Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Царнаевдердин энеси балдарын жактап чыкты


Жардырууга шектелген Жохар жана Тамерлан Царнаевдер кымгуут түшкөн элдин арасында. (видео тасмадан алынган сүрөт) Бостон, 15-апрель, 2013.
Жардырууга шектелген Жохар жана Тамерлан Царнаевдер кымгуут түшкөн элдин арасында. (видео тасмадан алынган сүрөт) Бостон, 15-апрель, 2013.

Бостон жардыруусуна шектелип жаткан ага-ини Царнаевдердин энеси балдары күнөөлүү экенине ишенбейт.

Орусиянын Түндүк Кавказ аймагындагы каршылык көрсөтүү кыймылы 15-апрелдеги Бостон марафонундагы жардырууга тийешеси жок экендигин айтып чыкты.

Kavkazcenter.com сайтындагы билдирүүдө өзүн Кавказ Эмираты деп атаган уюшма АКШ менен согушпай тургандыгын, Доку Умаровдун кыймылы ал тургай Орусияда жарандык бутага кол салууга тыюу салаарын жазды.

Билдирүүдө АКШдагы тергөөчүлөргө «окуяга Орусиянын коопсуздук күчтөрүнүн катышы бар болушу мүмкүн экендигин эске алуу» эскертилет.

Жекшембиде ошондой эле жардырууга шектелген ага-ини Царнаевдердин энеси "Азаттыкка" жана "Ассошиэйтед Пресс" агенттигине уулдарында күнөө жок экендигин айтып, бул окуяны АКШ бийликтери уюштурган деп билдирди.

Зубейдат Царнаева тун уулу, 19-апрелде Бостондогу атышууда окко учкан Тамерланды акыркы беш жыл бою АКШнын чалгын кызматы - ЦРУ көзөмөлдөп тургандыгын эскертип, буларды кошумчалады:

Мунун баары калп, америкалыктар ойлоп тапкан оюн. Америка ушул өңдөнгөн оюндары менен жакшы таанылган. Мен буга эч качан ишенбейм. Меним уулум Тамерлан алдыңкы жаштардан болчу. Акыл-эстүү, эл сыйлаган бала болчу. Алар андан коркуп, ушуга барышты.

Зубейдат Царнаева Темирландын полициячыны аткандыгынын далилин көрсөтүүнү талап кылды. Анын кичүү уулу Жохар жума күнкү атышууда жараат алып, азыр Бостондогу ооруканада катуу кайтарууда жатат. Жохардын абалы оор, бирок туруктуу болгону менен али сүйлөй электиги кабарланууда.

Царнаева Жохарды коргош үчүн күйөөсү Анзор экөө Кошмо Штаттарына кайтып барышаарын билдирди:

– Күйөөм экөөбүз эң мыкты адвокаттарды жалдайбыз. Анзор Америкага барып, баарын териштиргенге аракет кылат. Уулубуз Тамерландын сөөгүн да алып келишибиз керек. Кичүү уулубуз Жохарды колдон келишинче калкалап калганга аракет кылабыз, биздин балдарды өлтүргөнгө эч качан жол бербейбиз.

Кошмо Штаттары Жохар Царнаевди анын адвокат менен кеңешүү укугун эскертпестен суракка алууну көздөп жаткандыгын, коомго түздөн-түз коркунуч келген учурларда буга мыйзам жол берээрин айтууда. АКШда укук коргоочулар бийликтердин мындай ниетин сынга алышкан.

Бийликтер ошондой эле Царнаевге кандай кине коюлаарын чече элек. Эгер федералдык сот массалык кыргын салчу курал колдонгон деген кине койсо, Жохар Царнаев өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Царнаевдердин ата-бабалары Сталин тарабынан Экинчи дүйнөлүк согушта Кыргызстанга айдалган, ата-энеси жогорку билимдүү кишилер, өздөрү жаш чагында Орусиядагы чечен согушун башынан өткөрүшкөн. Тамерланды Токмоктогу жердештери "Азаттыкка" жалаң жакшы жагынан мүнөздөштү. Царнаевдер Кошмо Штаттарында 10 жылдан бери жашап жатышкан.

Өткөн дүйшөмбү күнү Бостон марафонундагы жардыруу үч адамдын өмүрүн алып, андан дагы 170тен ашуун киши жапа чеккен. Кийинчерээк бул жардырууга шектелген бир туугандар: Жохар жана Тамерлан Царнаевдерди кармоо учурунда полициячы Шон Коллиер окко учуп, алар менен атышууда дагы бир полициячы оор жаракат алган.

Ошентип азыр Царнаевдердин үй-бүлөсү жана бул эки жигит тууралуу түрдүү кептер айтылууда. Царнаевдердин АКШда жашаган абасы (атасы менен бир тууган) Руслан Царни СНН телеканалындагы маегинде улуу агасы Анзордун үй-бүлөсү менен дал ушул Тамерландын ашкере диний-радикалдык көз карашы үчүн тууганчылык байланышын үзүүгө, катышпай коюуга аргасыз болгонун айтат.

ФБР кызматкерлери да Тамерлан Царнаевдин жеке компьютерин текшерүүлөр анын белгилүү бир радикалдык кыймылдарга кызыгып жүргөнүнөн кабар берээрин маалымат каражаттарына билдиришти.


Тасмада: токмоктуктар Царнаевдер тууралуу

Токмоктуктар Царнаевдер тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:50 0:00

XS
SM
MD
LG