Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Обаманын Хиросимага тарыхый сапары


Барак Обама, "Чоң жетинин" саммитиндеги басма сөз жыйында. 26-май, 2016-жыл.
Барак Обама, "Чоң жетинин" саммитиндеги басма сөз жыйында. 26-май, 2016-жыл.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн Жапониянын Хиросима шаарына келет. Тарыхый визит катары сыпатталып жаткан бул окуя АКШ Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда атомдук бомба таштаган шаарга өлкөнүн кызматтагы президентинин алгачкы ирет барышы.

Президент Барак Обама Хиросимага Жапониянын башка бурчунда, "Чоң жетинин" саммитинде жүргөн жеринен жапон премьери Синдзо Абэнин коштоосунда келди.

Эки күн мурда жапон өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн басма сөз жыйында Барак Обама Хиросимага мерчемделген сапарынын максат-маңызын мындайча чечмелеген.

- Мен Хиросимада болгон учурумда көргөзөм деп үмүттөнгөн бир нерсе, албетте, мен Вьетнамга барганда көргөзгөндөй эле, согуш ар убак азап алып келерин жөн гана эске салуу. Буга жол бербөө үчүн биз колдон келгендин баарын жасашыбыз керек. Президенттигимдин башында, Ослодо Нобель Тынчтык сыйлыгын алган кезде айтканымдай, мен ыктымал эмес, мезгил-мезгили менен абдан реалдуу тобокелдиктердин коркунучуна кабылган өлкөнүн башчысымын. Андыктан, бизге АКШ эли корголгонун кепилдөө үчүн кээде аракеттенүүгө да туура келет.

Хиросима Обаманын сапары алдында. 26-май, 2016-жыл.
Хиросима Обаманын сапары алдында. 26-май, 2016-жыл.

Обаманын Хиросимага барары ушул айдын башында жарыяланган соң ал АКШ бийлигинин Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы чечими үчүн жапон элинен расмий кечирим сурайбы деген сөздөр чыккан эле. Бирок мындай божомолдорду башында Ак үй дароо эле четке каккан.

Муну 22-май күнү жапондордун NHK телеканалы менен маегинде Обама өзү да ырастады жана анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Жок, себеби, менимче лидерлер согуштун шартында ар кандай чечимдерди кабыл аларын моюнга алуу абдан маанилүү. Өзү бул маселени иликтөө тарыхчылардын иши. Бирок мамлекет башчысынын кызматында жети жарым жылдан бери отурган адам катары билгеним ар бир лидер өзгөчө согуш учурунда өтө оор чечимдерди кабыл алат.

Обама менен Абэнин келишине каршылар. Хиросима, 26-май, 2016-жыл.
Обама менен Абэнин келишине каршылар. Хиросима, 26-май, 2016-жыл.

Бейшемби күнү Хиросиманын Тынчтык мемориал паркында ондогон киши катышкан нааразылык акциясы өтүп, алар Обаманын жана Абэнин келишин талап кылып, америкалык президенттин кечирим сурабай турганын айыпташты.

Жапон өкмөтү болсо АКШ президентинин Хиросимага сапарын кубаттоодо. Премьер-министр Синдзо Абэ эки күндүк иш сапар тууралуу мына буларды билдирген:

Синзо Абэ
Синзо Абэ

- Хиросима курмандыктарынын эң түпкүрдөгү каалоосу - мындай трагедиянын эч убакта, эч жерде кайра кайталанбашы. Менимче, президент Обаманын Хиросимага сапары биз өзөктүк куралсыз дүйнөнү карай жылышыбызга бир топ стимул берет.

Жапон премьери ага улай АКШнын Гавай аралдарындагы Перл-Харбор деген жерге “атайын визит жасоо” планы жоктугун кошумчалады. Айрымдар мындай сапар Жапониянын согуш учурундагы кадамдарын моюнга алгандык катары кабылданмак деп сыпатташкан.

1941-жылдын 7-декабрында Жапониянын аскерий учактарынын АКШнын Перл-Харбор аскер-деңиз базасына күтүүсүз чабуулунан 2400дөн ашуун адам мерт болгон. Бул окуя АКШнын Экинчи Дүйнөлүк согушка кошулуусуна түрткү Берген.

Ал эми АКШ 1945-жылдын 6-августунда адегенде Хиросимага атомдук бомба таштаганда дароо 80 миңдей, андан үч күндөн кийин Нагасакиге ушундай эле бомба ташталганда 40 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

Бул окуя Экинчи Дүйнөлүк согуштун тезирээк аякташына салым кошкон деп бааланып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG