Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

"Мегаком": Кыргызстандын Европадан чыккан акчасы 


Каржылык чалгын кызматы "Альфа-Телекомдун" топ-менеджерлери өлкөдөн чыгарып кеткен 6 миллион доллардын изин тапканын жарыялады.

Анын ичинен уурдалган акчанын бир бөлүгү же тагыраагы 2 миллион АКШ доллары Лихтенштейн княздыгындагы банк эсептеринин биринен табылып, кыргыз бийлигинин талабы менен аталган өлкөнүн сотунун чечими менен ага бөгөт коюлганы белгилүү болду.

Кыргызстандын Каржылык чалгын кызматы Европанын Лихтенштейн княздыгындагы кесиптештери менен биргеликте 2011-жылы өлкөдөн чыгарылып, андагы банктардын бирине катылган ири өлчөмдөгү акчанын изин тапканы белгилүү болду.

“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандар соттолду

“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандар соттолду

Биринчи май райондук соту уюлдук компаниянын мурдагы жетекчилери Азамат Мурзалиев, Алмаз Абеков жана Аман уулу Кенжебек 8 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратты.

Каржылык чалгын маалыматы боюнча "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа-Телеком" компаниясынан жабдууларды сатып алууга мындан алты жыл мурун 14 миллион АКШ доллары чыгарылып, бирок анын 6 миллион доллары дайынсыз жоголгон.

Жакында Лихтенштейндин банктарынын биринен анын изи чыгып, үчкө бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү же тагыраагы 2 миллион АКШ доллар сакталган эсепке бул өлкөнүн соту бөгөт койгон.

Кыргызстандын каржылык чалгын кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев акча жакында казынага кайтарыла турганын айтты:

- Биз азыр бардык иликтөө иштерин аяктап, жыйынтыктоочу этапка келдик. Азыр Лихтенштейндин тиешелүү мамлекеттик органдарына бул иш боюнча биздин Жогорку Соттун өкүмүн жөнөтүп, акчаны кайтарууга негиз бере турган чечимди жоболоштуруу гана калды. Мына ошондон кийин ал каражат толугу менен Кыргызстанга кайтарылат.

Козголгон иштин учугу

2012-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин астындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Альфа-Телекомдон" акча чыгарылып кеткен факты боюнча кылмыш ишин козгоп, компаниянын башкы директору Азамат Мурзалиевди, ага чейин компанияны жетектеген директордун кеңешчиси Алмаз Абековду жана Аман уулу Кенжебек деген жаранды камакка алган болчу. Анда атайын кызмат компаниянын топ-менеджерлери ири өлчөмдөгү акчаны өлкөдөн чыгарып кеткен коррупциялык схеманын бети ачылганын жана мунун артында таасирдүү саясатчылар турушу мүмкүн экенин жарыялаган.

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Альфа Телеком” мобилдик компаниясынын жетекчилиги алты миллион доллар уурдады деген шек менен 2011-жылы иш козголуп, үч адам камакка алынган.

Бирок бул иш боюнча 25 жылга соттолгон Алмаз Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов Лихтенштейндеги банк эсебинде сакталган 2 миллион долларга мурда эле бөгөт коюлганын жана ал акчанын таржымалы жашыруун эмес болчу деп эсептейт:

- Ага мына ошол 2012-жылы эле бөгөт коюлган болчу. Бул акча Алмаз Абековдун техникалык иштелмеси - ойлоп табуусу үчүн кытайлык компания төлөп берген 6 миллион доллар акчанын бир бөлүгү. Бул үчүн ал тиешелүү патент да алган. Абеков тергөө учурунда эле мына ошол акчаны гонорар катары Кытай тараптан алганын айтып, көрсөтмө берген. Ал эч качан бул акчанын каяктан алынганын жашырган эмес. Бул техникалык иштелмени колдонууга киргизүү үчүн берилген акча болчу. Анын "Мегакомго" эч кандай тиешеси жок.

Бирок Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов бул иш боюнча сот жараяндарында аталган акчанын таржымалы боюнча келтирилген жүйөлөрдү жана далилдерди сот эске албай койгонун белгиледи. Бирок ошол эле кезде сотто мамлекеттик айыптоочу "Мегакомдун" топ-менеджери Алмаз Абековдун кандайдыр бир баалуу ойлоп табуусу үчүн Кытай тараптан сый акы төлөнгөнү тергөөдө далилденбегенин сотко билдирген болчу.

Ошондуктан ал муну адвокаттын Алмаз Абековду кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу аракети жана соттун жүрүшүн создуктуруу далалаты катары кабыл алуу керектигин айткан. Алмаз Абековдун адвокаттары болсо тергөө иши бурмаланып, тиешелүү соттук экспертизаларды дайындоо боюнча келтирилген өтүнүчтөрдүн бардыгы четке кагылганын жүйө келтиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG