Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Орландо окуясынын саясий жаңырыгы


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Флорида штатындагы кыргындын АКШдагы президенттик шайлоого да таасири тийчүдөй. Талапкер Дональд Трамп эгер президенттикке шайланып калса, Ооганстан, Пакистан жана Сириядан АКШга адамдардын келишине тыюу саларын билдирди.

Канабайрамдан кийин Дональд Трамп Демократиялык партиядан талапкер катары чыкчу Хиллари Клинтонду президенттик таймаштан, ал эми демократ президент Барак Обаманы кызматтан кетүүгө чакырды. Трамп ошондой эле президенттикке шайланып калса Ооганстан, Пакистан жана Сириядан АКШга адамдардын келишине тыюу саларын билдирди.

Республика партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлөрү дээрлик чечилген Дональд Трамп улуттук коопсуздукка байланыштуу 13-июндагы сөзүндө Кошмо Штаттар менен Европага террордук коркунуч келтирген мусулман өлкөлөрүнөн тургундардын АКШга келишине убактылуу тыюу салууга куштар экенин билдирди.

Дональд Трамптын мындай билдирүүсү 12-июнда Орландо шаарында гей-клубдагы кыргындан кийин жарыяланды. Клубдагы канабайрамды АКШда төрөлгөн, бирок теги оогандык Омар Матин салган. Кыргын баштардан мурун Матин полицияга телефон чалып, "Ислам мамлекети" тобунун катарында экенин маалымдаган. Акыркы маалыматтар боюнча, Омар Матин 2013-жылы Бостон шаарында марафонду жардырган Жохар жана Тамерлан Царнаевдерди кубаттарын билдирген.

Омар Матин
Омар Матин

Дональд Трамп тыюу Ооганстан, Пакистан жана Сирия тургундарына гана тиешелүү болорун билдирген. Президентке талапкер Кошмо Штаттар бул өлкөлөрдүн жарандарына чек араны тез арада жабуусу керек дейт ал:

- Биз миңдеген адамдардын өлкөгө агылып кирип жатышынын улануусуна жол бере албайбыз. Алардын көбүндө мына бул жапайы киши өлтүргүчтөй ою бар. Радикалдуу исламдын көптөгөн принциптери батыш баалуулуктары жана институттарына туура келбейт.

Трамптын пикиринде, мындай тыюу АКШга келген адамдардын ой-максаттарын айкын билүү мүмкүн болгонго чейин туруш керек. Ал Омар Матиндин ата-энеси оогандык болгонун, ошондой эле Сан-Бернардино кыргын салган адам да “Ислам мамлекети” террордук тобуна жан тартканын эске салды. Анын теги пакистандык болгон. Трамптын айтымында, акыркы жылда Ооганстандан АКШга келген мигранттардын саны беш эсеге өскөн. “Эгерде биз ачык коом жана эркиндигибизди сактайбыз десек, анда чек арабызга көз салышыбыз керек”, - дейт Трамп.

Кошмо Штаттарда жай тургундарды курал менен аткылоо көп кайталанган кайгылуу көрүнүш. Аны мусулмандар эле эмес, башка диндеги адамдар да жасап келгени белгилүү. Маселен, 2012-жылы Жеймс Холмс атуу жаран кинотеатрда көрүүчүлөрдү аткылап, андан 12 киши набыт болуп, 70 жараат алган. Холмс өзү өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул көптөгөн мисалдардын бири.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Кошмо Штаттардагы куралга оңой ээ болуу маселесин көтөрдү:

- Мени тынчсыздандырганы, биз мурун болуп келгендей эле терроризм боюнча кайрадан талаш-тартышка түшүп, бирок куралга оңой ээ болуу мүмкүнчүлүгүн четке кагып жатабыз. Ошондой эле "Ислам мамлекети" тобу экстремисттик көз караштарды кантип жаратып жатканы көңүл сыртында калууда. Биз экстремизмге каршы турушубуз керек. Биз ошондой эле бул өлкө жарандарына зыян келтирүүнү көздөгөндөр куралга оңой-олтоң жетпегендей кылышыбыз керек.

Демократиялык партиядан талапкерликке аракет кылып келаткан Хиллари Клинтон Дональд Трамптын сөзүн сынга алып, жалпы бир динди каралоо экстремисттик уюмдардын пайдасына ойнойт деп эсептейт. Хиллари айым терроризм коркунучу жайылып баратканын белгилеп, ага каршы туруунун жолун айтты:

- Орландо террорчусу өлдү. Бирок анын мээсин айланткан вирус тирүү. Биз ага ачык көз, бекем кол, тайманбаган кайрат, биздин өлкөбүз жана баалуулуктарыбызга сыймыктануу менен чабуул коюшубуз керек.

Хиллари Клинтон жалгыз бөрүдөй болгон террорчулар ийкемдүү жана универсалдуу болуп баратканын, коркунучтун алдын алуу президенттик кызматында негизги артыкчылык берген багыты болорун кошумчалайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG