Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Бостон марафонунун курмандыктары эскерилет


Бостондогу жардыруунун курмандыктарынын урматына арналган акция.
Бостондогу жардыруунун курмандыктарынын урматына арналган акция.

Бүгүн Массачусетс штатынын бир катар шаарларында Бостон марафонунда каза тапкандарды эскеришет. Бир жума мурун болгон кош жардыруу 3 кишинин өмүрүн алып кетип, 180дөн ашуун киши жараланган.

15-апрелде Бостон марафону учурунда бомба жарылууларынан шейит кеткен үч кишини бир мүнөт үн чыгарбай эскеришет. Терактты уюштурган деп шектелгендердин бири – Тамерлан Царнаев 19-апрелде полиция менен ок атышууда набыт кеткен. Экинчи шектүү - иниси Жохар азыр оор абалда ооруканада жатат.

Америкалык айрым маалымат каражаттары ал азыр жазуу түрүндө көрсөтмө берип жатат деп кабарлашууда. Буга чейин Жохардын тамагына ок тийгени айтылып, ал мындан ары, балким сүйлөй албай калат деген маалыматтар тараган.

Шектүү адамдын абалы оор болгону менен туруктуу. Федералдык иликтөө бюросунун тергөөчүлөр тобу аны менен сүйлөшүүгө аракеттенишет. Азырынча сүйлөшө элек. "Тергөө алдыга жылмайынча, иштин жаңы жагдайлары тууралуу айта албайбыз", - деди кечээ Бостон полициясынын комиссары Эд Дэвис. Анын айтымында, ага-ини болжолу менен дагы башка теракттарды пландап жатышкан.

Маалыматтарга караганда, полиция менен ок атышуу болгон жерде колго жасалган, жарыла элек бомбалар менен 250дөй даана амуниция табылган.

Бийликтер Царнаевге кандай кине коюларын чече элек. Эгер федералдык сот терроризм үчүн айыптаса, Жохар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал тапта Массачусетс штатынын губернатору Девал Патрик Жохар Царнаев кол салуудан кийин кайрадан күнүмдүк студенттик жашоосуна кайтканын бышыктады.

Бирок Царнаевдердин азыр Дагестанда жашаган ата-энеси балдарынын күнөөлүү эместигин айтып, алар кимдир-бирөөлөрдүн тузагына түшүп калышкан дешет. Атасы Анзор Царнаев адилеттүүлүк издеп, Кошмо Штаттарга барарын "Азаттыкка" берген интервьюсунда айтты:

- Полиция, атайын кызматтарга бир топ суроолорум бар. Мен өзүм юристмин. Кылмышка, терроризмге байланышкан бардык суроолорго жооп алууну каалайм. Американын айтылуу атайын кызматтарына суроолорду берет элем. Өздөрүн рекламалаган кызматтардан кантип иш алып барганын билгим келет. Окуялардын картинасын так билүү үчүн суроолорума жооп керек. Адвокат жалдаганы жатам. Акыйкаттыкты издейм.


Балдардын энеси Зубейдат уулу Тамерлан 5 жыл мурун ФБРдин көзөмөлүнө алынган, ага каршы далилдер жок деп ырастоодо. Ата-эне Тамерлан өткөн жылы Чеченстан менен Дагестандагы туугандарына барып кеткенин, анын радикал топтору менен байланышы болбогонун да айтышат.

Жекшембиде өзүн “Кавказ Эмираты” деп атаган Түндүк Кавказдагы кыймыл билдирүү жасап, Бостондогу жардырууларга тиешеси жоктугун айткан.

ФБР кызматкерлери Тамерлан Царнаевдин жеке компьютериндеги маалыматтар кийин анын белгилүү бир радикалдык кыймылдарга кызыгып жүргөнүнөн кабар берээрин маалымат каражаттарына билдиришти.

Лондондо болсо кечээки марафондун катышуучулары Бостон терактынын курмандыктарын эскерип, жөө күлүктөрдүн көбү тилектештик иретинде кара тасма тагынып чуркашты.

XS
SM
MD
LG