Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Орландодогу атышуу теракт деп сыпатталууда


АКШ, Орландодогу атышуу
АКШ, Орландодогу атышуу

Эгер кумсалардын клубундагы атышуу теракт болсо, ал 2001-жылдын 11-сентябрынан берки эң чоң теракт болуп калды.

АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарындагы кумсалардын клубунда болгон атышууда 50 киши мерт болду. Расмийлер окуяны теракт деп баалашууда. Ушундай эле ойду АКШ президенти Барак Обама да билдирди.

Флорида штатынын Омар Матин аттуу тургуну 12-июнь, жекшембиге караган түнү кумсалардын Pulse түнкү клубуна кирип барып, 50 кишини атып өлтүрдү. Полиция кызматкерлери таңкы саат 5терде Омардын өзүн атып, тынчытышкан. АКШ конгрессинин мүчөлөрү аны "Ислам мамлекети" террорчул тобунун мүчөсү болгондугун айтып чыгышты. Ошентсе да анык далил азырынча жок экендигин кошумчалашты.

Pulse кумсалардын түнкү клубу
Pulse кумсалардын түнкү клубу

Акыркы маалымат боюнча 50 адам набыт болуп, дагы 53ү ар кандай жаракат алып, ооруканаларга жеткирилген. Алардын баары клубдун коноктору болчу.

Орландонун мэри Бадди Диер белгилегендей, бул кандуу окуя 2007-жылкы Виржиния Техникалык университетиндеги 32 адамдын жанын алган атышуудан да чоң кыргын болду.

Орландодогу атышуу, 12-июнь 2016
Орландодогу атышуу, 12-июнь 2016

- Бүгүн биз эч ким күтпөгөн жана эч кимдин оюна да келбеген нерсеге күбө болуп олтурабыз, - деди Бадди Диер.

Полициянын айтымында, Омардын жанында пистолет, мылтык жана жардыруучу зат болгон. Түнкү саат экилер чамасында ал клубдун ичине кирип барып тушкелди аткылап баштаган. Андан соң ал сыртка чыгып, жардамга келип калган тогуз полиция кызматкери менен атышып, кайра клубдун ичине кире качып, 30 адамды барымтага алган. Алардын баары аман калып, кылмышкер атайын операция учурунда жок кылынган.

АКШ президенти Барак Обама Орландодо болгон ок атышуу тууралу сөз сүйлөп жатат. Вашингтон, 12-июнь 2016.
АКШ президенти Барак Обама Орландодо болгон ок атышуу тууралу сөз сүйлөп жатат. Вашингтон, 12-июнь 2016.

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү байкагандай, бул операцияга жергиликтүү полиция кызматкерлери гана эмес, ФБР да кошулган. Орландонун мэри шаар ичинде "өзгөчө кырдаал" жарыялап, аны штаттын деңгээлинде да жарыяланышын штаттын губернаторунан өтүнгөн. Мындай демилгелер бир гана теракт коркунучу учурунда кабыл алынарын маалымат каражаттары айтып чыгышууда. Трагедия болгон жерге келген Флориданын губернатору окуяны террордук акт деп баалалы.

Ал эми АКШ президенти Барак Обамага окуя тууралуу терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңешчиси кабарлаган. Президент Орландодогу окуяны "тиришумдук кыргын" деп атап, аны террордук акт деп баалады. Ошондой эле америкалыктарды коркунучка алдырбоого чакырды.

Америкалык конгрессмен Билл Нельсондун айтымында, 29 жаштагы кылмышкер Омар Сыддык Матин “Ислам мамлекети” террорчул топко жан тартарын социалдык тармактардан бир нече ирет жазып чыгып, жада калса ант берген. Ал Орландо шаарынан 150 километр алыс жердеги калаада жашачу. Демек анын клубга кокустан барып калуусу мүмкүн эмес болчу.

Кылмышкердин ата-энеси, Ооганстандан келген мигранттар Омарды террорист деген жүйө негизсиз экендигин айтышат.

- Бир жолу Омар Майамиде жүргөндө эки эркек анын балдарынын жана аялынын көзүнчө эле өбүшүп кирген. Ошондо Омар аябай жинденген. Бирок анын бул кылганы динге эч кандай тиешеси жок, - дейт Омардын атасы Мира.

Полиция Омардын үйүндө тинтүү жүргүзүп жаткан учур
Полиция Омардын үйүндө тинтүү жүргүзүп жаткан учур

CNN маалымдагандай, Омар клубдун ичинен 911 куткаруучу кызматынын номуруна чалып, ИГИЛге жан тартарын жана ант бергендигин билдирген.

Окуя болгондон кийин бир нече саат өтпөй, АКШ президенти Барак Обама элге кайрылуу жасаган.

- Мен каза болгондордун жакындарынын жана жалпы Орландонун тургундарынын кайгысын тең бөлүшөм. Бул мекендештерибиз үчүн да каргашалуу күн себеби кылмышкердин иш-аракеттери гей, лесбиянкаларга, бисексуалдарга жана трансгендерлерге, жалпы ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы багытталган. Бул окуядан биз сабак алышыбыз керек. Американын жаранына каршы кылмыш анын дин тутумуна, улутуна, расасына жана сексуалдык ориентациясына карабай жалпы америка элине каршы кылмыш деп сыпатталат. Кандай кылмыш болбосун биздин элибизди бириктирип турган тең укуктуулуктун идеалынан баш тарттыра албайт.

Флоридадагы окуя Америкада курал сатып алып, аны менен түнкү клуб, мектеп, кинотеатр же чиркөөгө тосколсуз кирип, кыргын уюштуруу канчалык оңой экенин дагы бир ирет далилдеди. Бирок азыр биз каза болгондорду эскерип, Америка эли өздөрү каалагандай жашоого укугу бар экендигин өзүбүзгө эскертишибиз керек. Сүйүү жек көрүүдөн бийик.

Ушундай эле билдирүүлөр менен АКШнын президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон менен Берни Сандерс да жасаган.

Ал эми республикалыктардын партиясынан аттанып жаткан Дональд Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасында төмөнкүлөрдү жазган:

- Флоридада болгон окуя эбейсиз трагедия. Жабыр тарткандардын жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн бейкутчулугун тилейм. Бул качан токтойт? Биз качан чечкиндүү жана рационалдуу кадамдарга барабыз?

Кийинки жазган Твиттерде Трамп Обаманы жана Клинтонду алар элге кайрылган сөзүндө "радикалдуу ислам" деген сөздөрдү колдонбогондун сындап чыккан. "Биз мындан ары саясий сыпайлыкты токтотушубуз керек", - деп кошумчалады Трамп.

"Ислам мамлекети" террорчул тобу Орландодо болгон окуянын жоопкерчилигин өз мойнуна алып, Омарды "халифаттын жоокери" деп атады. Өткөн айда аталган уюм өзүнүн Европадагы жана Америкадагы санаалаштарын Сирияга же Иракка жетпей калышса, мусулман эместерди жеринде өлтүрүүгө чакырганы маалым болгон. "Силердин ал жактагы кылган ар бир аракетиңер биздин бул жактагы аракеттен кыйла артык. Капырлардын жеринде күнөөсүздөр жок", - деп жазылган ал чакырыкта.

XS
SM
MD
LG