Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Трамп ФБРдин башчысын кызматтан алды


Жеймс Коми
Жеймс Коми

АКШ президенти Дональд Трамп Федералдык иликтөө бюросунун директору Жеймс Комини кызматтан күтүүсүз алды. АКШда бул мекеме Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланышын иликтеп жаткан.

Президент Дональд Трамп Федералдык иликтөө бюросу – ФБРдин жетекчиси Жеймс Комини Кошмо Штаттардын башкы прокурору Жефф Сешнстын жана анын орун басары Род Розенштайндын сунушунан кийин кызматтан четтеткенин Ак үй билдирди.

Вашингтондо мындай күтүлбөгөн чечим Коми өткөн аптада Конгрессте Хиллари Клинтондун каттары тууралуу так эмес маалымат бергени белгилүү болгондон кийин кабыл алынганы айтылды.

Трамптын ФБРдин жетекчисине жолдогон катында Коми “менин [Орусияга байланышкан] иликтөөгө тартылбаганым тууралуу үч жолу кабарлаган. Мен муну өтө жогору баалайм, бирок ага карабастан Юстиция департаментинин ал бюрону эффективдүү жетектей албайт деген пикирине макулмун” – деп айтылат.

«ФБР – биздин өлкөдөгү бирден бир сыйлуу, маанилүү мекеме жана ушул маалдан тарта биз укук коргоо системабыз менен сыймыктанчу кез башталат» - деп белгилейт АКШ президенти.

Коми Лос-Анжелесте иликтөө бюросуна жаңы кызматкерлерди тартуу боюнча кесиптештеринин алдында сүйлөп жаткан. Ошол маалда анын жардамчыларынын бири ал кызматтан алынганы тууралуу тил кат жеткирген. Коми болсо катты окуур замат кесиптештерине жарыялаган.

Талаштуу иликтөө

Жеймс Коми ФБРдин Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланышы болгон-болбогонун иликтөөнү дагы жетектеген.

Демократтар Коми шайлоого чукул калганда Клинтондун электрондук каттарын иликтөөдө жаңы жагдайларды айтып чыкканы үчүн кыжырланышканы менен демпартия президент Трамптын аны кызматтан кетиргенин «ачуу келтирген» жана «никсондук» ыкма деп мүнөздөштү.

Сенатор Патрих Лихи Коминин кызматтан четтетилиши шайлоодо Трамптын жеңишине Орусиянын салымын иликтөө уланып жатканын далилдейт, бул болсо экс-президент Ричард Никсондун Уотергейт чыры күчөгөн маалда башкы прокурорду кызматтан алганын эске салат. «Муну никсондук ыкмадан башкача» мүнөздөй албайсын дейт.

Чарльз Шумер
Чарльз Шумер

Сенаттагы демократтардын лидери Чарльз Шумер президент Коминин кызматтан алып «чоң ката» кетиргенин Трамптын өзүнө айтканын билдирип, "Конгресс биздин шайлоого Орусия кийлигишип, Трамптын жеңишине салым коштубу дегенди иликтөөдө. Сенат муну иликтеп жатканын билебиз. ФБР Трамптын шайлоо штабы орустар менен тил табышып алганбы же жокпу – өтө олуттуу айыпты иликтеп жаткан. Бул иликтөөлөр президенттин үйүнө өтө чукулдап калды беле?" – деп суроо узатат.

Дагы бир сенатор-демократ Ричард Дурбин Трамп Комини кызматтан четтетүү аркылуу Орусияга байланышкан иликтөөнү токтотууга кандай гана аракет кылбасын «олуттуу конституциялык суроолорду жаратат» деп айтты. Демократ саясатчы Трамптын администрациясы ФБРге жаңы жетекчи келгенден кийин иликтөөнү улантабы же жокпу Ак үй токтоосуз билдирсин деп чыкты.

Демократтар ошондой эле эми Конгрессте Москва америкалык шайлоого киришкенин бышыктаганын териштирүүгө көз карандысыз атайын прокурор дайындоо демилгесин көтөрүштү.

Жон Маккейн
Жон Маккейн

Сенаттагы Коргонуу комитетинин төрагасы, республикачы Жон Маккейн Орусиянын таасирин иликтөө үчүн «атайын комитеттин» зарылдыгын туура көрөт.

Конгресстеги көпчүлүк республикачылар Трамптын чечимин кубаттап, жакын арада ФБРге жаңы башчы дайындоону айтышты. Азырынча Ак үй талапкерди атай элек.

56 жаштагы Жеймс Коми АКШнын тарыхында кызматтан четтетилген ФБРдин экинчи жетекчиси. Бул мекемеге башчы болуп келген киши 10 жыл кызмат өтөйт. Буга чейин демократтар менен республикачылардын бирдей сыйына татыган Комини төрт жыл мурун экс-президент Барак Обама дайындаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG