Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата көзөмөл өндүрүштү кыскартты


Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча көзөмөл өндүрүштү кыскартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Айнура Токтошева "Азаттык" радиосуна билдирип, чечим арыздануучу тараптын пайдасына чыгарылганын айтты:

- Жогорку Соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы бүгүн Текебаев менен Чотоновго карата жазык ишти көзөмөл өндүрүштөн кыскартты.

Сот отуруму жабык өттү. "Ата Мекендин" юристи Таалайгүл Токтакунова чыгарылган чечим боюнча азырынча анык пикир айтууга эрте экенин белгиледи:

- Иш кыскарды. Кандай негизде кыскартылганы тууралуу соттук коллегия мыйзам боюнча ачык айтышы керек болчу, бирок "колуңарга кагаз тийгенде билесиңер" деп айтышты. Биз соттук актты колубузга алгандан кийин кандай негизде кыскарганын айтабыз.

Маалыматка ылайык, иш кайрадан Биринчи Май райондук сотунда каралмай болду.

Айыпталуучулардын адвокаттары Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соттордун эки саясатчыны камакта калтыруу тууралуу чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен көзөмөл иретинде Жогорку Сотко арызды 15-июнда берген.

Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG