Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Клинтон Сандерсти жеңгенин жарыялады


Хиллари Клинтон (солдо) Демократиялык партиядан, Дональд Трамп Республикалык партиядан талапкер болору айтылууда
Хиллари Клинтон (солдо) Демократиялык партиядан, Дональд Трамп Республикалык партиядан талапкер болору айтылууда

Хиллари Клинтон АКШнын Демократиялык партиясынан талапкер болуу укугун жеңип алганын билдирди.

Нью-Жерси штатындагы праймеризде Клинтондун жеңишке жетишүүсү - анын талапкер болуп көрсөтүлүшү үчүн делегаттардын жетиштүү добушу топтолгонун билдирет. Бир күн мурун Клинтон айым суперделегаттардын колдоосу менен Демократиялык партиядан президентикке талапкер болуу маселесин чечкенин маалымат каражаттары жазган эле.

7-июнда Нью-Жерси штатындагы праймеризден кийин Хиллари Клинтон Демократиялык партиядан талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн жеңип алганын жарыялады. Мурунку биринчи айым, мамлекеттик катчы жана сенатор болгон Хиллари Клинтон атаандашы, сенатор Берни Сандерс менен узак мөөнөткө созулган татаал таймаштагы жеңишин Нью-Йоркто тарапкерлери менен салтанаттуу түрдө белгиледи.

Хиллари айым анын жеңиши аялдардын тарыхый жеңиши экенин жарыялады:

- Буга жетишүү жеңил болгон жок. Биз баарыбыз азыр мына ушул жерде турабыз. Сиздер менен гана мына ушуга жетиштик. Биринчи жолу биздин өлкөнүн тарыхында аял, Кошмо Штаттардын президенттигине партиянын негизги талапкери болот.

Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

Хиллари Клинтон Демократиялык партиядан Берни Сандерс мыкты атаандаш болгонун, аны менен болгон дебаттар өлкөдө кирешени көбөйтүү, теңсиздикти азайтуу үчүн, жалпы эле Демократиялык партия жана АКШ үчүн пайдалуу болгонун белгиледи.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Хиллари Клинтонду жеңиши менен куттуктаганын Ак үйдөн маалымдашты. Обама ошондой эле Берни Сандерс менен да сүйлөшүп, 9-июнда жолугушууга чакырды. Анда Демократтардын күчүн бириктирип, Республикалык партиянын талапкери Дональд Трампты кандай жеңүү жөнүндө сүйлөшүү болору күтүлүүдө.

Бирок Берни Сандерс Нью-Жерсидеги утулуусуна карабай күрөшүн токтото элек. Ал Хиллари Клинтон жана Барак Обама менен сүйлөшүү болгонун ырастады:

- Бүгүн, 6-июнда мага президент Барак Обамадан жакшы коңгуроо болду. Мен аны менен кызматташып, өлкөнү өзгөртүү боюнча иштешүүнү чыдамсыздык менен күтөм. Ошондой эле түнү мурунку мамлекеттик катчыдан (Клинтон айым) да жагымдуу коңгуроо болду. Мен аны бүгүнкү жеңиши менен куттуктадым.

Берни Сандерс
Берни Сандерс

Берни Сандерс эсепти жакшы билерин, бирок ага карабай ар бир добуш жана делегат үчүн күрөштү улантарын билдирди.

Республикалык партиядан талапкер болуу маселесин чечкен Дональд Трамп да Хиллари Клинтондун жеңишинин алдында өз тарапкерлерине кайрылды:

- Сиздер Республикалык партияны жеңишке жетектеп барууну мага тапшырдыңыздар! Күзгү шайлоодо биз ага жетишкени турабыз. Мен жоопкерчиликти түшүнүп турам. Сиздерди эч качан жер каратпаймын. Алдыда өтө жумуш көп. Мен сиздерди биздин партия жана кыймылыбыз менен сыймыктанууга алып келем!

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Дональд Трамп күздөгү шайлоодо атаандашы боло турган Хиллари Клинтонго каршы сынын жаадырып, Клинтондор саясатты жеке байуу жолуна айлантып алганын билдирди. Алар өкмөттүк контрактарын сатып, уруксат берүү жана жагымдуу шарттарды сатуу менен жүз миллиондогон доллар жасап алышты деди Трамп.

Хиллари Клинтон өз кезегинде Дональд Трампты президенттик кызматка жарабаган адам катары мүнөздөп, Демократиялык партияны ага каршы күрөштө биригүүгө чакырды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG