Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:19

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн түз эфирде өлкө жарандарынын суроолоруна жооп берди. Салтка айланган маалымат жыйыны быйыл он бешинчи ирет өтүп, дээрлик төрт саатка созулду.

Маалымат жыйынында алгач эле орус президентине өлкөдөгү экономикалык кризис тууралуу суроо берилди.

Владимир Путин орус экономикасындагы узакка созулган рецессия аяктап, соңку үч айдан бери ички дүң өнүм өсүп жатканын билдирди.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алганы үчүн АКШ баштаган бир катар батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды киргизген. Буга удаа мунайга болгон дүйнөлүк баанын кескин төмөндөшү орус экономикасын кыйынчылыкка кептеген.

Путин санкциялар боюнча суроого жооп берип жатып, бул чектөөлөр тескерисинче Орусияга оңтойлуу болгонун белгиледи:

- Мындан улам биз мээбизди иштетип, мунай - долларды эле колдонгонду билбестен, талантыбызды ар кайсы багытта ача алдык.

Путин оңунан баалаган санкциялардын аягы ушу кезге чейин тыйыла элек. Шаршембиде АКШ Сенаты былтыркы президенттик шайлоо жараянына Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү жана Сирия президенти Башар Асадды колдогону үчүн санкцияларды киргизүүнү жактырды.

"Комиге да баш калка берүүгө даярбыз..."

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү менен Орусиянын байланышы тууралуу жаңжал боюнча суроо да берилди.

Путин Москванын Кошмо Штаттардын шайлоосуна кийгилишкени тууралуу Сенатта көрсөтмө берген ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коминин сөздөрүн четке кагып, аны Эдвард Сноуден менен салыштырды.

-.... Коми Трамп менен болгон сүйлөшүүсүн жазып алып, андан кийин өзүнүн досу аркылуу бул сүйлөшүүнү маалымат каражаттарына жайылтканын айтты. Бул абдан кызыктай көрүнүш деп ойлойм. Анда ФБР башчысы Сноуден мырзадан эмнеси менен айырмаланат? Баса, эгер Комиге бул маселеге байланыштуу куугунтук болсо, биз ага да Орусиядан саясий башпаанек берүүгө даярбыз. Ал бул тууралуу билиши зарыл, - деди Путин.​

"Украинанын ички ишине кийлигише албайбыз..."

Путинге түз эфирде суроолор интернет, видео жана телефон аркылуу берилди. Түз байланышка Украинанын жараны чыкканы айтылып, кызыктуу жагдайды жаратты. “Украиналык жаран” Путинге кайрылып "Эмнеге силер бизди таштап кеттиңер, бул жактагылардын баары эле "бандеровчулар" эмес да?" деп даттанып алды.

Путин бул суроо жакканын жашырбай, "Биз силерди колдогубуз келет, бирок Украинанын ички ишине кийлигише албайбыз" деп жооп берди.

Украина темасын улай, алып баруучу жакында эле Евробиримдик менен визасыз режим киргизилген учурда украин президенти Петро Порошенконун орус акыны Михаил Лермонтовдун "Кош, кирдеген Орусия!" деген ырынын окушуна “кандай жооп кайтарасыз” деген собол узатты.

Путин өзү бул тасманы көрбөгөнүн, бирок бул тууралуу кабардар экенин айтып, “Порошенконун орус классикасын жакшы билгенине кубанычтамын” деп билдирди.

- Петр Алексеевич өз шайлоочуларына берген убадасын аткарып, өзүлөрү айткандай "цивилизациялуу тандоосун жасап" өлкөсүн Европага карай жетелеп баратканын көрсөткүсү келди окшойт. Биз бул балдарга (Европа жана Украинага) эч каршылыгыбыз жок. Союзуна ийгилик жана сүйүү каалайм. Бирок мен айтарым, эгер кимдир бирөө чыныгы "европачыл" болгусу келип атса, алгач офшордогу бардык эсептерин жаап, анан элинин бакубат жашоосу тууралуу кеп кылсын.

11-июнга караган түнү Евробиримдик менен Украина ортосунда визасыз режимди киргизүү боюнча чечим күчүнө кирди. Бул окуяга байланыштуу Украинанын бир катар шаарларында салтанаттуу иш-чаралар өттү. Киевде өткөн аземде сүйлөп жатып Петро Порошенко шаркет менен Украина ортосунда киргизилген визасыз режимди Орусия жана Советтер союзу менен коштошуу катары белгилеген.

Түз эфир жүрүшүндө орус президентинин үй-бүлөсү тууралуу суроо да болду. Путин жакында эле неберелүү болгонун сүйүнчүлөдү:

- Ар кандай ушактарга карабастан кыздарым Орусияда жашайт, неберелерим да бул жакта. Кыздарым илимий жаатта эмгектенишет. Саясат менен иши жок. Неберелеримдин алды бала бакчага барып жатат. Мен алардын жашоосу катардагы жарандардын жашоосундай болушун каалайм, ошондуктан алар балдар менен сүйлөшүп, ойношу керек. Эгер мен алардын жаш курагын, ысымын атасам жашоосу өзгөрөт. Мен муну каалабайм. Баса, жакында эле экинчи неберлүү болдум, - деген Путин 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын же катышпасын ачык айтпай, “муну шайлоочулар чечет” деп кутулду.

Путиндин "Украинанын ички ишине кийлигишпейбиз", "Комиге баш калка беребиз" деген сөздөрү социалдык тармактарда кызуу талкууланып, ар кандай шакабалар да пайда болду.

Ал эми түз ободо көрсөтүлүп жаткан суроолордун арасында "Сиз өзүңүз ушул суроолордун жасалма эмес экенине ишенесизби?" "Тактыдан кетүү маалы болду го", "Үч мөөнөт ашыкча болуп кеткен жокпу?" деген жазуулар пайда болуп жатты.

Путиндин түз байланыш өткөрүү салты 2001-жылы башталган. 2013-жылдан тарта апрель айында уюштурулуп келген. Ал эми быйыл Путиндин иши көптүгүнө байланыштуу июнга жылдырылганы айтылган.

Адатка айлангандай эле президентке социалдык көйгөйлөр боюнча суроолор көбүрөөк берилди. Орусиялыктардын көпчүлүгү "социалдык камсыздандыруу, маяна, пенсия жана социалдык жөлөк пул, саламаттыкты сактоо маселелери качан чечилет?" деп кызыгышты.

Ал эми тышкы саясат тууралуу суроолор эмнегедир аз болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG