Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Путинден эргүү алган ырчылар


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-11-июнь).

Eurasianet басылмасы орус лидери Владимир Путинден таасир алып жаралган атактуу эстрадалык ырларга сереп салган. "Путинчил музыканын жанры ар тараптуу. Аскерий марштан тарта сүйүү балладасына чейин Кремлдин лидерин даңазалаган ырларды тапса болот", - деген басылманын аналитиги Гиоргий Ломсадзе мисал катары жети ырды талдаган. Жетинчиси Маша Распутинанын аткаруусундагы "Биз бирдиктүү болгондо" деген ыр ультра-патриоттук маанайдагы чыгарма. Илья Резник менен Кай Метов жараткан ырдан Экинчи Дүйнөлүк согушка арналган музыканын маанайын сезсе болот. Распутина сахнадан: "Азыркы бейпай дүйнөдө үмүттү жандырган президент улуттун ыраазычылыгын кабыл ал", - деп ырдап жатканда Путиндин жардыктарга кол коюп жаткан сүрөтү фон болуп артта кайталанып көргөзүлөт. Саша Чест менен Тиматинин "Мыкты досум" ыры, Юлия Винокурованын "Келгиле достор, Путинге жардам берели" чыгармасы, Алексей Смирнов менен Диджей Путин ырдаган "Путин тууралуу баллада", Олег Лихачевдун "Аттабой Владимир Путин" ыры жана Машани деген ысым менен аты чыккан Мария Осинцеванын "Менин Путиним" чыгармасы тизме башында турат. "Сен Путинсиң, чыныгы Путинсиң, сени менен болгум келет, сенин атыңды ураан кылам. Урматтуу Путиним, мени алып кетчи", - деген сыяктуу саптары бар ырды поп жылдыз Машани Украина менен Орусиянын туусунан тигилген кийимчен ырдап чыккан. Украинадагы Интернет колдонуучулар ырчыны кескин сындаса да бул ыр интернетте кенен жайылды.

Лондондогу террорчуларга жаназа окулган жок

The Telegraph гезити Лондон көпүрөсүндөгү террордук кол салууну уюштурган чабуулчуларга өлкөнүн имамдары жаназа окуудан баш тартканын кабарлады. Британиянын чар тарабындагы 200дөн ашуун диний кызматкер маркумду акыркы сапарга узатууда салттуу жаназа намазын окубайбыз деген петицияга кол коюшкан. Петиция Британ мусулмандар кеңешинин веб-сайтына жарыяланды. "Исламдын башкы принциптери болгон адамгерчиликке жат ишти кылган маркумга акыркы ызаат катары жасалган ырым-жырымдарды аткарбайбыз. Бузукулар бейкүнөө адам жанын кыйып, коомчулукту дүрбөлөңгө салышты", - деп айтылат расмий катта. 3-июнь күнү Лондондун чок ортосундагы көпүрөдө болгон террордук чабуулдан жети киши каза таап, ондогон адамдар жарадар болгон. Лидс шаарынын Меке мечитинин имамы Кары Асим: "Биз силерди өлгөндө да колдобой турганыбызды билдиргибиз келди. Силер жасаган кылмыш абдан оор. Айыбыңарды Кудай алдында өзүңөр тарткыла", - деген сөздөрдү айтты.

Хандарга караганда ханышалар көп согуш баштаган

Economist журналы тарыхка сереп салып, Европадагы эркек монархтарга караганда аял ханышалар кандуу согуштарды көп баштаганын далилдеди. Психолог Стивен Пинкер, саясат таануучу Францис Фукуяма аялдар Вьетнам, Жакынкы Чыгыш, Ооганстан, Ирактагы согуштарга каршы чыгып, адам өлтүрүү, террордук чабуул же дагы башка зордукчул аракеттерди жектеп чыгаарын, андыктан аялдар башкарган дүйнө тынчыраак болмок деген талдоосун жарыялашкан. Аны анализдеп, Европанын тарыхына көз чаптырган америкалык окумуштуулар Уиндрила Дюб менен Эс Пи Хариш 1480-1913-жылдар арасында өкүм сүргөн 193 падышанын ичинен кайсынысы көбүрөөк согуш ачканын изилдеп чыгышты. Ага ылайык, Европанын башында турган аялдардын дээрлик 27 пайызы коңшуларына каршы согуш ачканы билинди. 1553-жылы Англиянын башына Мэри Тюдор келгенде протестант реформатор Жон Нокс ханышанын доорун "Кан ичкич аялдын режими" деп атаган. Айрыкча күйөөсү бар ханышалар уруш-согушка жакын болгонун макаланын авторлору Елизавета биринчинин мисалында далилдегилери келген. Ханышалар ошондой эле өлкөсүнүн аймагын кеңейтүүдө да эркектерди артта калтырышкан. Орусиянын ханышасы Улуу Екатерина тактыда турганда өлкөсүнүн аймагын 518 миң чарчы километрге кеңейтип, Крым жарым аралын Москвага каратып алган. Жакынкы эле тарыхты алсак, Индира Гандинин учурундагы Пакистан менен куралдуу жаңжал, Маргарет Тетчердин Фалкленд салгылашы да мунун далили экенин баяндайт Economist журналы.

Индия мантыны тыюуда

The Washington Post гезити индус бийлиги Азиянын улуттук тамагы болгон мантыны баңгизат менен бир катарга коюп, тыюу салууну пландап жатканын кабарлады. Жаштар азыр мантыны ченемсиз жеп жаткандыктан, рак оорусу келип чыгат деген түшүнүктү Индиянын түндүк аймактарында мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгышты. Азиянын эт толтурулган камырына карата беш айлык "согуш" жарыяланды. "Биздин өспүрүмдөр мантыны маңзаттай эле жеп калышты. Ага көз каранды да болушууда. Манты алардын саламаттыгын бузуп жатат", - деди жергиликтүү бийлик өкүлү мантыга каршы демонстрация учурунда. Ошондой эле жер-жерлерге мантынын чоң сүрөтү тартылып, кызыл менен чийилген: "Мантыга жок деп айт!", - деген ураандар илинди. 2016-жылы Индиянын Жамму жана Кашмир аймактары да мантыны чектөө аракетин көрүшкөн. Көптөр мындай акцияларды ашынган улутчулдук деп аташып, бизнесин өнүктүрүүнү көздөгөн чет элдик ишкерлерге зыян алып келерин белгилешүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG