.

Адылгазы Исагулов Жумгалдын акими. Райондун жетекчиси Кара-Кечеде кырдаал оор экенин тастыктап, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керектигин белгиледи:

- Тартип орнотобуз деп жылда эле аракет кылып келе жатабыз. Негизи бул жакта жагдай татаал. Азыр да кыш келе элек. Кыш келсе 400-500 унаа топтолуп калат. Ошол маалда көмүр да чыкпай калган учур болот. Азыр бекетке жергиликтүү милицияларды коюп жатабыз. ИИМден атайын штат бөлүп, бекет ачып сырттан милицияларды алып келсе, онлайн режимде видеокөзөмөл коюп, республикалык деңгээлде көңүл бурулса жакшы болот эле. Анткени кен өтө маанилүү, андан салык түшүп мамлекетке пайда келтирмек.

Кендеги "каралар иши"

Кара-Кече көмүр кени уюшма кылмыш топтордун уюгуна айланып калганы айтылып эле келген.

Таасирлүү кылмыш топтордун ортосундагы тиреш чыр-чатак, калайман мушташ менен аяктаган фактылар болгон. Жергиликтүү айдоочулардын бири Самат Ажыгулов соңку кездери тыйылып калганын айтууда:

- Көп эл болгондон кийин арасынан бейбаштар да чыгат. Эми алардын баары эле жергиликтүүлөр эмес. Алтүгүл Ысык-Көлдөн келип алып, рэкетпиз дегендер болгон. Азыр рэкеттерди көрө деле элекпиз, эми келбей деле калышты го. Мурункудай болбой калды. Мурда бар болчу, көп эле көрчүбүз. Аларды “Водолаздын”, же дагы башканын балдары экенин билчү эмеспиз. “Каралар” деп эле угуп калчубуз. Кимдин балдары экенине кызыкчу деле эмеспиз.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Молдосариев көзөмөл бекет иштей баштаса көмүр бизнеси “каралардан” арылат деп ишендирип жатат:

- Эми ушундай окуялар болгон. Учурунда мен өзүм ушул жерде иштегем. Көмүр алам деп накталай акча менен келаткандарды тоногондор болгон. Учурунда ушундай кылган эки-үчөөнү кармап жоопко тарткам. Мен алардын ыкмасын билем. Ошондой ыкмаларын колдонбосун деп, өзүм көзөмөлдөп жатам. Менимче азыр “караларга” арыздангандар деле жок. Мен ары-бери өткөн айдоочулардан да сурап жатам. Эми кээде көмүр чыкпай калып, туруп калгандар болуп жатат. Ушуга гана кичине нааразылык бар.

Кара-Кече көмүр кенине байланыштуу бир топ чуулуу окуялар орун алган.

Эки ыңкылаптан кийин кенди басып алууну каалаган ар кандай топтор чыккан. Мындан улам 2010-жылы кенди коргоо комитети түзүлгөн. Аталган коомдук уюмдун теңтөрагасы Жоробай Адисовду уксак:

- Коомдук уюмдун негизги милдети - Кара-Кечеде иштегендердин укугун коргоо. Экинчи максаты - уурдатпоо. Былтыр жеңил унаа менен көмүр ташыгандар арасында кырсык көп болгон. Өкмөткө чейин, президентке чейин барып атып жеңил унааларды тыйганбыз. Ошондо эсептесек, күнүнө 50дөй жеңил унаа эки иреттен каттаганда 100-150 тонна көмүр уурдалып кетет экен.

Кара-Кечеде азыр үч ишкана - “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалы, “Шарбон” жана “Ак-Жол” көмүр казып жатат. Дагы бир компания лицензиясы боюнча соттошууда.

Мамлекеттин чамасы чак

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын техникасы дээрлик жокко эсе. Учурда ал башка фирманы жалдап ишетүүдө. “Кыргыз көмүрдүн” жетекчиси Мирлан Жакыповдун маалымдашынча, жакында эле өкмөт ишканага 50 миллион сом техникалык кайтарымсыз насыя берди:

- Быйыл 12 эксковатр алып иштетип жатабыз. Азыркы учурда 30 миң тонна көмүрдү ачтык. Мамлекеттик мекемелердеги тендерлерди бүтүрүп жатабыз. Аларды бүтсөк көмүр базаларды толтурабыз. Анан сатыкка чыгара баштайбыз.

Кара-Кечеде жүздөгөн адам иштейт. Көмүр казуу жолдун начардыгы, шарттын анча жакшы эместигине байланыштуу машакат менен коштолот. Кенде Кыргызстандын бардык аймагынан келгендер иштейт. Алардын бири алабукалык Дайрабай Байзаков:

- Бул жерде жүк ташуучу “Хово” айдайм. Иш түйшүктүү, негизи эле жеңил эч нерсе жок да. Кыйналып иштеп жатабыз. Өзүбүздүн жерде иш тургандан кийин Орусия, же дагы башка жакка барып эмне кереги бар. Өзүбүздүн "кара алтыныбызды" казып жатабыз. Орусияга барган эмесмин, негизи баргылык кылбасын. Буга чейин Таш-Көмүр, Чаткал, Ала-Букада иштегем, алтын жууганбыз. Кара-Кечеге келгениме 20 күндөн ашты. Тамак-ашы жаман эмес. Жолу эле кичине кыйнап жатат.

Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кендердин бири болуп саналат. Кеминде 400 миллион тоннадан ашык көмүрдүн запасы бар. Ташкөмүр жер үстүнөн казылып алынгандыктан наркы арзан. Ал негизинен Кыргызстандын түндүк облустарына жана Бишкек шаарына ташылат.

XS
SM
MD
LG