Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

ЖМК: АКШда атайын прокурор Трампты сурайт


АКШ президенти Дональд Трамп жана ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми.
АКШ президенти Дональд Трамп жана ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми.

АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер президент Дональд Трамп Орусия боюнча иликтөөгө бут тосууга аракеттенгенби деген суроону териштирип жатканын медиа каражаттары жазып чыгышты.

Мюллер Чалгын кызматынын бир катар жогорку даражалуу кызматкерлери менен жолугуп, Трамп чындап эле ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Комини Майкл Флиннге байланыштуу иликтөөнү токтотууга мажбурлаган эмеспи деген суроону териштирет.

Президент Трамп бул "жасалма иш, эч кандай далилдерди таба алышкан жок" деп Твиттерге жазды. Ага чейин президентин юридикалык кеңешчилеринин өкүлү Марк Коралло «ФБРдеги президентке байланыштуу маалыматтардын тышка чыгып жатканы кыжырды келтирет жана мыйзамсыз» деген.

"Нью-Йорк Таймс", "Вашингтон Пост" жана "Уолл Стрит Жорнал" гезиттери өз булактарына таянып атайын прокурор президенттен тышкары Улуттук коопсуздук агенттигинин директору Майк Рожерс, анын орун басарлары Ричард Лежетт жана Улуттук чалгын мекемесинин директору Дэн Коутс менен маектешерин жазышты.

Рожерс менен Коутс буга чейин Сенатка келгенде кандайдыр бир мыйзамга туура келбеген ишти аткарууга Ак үй тараптан эч кандай басым болбогонун бышыкташкан.

8-июнда Сенаттын Чалгын комитетинде бир ай мурун кызматтан күтүүсүз четтетилген ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми көрсөтмө бергенде “Орусияга байланыштуу иштин жүрүшүн өзгөртүү же буруу үчүн мени кызматтан кетиришти” деп айткан.

ФБРдин мурдагы башчысы февраль айында президент Трамп аны менен көзмө-көз калганда мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин ишин токтотууну өтүнгөнүн, Коми болсо муну кызмат ордуңда каласың деп “соодалашып” жаткандай кабыл алганын, ага чейин президент андан «лоялдуу» болууну эки ирет суранганын айткан.

ФБРдин иликтөөсүн жетектеген Коми Орусия менен Трамптын шайлоо штабындагы таасирдүү адамдардын ишин атайын прокурор Мюллер аягына чыгарат деп терең ишенерин сенаторлордун алдында туруп билдирген.

Юстиция департаментинин мурда ФБРди 12 жыл жетектеген Роберт Мюллерди атайын прокурор кылып дайындоо чечимин Конгресстеги демократтар да, республикачылар да кубаттаган. 72 жаштагы республикачы Мюллер ФБРди жетектеп турганда эки партиянын тең колдоосуна ээ болуп жүргөн.

АКШдагы калыптанган салт боюнча атайын прокурор көз карандысыз, иликтөөнү өзү тандаган команданын жардамы менен жүргүзүүгө укуктуу.

Мындан сырткары атайын прокурор иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлүгү аныкталган адамды соттук тартипте жоопко да тарта алат.

Апта башында Мюллер өз командасына Америкадагы өтө салмактуу юристтерди, маселен 1970-жылдардагы Уотергейт чырын иликтөөгө катышкан Жеймс Куорлосту тартканы белгилүү болгон. Адистер муну Мюллердин иликтөөгө канчалык жоопкерчилик менен мамиле жасап жатканын көрсөтөт деп баалашкан.

14-июнда Сенаттын Чалгын кызматына АКШнын баш прокурору, ФБРдин жетекчиси түз баш ийген Жефф Сешнс дагы келип көрсөтмө берген. Ал өткөн жылдагы президенттик чейин Орусиянын расмийлери менен жолукканда АКШдагы президенттик шайлоо тууралуу сүйлөшпөгөнүн айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG