Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

АКШ: Орландо окуясын исламга байлоого болбойт


Орландо.
Орландо.

Орландодогу 49 адамдын өмүрүн кыйган чабуул АКШ коомчулугун дүрбөлөңгө салып, дүйнө элин чочутту.

“Ислам мамлекети” террордук тобу кан төгүүнү уюштурган кылмышкер алардын жоокери экенин айтууда. АКШ муну террордук акт деп, кылмышкерди кайсы бир диндин өкүлү катары карабоо керектигин билдирүүдө.

Жекшембиге оогон түнкү 49 адамдын өмүрүн алып, 50дөн ашуунун жарадар кылган чабуул террордук акт катары бааланууда.

“Ислам мамлекети” террордук тобу кыргын салган 29 жаштагы Омар Матинди "халифат жоокери" деп атады. Матин полицияга чалып, өзү да аталган топко тиешеси бардыгын айтканын ФБР билдирүүдө. Мунун чын-бышыгы расмий тактала элек.

Кылмышкердин мурдагы аялы Ситора Юсуфий журналисттерге Матин психикалык жактан ооруганын, аны сабап жүргөнүн айтты. Ал эми Омар Матиндин атасы Седдик Матин:

- Уулум Омар Матин жакшы бала, билимдүү адам болчу. Бала-чакалуу, кадырлуу эле. Мен анын ата-энеге жасаган мамилесин айтып жатам. Ага эмне түрткү болгонун билбейм. Бир компанияда иштечү. Тапанчаны ага ошол компания берген. Кайдан, кантип анда жек көрүү пайда болгонун билбейм. Мен буга абдан капамын.

Америкалык маалымат каражаттары Матин 2007-жылдан бери G4S аттуу жеке күзөт компаниясында иштерин, бирок ал жумушчу куралынан аткан-атпаганы текшерилип жатканын жазышууда.

АКШ жетекчилиги окуяны террордук акт деп атап, ал кайсы бир улуттун, дин өкүлдөрүнүн иши эмес экенин белгилешүүдө.

Президент Барак Обама кылмышкер сырттагы экстремисттердин таасиринде болушу мүмкүн деген болжол бар экенин, бирок ага азырынча айныгыс далил жоктугун билдирди. Ошентсе да баштапкы баскычтагы иликтөө кылмышкер экстремисттик топтун идеяларын интернеттен алышы мүмкүндүгүн четке какпасын ырастады.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри кылмыш үчүн айыпты улутка, динге байлоо дегеле болбосун айтты:

- Андагы окуя боюнча биздин, бул жерде иштегендердин көңүлүнүн түпкүрүндөгү сезимди сөз менен айтуу кыйын. Бул жек көрүүчүлүк менен жасалган, коомчулукту коркутууну көздөгөн тиришумдук кылмыш. Эң жаманы - кайсы бир адамдар тобун, же тигил, же бул динди тутуучуларды айыптоо. Мындай жүрүм-турум биздин өлкөнүн баалуулуктарына ылайык эмес. Биз ушундай жек көрүүчүлүктү жана террорду биротоло жок кылыш үчүн биригишибиз керек.

Бул арада дүйнө лидерлери АКШдагы терактты айыпташууда. Ооганстан өкмөтүнүн аткаруучу төрагасы Абдулла Абдулла ​кан төгүү боюнча мындай оюн билдирди:

- Терроризм жана террористтер адамзаттын душманы катары эч бир ишенимдин, диндин, улуттун жана расанын өкүлдөрү эмес. Террорист кай жерде болбосун террорист. Бул чабуул оогандыктар күн сайын Ооганстанда террористтик аракеттерден жабыркап жатканын дагы бир ирет көрсөттү. Бул биз үчүн кымбатка турууда. Биз АКШ жана эл аралык коомчулукка терроризм менен күрөшүүдөгү жөлөгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Ошондой эле дүйнө лидерлери, анын ичинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да АКШ элине көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG