Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Өкмөт Сарпашевди иштен бошотту


Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу иштен четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев 15-июнда кызматтан алынды.

Өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аны өз арызынын негизинде иштен бошотконун кабарлады. Сарпашев ушул жылдын башында иштен убактылуу четтетилген. Ага мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык жердин сатылышы, "Учкун" басмаканасы уткан тендер боюнча айып тагылган. Сарпашев өзүнө каршы ачылган кылмыш иштер далилденбегенин айтып келет.

Тайырбек Сарпашев өз эрки менен иштен кетүү тууралуу арыз жазганын "Азаттыкка" ырастады. Козголгон кылмыш иштердин тергелиши боюнча түшүндүрмө берип жатып, тендерге байланыштуу "мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген" деген айып менен козголгон кылмыш иши токтогонун кабарлады:

- Вице-премьер-министр болуп тургандагы иштерим боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу токтоду. Колума расмий кагазды алдым. Скрябин көчөсүндөгү жер боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыгарына, анда менин күнөөм жоктугуна терең ишенем. Анда да мыйзам бузуу болбогонун далилдейм. Мамлекеттик каттоо кызматы төрт айдан бери төрагасы жок отурат, бул абдан туура эмес деп ойлойм. Ал жакта жетекчи болушу керек, күндө жасалып жаткан иштерге жоопкерчиликти бирөө алышы керек. Бүгүнкү күндө өзүмдүн кадыр-баркымды коргоо эң башкы маселе. Мен эч качан креслого жабышпайм. Өз беделимди коргогонго болгон аракетимди жасайм. Мага жоопкерчиликтүү кызматтарда көрсөтүлгөн ишенимди жогору баалайм.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан ушул жылдын февраль айында убактылуу четтетилген эле. Буга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык Бишкек шаарындагы бир гектардан ашык жердин сатылып кеткени боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон. Башкы прокуратура февраль айында премьер-министрге Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөткөн.

Мындан бир ай өтпөй Башкы прокуратура Сарпашевге "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Тактап айтканда, 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоого керектелген бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланыштуу "мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген" деп айтылган. Кыргызстанда 2012-2013-жылдары төрөлгөн 40 миңдей баланын күбөлүгү жараксыз экени, документте “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуу алдында майда тамгалар менен "нике күбөлүгү" деп ката жазылып калганы аныкталган.

Сарпашев тууралуу 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөрүлгөн. "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов анда Сарпашевдин кызматтан алынбай жатканын сынга алган:

Улутту жазбаган паспорттун утушу

Улутту жазбаган паспорттун утушу

Биометрикалык паспортто жарандын улуту менен жеке өзүнө тиешелүү маалыматтар жазылбай турган болууда. Улуту жазылбаган паспорт бара-бара элдин тегин унутууга алып барат деп коомдо ага каршы болгондор да арбын.

- Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчилери пиардан башка, "кыйратып жатабыз, 21-кылымга өтүп жатабыз" деп коррупцияга малынгандан башка эч нерсе кылган эмес. Мен өкмөттүн өкүлүнө расмий суроо жөнөтөм. Эмне үчүн өкмөт башчы коррупцияга баткан жетекчини ушул күнгө чейин жумуштан кетирбей жатат? Менде башка ойлор пайда болууда. Ойго шайлоо оюндары келди. Башка жетекчи жокпу? Мамкаттоого бир эле адам иштей алабы? Башка жетекчи койсок болбойбу? Ошон үчүн бул суроого расмий жооп берип коюңуздарчы.

Тендер боюнча кылмыш иши боюнча парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты, "Учкун" басмаканасынын мурдагы жетекчиси Рыскелди Момбеков күбө катары көрсөтмө берген. Ал Башкы прокуратура кылмыш ишти негизсиз козгогон деп билдирип келет:

- "Учкун" акционердик коомдунда даярдалган мамлекеттик маанидеги документтер боюнча протоколдук кеңешменин чечими буйрук деп сыпатталган. Ал кылмыш иши 12-июнда кыскартылганы боюнча менин дагы кабарым бар. Башкы прокуратура туура эмес кылмыш иш козгогон. Мамлекетке зыян келди дегендей айып коюшкан. Ал тендер боюнча тапшырма берген. Тапшырма менен буйруктун айырмасы болот. Тапшырманы аткарса да, аткарбаса да болот. Сунуш иретинде гана тапшырма берген болчу. Кайсы бир жакка жан тартып кызыкчылыкты кыйытты деген жок болчу.

Апрель айында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жумушчу тобу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан. Бул жумушчу топ быйыл жыл башында паспорттордун мыйзамсыз берилиши, жасалма паспорттор, коррупция жана дагы башка мыйзам бузууларды текшерүү үчүн түзүлгөн эле.

Ага ар кандай айыптардын коюлуп жатканы убактылуу өч алуу деп баалайм. Мурунку премьерлер дайындаган акимдерди жумуштан алганына байланыштуу президенттин КСДП партиясына тийише албастан "алсыз звено" катары Сарпашевге чабуул жасашты.
Сайдулла Нышанов

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов Сарпашевге козголгон кылмыш иштерди, анын дарегине айтылган дооматтарды бийликтеги саясий күчтөрдүн тиреши менен байланыштырып жатат:

- Ал кээ бир фракция, партиялардын жеке эле душманы болуп калды. Партиянын идеологиясын, мамлекеттик кызыкчылыкты коргойм деп талангандай болуп жалгыз калды. Анын командасы дагы бир топ кылды. Бул жигитти колдоп коюшу керек эле. Ал эч качан коррупциялык жактарга катышкан эмес. Тазалыгы менен айырмаланып турат. Өзү саясатка бизнестен келген жигит. Азыр эми ар кандай айыптардын коюлуп жатканы убактылуу өч алуу деп баалайм. Мурунку премьерлер дайындаган акимдерди жумуштан алганына байланыштуу президенттин КСДП партиясына тийише албастан "алсыз звено" катары Сарпашевге чабуул жасашты. Президент, анын командасы, КСДП партиясы менен "Республика - Ата-Журт" партиясынын шайлоо алдындагы тымызын күрөшү катары эсептесе болот.

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров болсо Тайырбек Сарпашев бийликтеги күчтөрдүн саясий кармашынын курмандыгы болду деген жоромолду четке какты:

- Анын иши боюнча убактылуу комиссия түзүлгөн. Ары жак, бери жагынын баары бүткөн. Парламенттик комиссиянын корутундусу чыккан. Анан өкмөттүн комиссиясы корутунду чыгарып туруп ары же бери кылышы керек болчу да. Өткөн жолку чакырылыштагы комиссия да үч мыйзамды бузган деген чечим чыгарып, Башкы прокуратура өкмөткө тапшырма берип өкмөт болсо сөгүш берип аны жумушунан ылдыйлаткан. Эми мунун баары жөн айтылбайт да, айтылса акталып чыга бербейт беле.

Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, ишкер Тайырбек Сарпашев 2012-жылдан бери мамлекеттик маанилүү кызматтарда жүргөн жана 2014-жылга чейин өкмөттө экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, андан кийин биринчи вице-премьер-министр болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп 2015-жылы дайындалган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG