Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Трамптын талапкерлик жолу тазаланды


Дональд Трамп Индианадагы праймеризден кийин Нью-Йорктогу жактоочулары алдында. 3-май, 2016-жыл.
Дональд Трамп Индианадагы праймеризден кийин Нью-Йорктогу жактоочулары алдында. 3-май, 2016-жыл.

АКШда республикачылардын президенттикке үмүткөрү, миллиардер Дональд Трамп акыркы праймеризде кайрадан жеңишке жетишти. Тышкы, ички саясаттын маселелери боюнча айрым билдирүүлөрү талаш жана чочулоо жараткан Трамптын талапкерликти алуу мүмкүнчүлүгү мурдагыдан да бекемделгени менен, талдоочулар шайлоонун негизги бөлүгүндө өнөктүктү азыркыдай риторикада жүргүзүү ага ийгилик алып келбей турганын айтышууда.

Шейшемби, 3-майда Индиана штатында өткөн баштапкы шайлоонун негизги жаңылыгы анын соңунан республикачылардын курултайына топтогон делегаттары саны жагынан экинчи талапкери, техастык сенатор Тед Круздун жарыштан чыкканын жарыялашы болду.

Индианаполис шаарында сүйлөп жатып, сенатор Круз өз чечимин шайлоочулар башкы багытты тандаганы менен түшүндүрдү:

- Мен эң башынан тарта эле жеңишти карай реалдуу жол болгон кезге чейин уланта турганымды билдиргем. Тилекке каршы бүгүн кечте мен ал жол жабылгандай көрүнүп жатат деп айтмакчымын. Биз Индианада уттурдук, колдон келгендин баарын жасадык, бирок шайлоочулар бөлөк жолду тандап алышты. Биздин өлкөнүн узак мөөнөттөгү келечеги боюнча жүрөгүм ооруп, бирок чексиз оптимизм менен биз өнөктүгүбүздү токтотуп жатабыз, - деген сенатор Тед Круз эми республикачылардын баарын демократтардын президенттикке башкы үмүткөрү Хиллари Клинтонду жеңүү үчүн биригүүгө үндөдү.

Индианадагы праймериздин натыйжасында Дональд Трамп бул штаттан Республикалык партиянын шайлоо курултайына бара турган 57 делегаттын басымдуу бөлүгүнө ээ болду.

Ал Нью-Йоркто өзүн Трамп мунарасындагы жыйында жактоочулары астына чыккан кезинде эгер президент болсо Американы бардык чөйрөлөрдө жеңишке жеткирем деп кайрадан ырастады:

- Биз бүгүн кечте эбейгейсиз жеңишти камсыздадык. Бул биздин өлкө муктаж болгон жеңиш. Биз кайрадан жеңишибиз жана кантип жеңишти билишибиз керек. Биз такай жеңилип келдик, жоготуп келдик, аскерлерибиз жоготууга учурап жатат, “Ислам мамлекети” тобун жеңе албай жатабыз, чек араларда, соодада уттурдук. Биз кайрадан жеңип башташыбыз керек, мага ишенип койгула биз жеңебиз. Кечээ жыйынтыгы чыккан сурамжылоого караганда мен Хиллари Клинтондон эки баскычка алдыдамын, - деген Дональд Трамта азыр июлдагы шайлоо курултайда президенттикке талапкерлик укукту алыш үчүн талап кылынган 1237 делегаттын 1047синин добушу бар. 7-июнга чейин өтүүчү баштапкы шайлоодо 200дөй делегатты топтоо талап кылынат.

Республикачыл үмүткөрлөрдөн Трамптын жарышта калган жалгыз атаандашы, Огайо штатынын губернатору Жон Кейсикте болгону 152 делегат бар. Ал эми кечээ жарыштан чыккан сенатор Тед Круз 565 делегат топтоого жетишкен эле.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:00 0:00
Түз линк

Шайлоо "поэзиядан прозага" көчкөндө......

Республикалык партиянын истеблишменти же башкаруучу чөйрөсү буга чейин Трамптын талапкерлигине каршы болуп келгени белгилүү.

Эми Республикалык партиянын Улуттук комитетинин төрагасы Рейнс Прибэс аларда ички жарыш аяктады, Трамп партиянын талапкери болот деп жазып чыкты.

Бирок партиянын айрым лидерлери мурдагыдай эле Трамптын айланасына биригүү демилгесин четке кагышы мүмкүн. “Ассошейтед пресс” агенттигинин жазганына караганда, Трампка каршылар 4-майда ага атаандаш катары үчүнчү партиянын талапкерин чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганы жатышат.

Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

Ошол эле “Ассошейтед пресс” белгилегендей, Демократиялык партиядан талапкерликти алуучу Хиллари Клинтон да Трампка каршы республикачыларды өз тарабына тартуунун жолдорун караштырууда.

Мындай учур тарыхта болгон. 1980-жылкы шайлоодо демократтардын тобу республикачылардын талапкери Рональд Рейган тарапка өткөн эле.

Миссури университетинин саясий илимдер боюнча профессору Мартин Оверби “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде Трамтын азыркы риторикасына чоң чакырык шайлоонун негизги бөлүгүндө жасаларын айтат:

- Бизде электораттын учурдагы экономикалык кырдаалда өздөрүн жоготтук деп сезген бөлүгү бар. Алар Трампты колдоо менен өздөрүнүн нааразылыгын билдирип жатышат. Менимче, шайлоонун жакындашы менен адамдар аракеттеринен, атүгүл сөздөрүнөн көп нерсе көз каранды болгон америкалык президенттин жоопкерчилиги жөнүндө ойлонушуп, тажрыйбалуу жана кесипкөй саясатчыны тандоого токтолушат. Кошмо Штаттарда сиз шайлоо өнөктүгүн поэзиянын тили менен жүргүзүп, бирок прозада башкарасыз деген кеп бар. Албетте, Трампа поэтикалык шыктануу күчтүү. Бирок, ал өз идеяларынын чоо-жайын чечмелөөдө бир нече сүйлөмдөн ары кетпейт. Жалпы шайлоодо ал абдан оор сыноолордон өткөн тажрыйбалуу саясатчы Хиллари Клинтон менен беттешет да. Клинтон, менимче, Трампты Американын кызыкчылыктарын кантип коргой турганын абдан кеңири айтып берүүгө мажбурлайт жана муну жасоо ал үчүн оңой болбойт.

Демократтар лагеринен Индианадагы праймеризде сенатор Берни Сандерс Хиллари Клинтонду бир аз артыкчылык менен жеңди.

Бирок жарышта али калып жаткан Сандерсте 1400, Клинтондо 2202 делегат бар. Ал эми демократтардын курултайында талапкерликти алуу үчүн 2383 делегаттын добушу талап кылынат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG