Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Порошенко: Украина "Орусия империясынан" кол үздү


Порошенко менен Киска символикалуу «Евробиримдиктин эшигин» ачуу аземинде.
Порошенко менен Киска символикалуу «Евробиримдиктин эшигин» ачуу аземинде.

Жекшембиден тарта украиналыктар Евробиримдикке визасыз каттай башташты. Бул саамалыкты украин президенти Орусия империясынан биротоло кол үзүү деп баалады.

Визасыз режим башталган алгачкы күнү Европага келген украиналыктардын айрымдары Брюсселдин аэропортунан таң калуусун жашырышкан жок:

- Мен абдан таң калып турам. Акыр аягы Украина Европа менен жакындашып, евроинтеграция жолуна түшкөнүнө аябай кубанып атам, - дейт Валентина Собко аттуу кыз. Ал эми Сергей Примяк аттуу жүргүнчү чек арадан оңой өткөнүнө кубанат:

- Чынында оңой эле, күтүлгөндөн кыйла жеңил болду. Виза талаптары жокко чыгарылганына кубанычтабыз, бул үчүн ыраазычылык билдирем.

Инна Теряхина аттуу аял мындай сезимде:

- Кандайдыр бир чектөөсүз, паспортту алып эле саякатка чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу аябай сонун сезим. Бул биз туура багытта экенибизди жана башка европалыктар менен бирдей экенибизди билдирет.

Режим 11-июнда күчүнө кирген. Ага ылайык, биометрикалык паспорту бар украиналыктар Ирландия менен Британиядан тышкаркы Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнө 90 күнгө визасыз каттай алышат. Бул биримдикке кирбеген, бирок Шенген аймагындагы Норвегия, Исландия, Швейцария жана Лихтенштейнге да тиешелүү.

Бирок, эрежеге ылайык, украиналыктар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жумушка орношо алышпайт.

визасыз режимдин урматына
визасыз режимдин урматына

Украина Тышкы иштер министрлиги 11-июнда түшкө жуук миңдей адам Евробиримдикти көздөй өткөнүн кабарлады. Өлкөнүн чек ара кызматы жүргүнчү агымы 30% өсөт деп күтүүдө.

Ал эми украин президенти Петр Порошенко коңшусу Словакиянын президенти Андрей Киска менен символикалуу «Евробиримдиктин эшигин» ачты.

Ал жерде Порошенко «11-июнь Орусия империясынан биротоло кол үзүп, Европа элдеринин үй-бүлөсүнө кошулган күн катары тарыхка кирет деп ишенем» деди.

Орус акыны Михаил Лермонтовдун поэзиясынан бир шиңгил айтканга да үлгүргөнүн президенттин расмий сайты жазды.

«Кош, жуунбаган Орусия, кулдардын өлкөсү, төрөлөрдүн өлкөсү. Кош, көгүлтүр мундирлер да, аларга берилген эл дагы» деген үзүндүнү мисал келтирген Порошенко.

Евробиримдик расмийлери да Украинаны куттукташты.

Федерика Могерини
Федерика Могерини

- Бүгүн биз Украина эли менен Евробиримдиктин элдеринин ортосундагы тосмону алып салдык. Биздин өлкөлөр ортосунда мындан ары кыска мөөнөттүү каттамдар үчүн виза болбойт. Биз муну жасадык, бирге ишке ашырдык. Украина жарандары талап кылган реформаны жүзөгө ашырды. Биз, Евробиримдиктегилер да убадабызды аткардык, – деди Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини видео кайрылуусунда.

Ал мындай байланыш жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы, коопсуздукту жана достукту бекемдээрин кошумчалады.

Ал эми Биримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан:

- Бул Украинаны, анын элин Европага жакындатат. Эл менен элдин байланышына, европалык жана украиналык ишканалардын, окумуштуулардын жана университеттердин тажрыйба алмашуусуна мыкты шарт түзөт. Украинанын реформаларга ыктап турганы дайыма элине сезилерлик пайда алып келет. Бул реформалардын багытында кала берүүгө шыктандырышы керек, - дейт.

Йоханнес Ханн
Йоханнес Ханн

Порошенкодон мурдагы президент Виктор Янукович 2014-жылы Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол коюудан баш тартканда кулатылган. Ошол кандуу окуялар учурунда Орусия Крымды аннексиялап алган.

Орусиячыл жикчилдер Украина чыгышындагы Донбасс чөлкөмүндө өкмөткө каршы баш көтөрүп, өз алдынча мамлекет түзүп алганын жарыялаган. Тараптардын кагылышы азыркыга чейин уланууда. Бул үч жылдан ашуун убакытта Донбасстагы кагылышууда 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Учурдагы Украинанын көп аймагы 17-кылымдан тарта Орусия империясынын бир бөлүгү болгон. Андан кийин Советтер Союзунун курамында, иш жүзүндө да Москванын таасиринде жашады. Башка постсоветтик өлкөлөр сыяктуу эле 1991-жылы эгемендик алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG