Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

АКШ: ташы өргө кулаган талапкерлер


Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон
Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон

Кошмо Штаттарда кезектеги праймериз (алдын ала шайлоо) өткөрүлдү. 26-апрелде беш штатта өткөн партиялык шайлоодо Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон жеңишке жетти. Ошону менен алар июль айында боло турган партиялык курултайларда талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн бекемдешти.

Республика партиясынын сылык-сыпаа келген талапкерлеринен айырмаланган Дональд Трамп ага жасалган ар кандай каршылыктарга карабай республикачылардын расмий талапкери болууга жакындап келатат.

Өткөн жумада эле ал Нью-Йоркто ири жеңишке жетип, атаандаштары сенатор Тед Круз жана Огайо штатынын губернатору Жон Кейсикти артка калтырган. Анда Дональд Трамп 98 делегаттын добушун жеңип алып, жалпы колдоочу делегаттардын санын 847ге жеткирген.

Нью-Йоркто жеңилүүгө дуушар болгон Круз жана Кейсик Трампты талапкер болуу мүмкүнчүлүгүнө жеткирбөө үчүн беш штатта биргелешип аракеттенүүнү чечишкен. Алардын стратегиясы - Трамптын добушун мүмкүн болушунча азайтып, курултайда башка талапкердин көрсөтүлүшүнө жол ачуу эле. Дональд Трамп курултайда талашсыз талапкер болуп бекитилиши үчүн праймериздерде 1237 добуш алышы керек.

Шейшемби күнү Мерилэнд, Пенсилвания, Делавэр, Род Айленд жана Коннектикут штаттарындагы партиялык добуш берүүдө Дональд Трамп толугу менен жеңишке жетип, 142 делегаттын добушун алганын CNN телеканалы кабарлады. Ошону менен Дональд Трамптын добуштары 1 миңге чукулдап барды.

Демократтардын лагеринде да күтүлгөндөй эле Хиллари Клинтон басымдуу ийгиликке жетти. Бирок беш штаттын төртөөндө жеңди. Анын атаандашы Берни Сандерс кичинекей Род Айлендде көпчүлүк добушту алганы кабарланды.

Ошону менен шейшембидеги праймериздин жыйынтыгында Хилари Клинтонду колдоочу делегаттардын саны 2168 болуп, партиялык курултайда талапкер болуп көрсөтүлүшү үчүн 200дүн тегерегинде добуш калууда.

Хиллари Клинтон жана Дональд Трампта жетишпеген добуштарды алууга дагы мүмүкүнчүлүк бар. Анткени май, июнь айларында ондун тегерегиндеги штаттарда праймериз болот. Алардын ичинен Калифорния, Вашингтон, Индиана жана Нью-Жерси штаттарында көп өлчөмдөгү добуштардын тагдыры чечилет. Маселен, Калифорния штатында демократ талапкерлер 546 делегаттын добушу үчүн күрөшсө, республикачылар 172 добуш үчүн күрөшөт.

Сенатор Тед Круз Индиана штатында күрөш болорун белгиледи:

- Биз баарыбыз Индианада болобуз. Биз мына ушул улуу штатта таймашабыз. Жон Кейсик Индиананы бизге берип, Дональд Трамп менен жекеме-жеке чыгууга жол ачууда. Бул жалпы өлкө үчүн да туура тандоого берилген жол. Биз Индиана штатына убакыт, энергия жана ресурстарыбызды жумшоону чечтик. Губернатор Кейсик башка жерге жумшайт. Менин оюмча, бул эки тарапка тең оң иш болот.

Дональд Трампка Республика партиясынан талапкер болууга умтулуп жаткан Круз жана Кейсик эле эмес, демократтардын талапкери болуу мүмкүнчүлүгү жакындаган Хиллари Клинтон да көбүрөөк чабуул коюп жатат:

- Дональд Трамп Америкада айлык өтө жогору деп, минималдык маянанын өлчөмүн көтөрүүнү колдобойт. Мен ага айтып атам, өз атына коюп алган асман тиреген үйлөрдөн чыгып, эл менен сүйлөшүп, аларды угуу керек деп. Сиз Кошмо Штаттардын президенти болгуңуз келесе, анда сиз Кошмо Штаттар менен таанышып чыгышыңыз керек. Бардык америкалыктар менен баарлашып көрүшүңүз керек. Жөн эле чоң учак менен учуп-конуп, көрүнгөндү кордоп жүрө бербей. Мен бир жылдан адамдарды угуп, сүйлөшүп келатам. Менин сизге айтарым, адамдарда тынчсыздануулар көп. Аларда кыйынчылыктар көп.

Мына ошентип, Хиллари Клинтон демократтардан атаандашы Берни Сандерсти жеңилдиге чыгарып, негизги атаандашы катары Дональд Трампка көңүлүн бурууда. Өз кезегинде Берни Сандерс аягына чейин күрөшөрүн билдирген.

Эки партиянын тең талапкер тандоо курултайы июль айында өтүп, президенттик шайлоонун өзү ноябрда болмокчу.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG