Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Бостондо жардыруу үчүн шектүүнү издешүүдө


АКШ -- Полиция ок атууга шектүү адамды кармоодо. Бостон, 19-апрель, 2013.
АКШ -- Полиция ок атууга шектүү адамды кармоодо. Бостон, 19-апрель, 2013.

Бостон шаарында дүйшөмбүдөгү жардыруу үчүн шектелгендердин бири полиция менен атышуудан мерт болду. Ал эми экинчи шектүүнү учурда издеп жатышат.

Марафон учурундагы жардырууну жасады деп шектелген эки жигиттин сүрөтү жана алар түшүп калган видеотасма коомчулукка полиция операциясынын алдында эле шардана кылынган болчу.

Кылмышка шектүүлөр менен полициянын атышуусу Бостондун чет жакасында Массачусетс технология институтунун кампусунун айланасында болду. Ал жерде бейшембинин кечинде башталган атышуудан адегенде полиция кызматкери каза тапкан эле.

Атышууга чейин полициядан качкан эки жигит бир айдоочунун унаасына курал менен коркутуп түшүп кетишкен. Аларды кууган полицейлердин унааларын көздөй жардыргыч заттарды ыргытышкан.



Массачусетс штатынын полиция башчысы Тим Албен кабарчылар үчүн уюштурулган басма сөз жыйында:

- Артынан кууган кезибизде полициянын автоунаасын көздөй бир нече жардыруучу зат ыргытылды. Биздин баамыбызда шектүүлөрдүн бири атышуу учурунда ок жеп, акыр аягында кармалды. Шектүүлөрдүн экинчиси унаадан качып кетүүгө үлгүрдү жана учурда изделип жатат.

Атышуу учурунда ок жеген жигит ооруканага алынып барылган, бирок алган жаракатынан каза тапкан. Дарыгерлердин айтымында, ага бир нече ок тийген жана ооруканага түшкөн алгачкы 10-15 мүнөттүн ичинде анын өмүрүн сактап калуу аракеттеринен майнап чыкпады.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу Бостондогу жардыруу үчүн шектүүлөрдү аныктаганын бейшембиде жарыяланган. Жардыруу болгон жерге жонуна кара рюкзак (асынма баштык) илген шапкечен жигит көчөдөгү байкоо камераларына түшүп калышкан.

ФБР шектүүлөрдүн ысымын, дайын-дарегин атабаганы менен жергиликтүү тургундарга алар кооптуу жана куралданган болушу мүмкүндүгүн эскерткен.

-Биз бүгүн эки шектүүнүн өздүгүн билүү үчүн коомчулуктун жардамына муктажбыз. Сүрөттөрдү, видеону, башка далилдерди абдан дыкат анализдегенден кийин гана алардын сүрөтүн жарыялап жатабыз. Ал эки шектүүнүн өз ара байланышы бардай. Биринчиси кара, экинчиси ак шапке кийип жүргөн. Экинчи шектүү адам экинчи жарылуу болгон жерге - Форум ресторанынын бет маңдайына кара баштыкты таштап кеткен.

Расмий өкүлдөрдүн буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, жардыруу болгон жерден чогултулган далилдер жардыруучу зат тамак жасоочу темир көмөч табактарга жайгаштырылганын, ошондой эле рюкзакка аны менен катар мык, болот чачма же бытыралар салынганын да көргөздү.

Президент Барак Обама бейшемби күнү Бостонго жардыруунун курмандыктарын эскерүүгө барганда:

-Мен бул жерге Америка элинин атынан жөнөкөй эле идея менен келдим. Силердин сүйүктүү шаарыңарда болгон жарылуу баарыбыздын жүрөгүбүзгө катуу тийди. Биздин ар бирибиз сиздер мененбиз, анткени Бостон биздин да сүйүктүү шаарыбыз.

Бостондогу сапары учурунда ооруканага барып, жардыруудан жаракат алгандар менен да кездешти.

Дүйшөмбүдөгү кош жардырууда 3 киши өлүп, 170тен ашуун адам жарадар болгон. АКШ бийликтеринин билдиришинче, байкоочу видеокамера тарткан тасмадан удаа-удаа жардырууга тиешеси бар деп шектелген бир адам аныкталган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG