Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Чыгымы дайын, кирешеси арсар бюджет


2016-жылы Кыргызстандын кирешеси 141 миллиард сом болот деп күтүлүүдө.
2016-жылы Кыргызстандын кирешеси 141 миллиард сом болот деп күтүлүүдө.

2016-жылга түзүлүп жаткан бюджет долбоорунда адаттагыдай эле социалдык секторго артыкчылык берилген, казына каражатынын тең жарымы ошол жакка сарпталмай болууда.

Ал арада депутаттар, байкоочулар бюджет каптап келген каатчылыкты эске алуу менен түзүлүшү керектигин эскертишүүдө.

Өкмөт алып чыккан бюджет долбоору алдын ала быйыл август айында каралган болчу. Ушу тапта ага көп деле өзгөртүү киргизилген жок.

Ошентип, 2016-жылы Кыргызстандын кирешеси 141 миллиард сом болот деп күтүлүүдө. Ал эми чыгым да аз эмес, кирешеден 22 миллиардга көп болот. Ошондой болсо да каржы министри Адылбек Касымалиев таңкыстык өткөн жылдагыдан бир пайызга азайганын белгилеп, мурдагыдан айырмаланган, кошумча чыгашалар кайда жумшаларын тактады:

Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

- Бюджеттин жалпы кирешеси 4,6 млрд. сомго көбөйөт. Ошондо таңкыстык 5,5 пайыздан 4,5 пайызга түштү. Ал эми чыгашалар 670 млн. сомго өстү. Тагыраагы бул төмөнкүлөргө жумшалат: эмки жыл башында эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөр, эпизоотияга каршы иш-чараларга 70 млн. сом, ипотекалык мамлекеттик компания түзүлүп, мамкызматкерлер андан насыя алыш үчүн 300 млн. сом бөлүнөт.

Адаттагыдай эле бюджеттин өтө чоң бөлүгүн салык алымдары түзүп, чыгашанын 45 пайыз социалдык тармакка, 34ү реалдуу секторго, 10 пайызы күч түзүмдөрүнө, дагы 10 пайыздайы мамлекеттик кызматка бөлүнмөй болууда.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрага орун басары Улан Примовдун айтымында, азырынча бюджет долбоору парламентке келип түшө элек.

- Комитеттин күн тартибинде азырынча бул маселе жок. Бирок, менин оюмча, кризистик кырдаалды эске алган, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша гана чыгымы бар бюджетти кабыл алышыбыз керек.

Ал эми депутат Алтынай Өмүрбекова өлкө казынасынын басымдуу бөлүгү жыл сайын кайтпас чыгымдарга сарпталып кетерин, бул жолку да андан алыс болбой калганын айтууда:

- Жылдан-жылга бюджет бир эле багытта келатат. Айлык акы, коммуналдык кызматка төлөм, капиталдык төлөм деген эле чыгымдар. Быйыл жагдайды эске алып, ар бир мекеменин бюджетин өзүнчө карашыбыз керек. Бюджетте “жана башкалар” деген бөлүк бар, муну тыкыр иликтешибиз керек. Деги эле өкмөттүн алдыга карата антикризистик саясаты кандай деген суроо бизди кызыктырып атат.

Анткен менен өкмөт башчы Темир Сариев кризиске каршы чаралары бар экенин убада кылууда:

Темир Сариев
Темир Сариев

- Биздин антикризистик программа жыл башында эле кабыл алынган. Анда 36дан ашуун иш-чаралар көрүлгөн. Ал иштеп атат. Ошонун негизинде, кошуна өлкөлөргө караганда макроэкономикалык стабилдүүлүктү кармап келатабыз. Он бир айдын жыйынтыгында 3,8% өсүш бар.

Деген менен экономисттер эмки жылы экономикада олуттуу алга жылуу болорунан күмөн санап, буга базарлардагы акыркы жагдайларды мисалга тартышат.

Мындай болгондо өкмөт ишенген салыктык жыйымдар кантип чогулат деген суроо калкып чыгат. Экономист Искендер Шаршеевдин оюнча, кыйын кезеңде тескерисинче салыкка азыраак басым жасоо максатка ылайык:

- Бул шартта элге салыктан боштондук берип, экономикага багытталган, чыгашасы аз бюджет керек. Тармактык министрликтерди жоюп койсо да болот. Өндүрүш өз күчү менен эле өнүгүп келатпайбы. Мындан тышкары, мамлекеттик көп мүлктөр бар. Ошолорду жеке менчикке сатууга да болот.

Салыкка кошумча өкмөт дал ушул мамлекеттик мүлктү сатуудан түшкөн кирешеге ишеним артууда. Тагыраагы "Мегаком" уюлдук оператору менен Кара-Кече көмүр кени эмки жылы сатылып калса миллиарддаган сомдор түшөрүнө үмүттөнөт.

Ошентип, өкмөт мүчөлөрү быйылкы бюджет долбоорун колдоого алышты. Эми аны парламент карап бекитип бериши керек.

XS
SM
MD
LG