Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Клинтонго кылмыш иши ачылбай турган болду


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

АКШда президенттикке талапкерлердин бири Хиллари Клинтонго расмий айып тагылбай турган болду. Бул тууралуу өз иликтөөлөрүнөн кийин Федералдык тергөө бюросу - ФБР жарыялады. Клинтон Мамлекеттик катчы кезинде өзүнүн жеке электрондук даректерин пайдалануу менен жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгып кетүүсүнө шарт түзгөн жокпу деген күмөн саноо жаралган эле. Клинтонду бул маселеде президенттик шайлоодогу болочок атаандашы Дональд Трамп кескин сындап келе жатат.

ФБРдин 5-июлдагы жарыясы алдында, өткөн жумада Хиллари Клинтон өзү да бул мекеменин Вашингтондогу баш кеңсесинде үч жарым сааттай сурак берип чыккан.

Ал ага чейин Мамлекеттик катчы кезиндеги электрондук кат алышууларында жеке серверди колдонгонун туура иш катары сыпаттап, бул жооптуу кызматты андан мурда ээлегендерден эч айырмаланбаганын, кандайдыр бир жашыруун маалыматтарды жеке дареги аркылуу жөнөтпөгөнүн айтып келген.

Клинтон кызматтык кат алмашууларында жеке электрондук даректи колдонгону коомчулук үчүн былтыр ачыкка чыккан.

ФБРдин башчысы Жеймс Коми акыркы бир жылдан берки иликтөөнүн жыйынтыгын 5-июль күнү Вашингтондогу басма сөз жыйында жарыялап жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Мамлекеттик департаментке 2014-жылы кайтарылып берилген (Хиллари Клинтон тарабынан) 30 миң электрондук каттын ичинен 52 тутумдагы 110 электрондук каттагы маалыматтар алар жиберилген же алынган учурда жашыруун болгон деп аныкталды. Бул электрондук кат тутумдарынын сегизинде маалыматтар алар жөнөтүлгөн учурда өтө жашыруун деп саналган. Кат тутумдарынын 36сы жашыруун, сегизи жашыруундун эң ылдыйкы баскычы – конфиденциалдуу маалыматтар камтылган кат болгон. Биз жумуш менен байланышкан электрондук каттардын айрымдары из жашыруу аракетинде атайылап өчүрүлгөнүнүн кандайдыр бир далилдерин тапкан жокпуз. Мамлекеттик катчы жана анын кесиптештери жашыруун маалымат менен иштөөнү тескеген мыйзамдарды бузганынын так далилин таппаганыбыз менен бизде алар сезимтал жана өтө жашыруун маалымат менен абдан эле шалаакы иштегенинин далилдери бар.

ФБРдин башчысы Жеймс Коми Клинтонго бул иш боюнча айып коюу “ылайыксыз” экендигин жана муну прокурорлорго сунуш кылбай турганын да кошумчалады.

“Ассошиэйтед Пресс” агенттиги жазгандай, ФБРдин жарыясы Клинтонго каршы кызматта жеке электрондук даректи колдонгонунан улам кылмыш иши ачылуу ыктымалдуулугун жокко чыгарат.

АКШнын башкы прокурору Лоретта Линч өткөн аптада ал бул иш боюнча ФБРдин сунуштарын кабыл алууну көздөп турганын айткан эле.

Хиллари Клинтон президенттикке ат салышып жаткандыктан анын электрондук каттары боюнча иликтөө шайлоонун бир темасына айланып калды.

Клинтондун штабы ФБРдин жарыясынан кийин маселе чечилгенине “кубанып тургандыгын” жашырбаса, Республикалык партиянын талапкери болот деп күтүлгөн Дональд Трамп ФБР чечимин “система бурмаланганынын далили, абдан адилетсиздик” деп атап, атаандашын дагы бир сыйра айыптап өттү:

- Клинтон жашыруун маалыматты, өтө жашыруун маалыматты эбегейсиз санда жөнөткөн (жеке электрондук дареги аркылуу). Аларды ФБР абдан шалаакы болгон деп жатышпайбы, мен ачык эле компетентсиз болгон деп айта алам. Ал абдан эле начар президент болот. Өтө өкүнүчтүү. Америкалыктардын өмүрү Клинтон өзүнүн коррупциялык каржылык иштерин жүргүзүп алуу үчүн тобокелге салынга, - деди Трамп шейшемби күнү Түндүк Каролинадагы жактоочулары астында сүйлөп жатып.

Бул аралыкта, ФБРдин иликтөөсү жарыяланышына тушташ Хиллари Клинтонду дал ошол Түндүк Каролинадагы шайлоо өнөктүгүндө алгачкы ирет, партиялашы, президент Барак Обама коштоп чыкты.

Обама жана Клинтон, Шарлотт шаары, 5-июль, 2016-жыл.
Обама жана Клинтон, Шарлотт шаары, 5-июль, 2016-жыл.

​Буга чейин Клинтондун талапкерлигин элге видео кайрылуу аркылуу колдогон Обама шейшеби күнү Түндүк Каролинанын Шарлотт шаарындагы өнөктүктө сүйлөп жатып, буларды белгиледи:

- Мен бул жерге Хиллари Клинтонго ишенгеним үчүн келдим. Мен силер ал АКШнын кийинки президенти болуп шайлануусуна жардам беришиңерди каалайт элем. Хиллари Клинтон чоң сыноодон өткөн. Ал өмүр менен өлүмгө байланышкан чечимдерди кабыл алууга, андай чечимдер кабыл алынган жыйындарга катышкан. Ал жакшы да, жаман да иштеген нерселердин кесепеттерин көргөн. Бул кызматка Клинтондон ылайыктуу башка адам жок.

АКШда президенттик шайлоо өнөктүгү жаңы баскычка кирүү алдында турат.

Демократиялык да, Республикалык партия ички партиялык жарышта же праймериздерде жеңген талапкерлерин ушул айдагы курултайда бекитип, жарышка расмий аттандырат деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG