Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Калиев: Кара-Кечеге кызыккандар көп


Кара-Кече кени
Кара-Кече кени

Премьер-министр Темир Сариев баштаган кыргыз делегациясы Кытайга төрт күндүк сапары менен барып келди. Энергетика тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна экономика министринин орун басары Айбек Калиев жооп берди.

“Азаттык”: Нарын ГЭСтер каскадын Орусия куруп берет деп макулдашуу кабыл алынганы менен иш пландагыдай жүрбөй жатканы айтылууда. Бул долбоорго Кытайды инвестор катары тартуу жагы каралган жокпу?

Калиев: Жок, каралган жок. Себеби бул эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишим болгондуктан тараптар макулдашкан убадаларын аткарышы керек. Иш такыр жүргөн жок дегенге мен толук кошула албайм. Себеби документ 2012-жылы кабыл алынып, техникалык-экономикалык негиздемеси 2013-жылы бүттү. Бүгүнкү күндө төрт станция боюнча долбоорлоо документтери иштелип чыгууда.

“Азаттык”: Демек, иш пландалгыдай жүрүп жатат...

Калиев: План боюнча жүрүүдө. Бул ири гидротехникалык курулуш болгондуктан аны долбоорлоо керек. Кандай сууда иштешет, цементтин көлөмү канча болууга тийиш, каналдар кандай болушу зарыл, жердин физикалык шарты кандай? Мына ушунун баары изилденүүдө. Азыр Санкт-Петербургда атайын энергетикалык институт бул багытта иштеп жатат.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү менен Кытайдын “Транс-Азия Пайплайн” компаниясынын ортосунда 16-декабрда Бээжинде инвестициялык макулдашуу кабал алынды. Ал эмне максат көздөйт?

Калиев: Бул Кыргызстан – Кытай газ кууру. Түркмөнстан газын Кытайга алып өтүү. Биздин республиканын аймагы боюнча 220 чакырым жерден өтөт – Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондору. Куур өтүүчү трасса толугу бойдон макулдашылды. Бул үчүн керектүү 18 гектар жерди трансформация кылып бердик. Кытайдын эки ири долбоорлоо институту иштеп жатат. Бизде андай изилдөө жүргүзүүчү мекеме жок. Негизи дүйнө жүзүндө бул сыяктуу институттар бир канча эле. Себеби кеп жогорку басымдагы куур тууралуу болуп жатат.

“Азаттык”: Кыргызстан мындан эмне пайда көрөт?

Калиев: Биринчи кезекте жерин пайдаланууга бергени үчүн салык алып турат. Канча көп газ өтсө, ошончо акча түшөт. Жылына 30-36 миллиард куб метр газ өтөт деп болжолдонууда.

Бул тууралуу өкмөт аралык келишимге 2013-жылы кол коюлган. Эми кыргыз өкмөтү менен ошол долбоорду ишке ашыруучу кытайлык компания менен инвестициялык макулдашуу кабыл алынды.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү келерки жылы Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр борборун курууга инвестор тартуу үчүн аукцион өткөргөнү жатат. Кытайдын мүмкүнчүлүктөрү канчалык бул жаатта?

Калиев: Аукциондун жобосу боюнча каалаган чет элдик компания катыша алат деп жазылганы жатат. Жалаң гана Кытай эмес, Түркия, Европа, АКШнын ири ишканалары. Андыктан атайын кытайлыктар үчүн даярдалып жаткандай же Кытай гана алат дегендей пикир түзүлбөшү керек...

“Азаттык”: Албетте. Анын мүмкүнчүлүгү канчалык деген гана суроо?

Калиев: Мүмкүнчүлүк чоң. Себеби булар логистикалык да, техникалык жактан да жакын болуп жатат.

“Азаттык”: Кызыгуу барбы?

Калиев: Бар. Компаниялар көп. Арасында Кытайдыкы да бар. Айта кетчү нерсе, бул багытта Кытай абдан жогору даражада иштеп жатат. Тажрыйбасы да чоң. Албетте, баары сынактын жыйынтыгына жараша болот.

Бирок бизге эки чоң энергетикалык объектти салып бергени белгилүү. Куруу иштерин мөөнөтүнөн мурда бүтүрүп беришти. Алардын бири – “Датка-Кемин” подстанциясы. Бул дүйнөдөгү эң оор долбоорлордун бири болгонуна карабастан, Кытай аны 2,5 жылда салып берди.

Ошону менен катар бүгүнкү күндө Кытай көмүрдү казуу, иштетүү жагынан биринчи орунда турат. Көмүр кендери абдан көп. Мамлекеттик компаниялар аларды ийгиликтүү иштетүүдө.

Эгер кытайлар келсе ийгиликтүү ишке ашат деген толук ишеним бар кен казуу, станция жана темир жол куруу жагынан.Себеби дүйнөнүн ири долбоорлорун учурда Кытай аткарып жатат.

“Азаттык”: Кайсы өлкөлөрдөн иштешүү ниетин билдирген арыздар түштү?

Калиев: Азырынча арыз кабыл ала элекпиз. Бирок жалпы кызыгуусун билдирген Түркия, Европа компаниялары бар. Эң көбү – кытайлык ишканалар.

XS
SM
MD
LG