Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Путин Улуу Жеңишти "менчиктеди"


Путин баштаган аскерий жана саясий жетекчилик парадга трибунадан көз салып отурушту.
Путин баштаган аскерий жана саясий жетекчилик парадга трибунадан көз салып отурушту.

Орусиянын президенти Экинчи дүйнөлүк согушта орус эли күчтүү эрки жана кажыбас кайраты менен Европаны кулчулуктан сактап калган деп айтты.

Президент Владимир Путин нацисттик Германияны жеңген күн Орусия үчүн “Улуу майрам” деп белгиледи:

- Улуу Ата Мекендик согуш басылгандан бери 69 жыл өтүп кетсе дагы, 9-май – Жеңиш күнү, биздин эң башкы майрамбыз болуп келген жана боло берет. Бул улуттук салтанаттын, улуттук сыймыктын күнү, аза күтүү жана түбөлүк эскерүү күнү - деген Путин Орусиянын “баарын жеңе алган патриоттук күчүн” дагы бир ирет даңазалай кетти. - Бул Мекенди сүйүүнүн, ага берилгендиктин, анын кызыкчылыгын коргоонун баарын жеңе алган патриоттук күчтүн майрамы.

Москвада өлкөнүн аскерий күчтөрүнүн дээрлик бардык түрү парадга катышты. Жеңиш күнүнүн урматына салтанаттар Орусиянын 25 шаарында, анын ичинде Крымдын Севостополунда дагы өттү.

Өткөн жылга салыштырмалуу Москвада парадга катышкан күчтөрдүн саны быйыл көп болду. Кызыл аянтта 11 миңдей аскер, 150 даана согуш техникасы көрүүчүлөрдүн алдынан өтсө, асманга 69 учак менен тик учактар көтөрүлдү. Биринчи жолу “Тор-М2У” зениттик-ракеталык жана “Хризантема-С” танкка каршы ракета системасы, мыкты чопкутталган "Тайфун-2" автомобилдери көрсөтүлдү.

​Советтик аскерий эн белгилер менен бирге орус армиясынын символдорун тагынган жөө аскерлер Путин баштаган аскерий жана саясий жетекчилик отурган трибунанын алдынан өтүштү. Эки миңге жакын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери президенттин катарында чоң сыймык менен парадды көрүп отурушту.
Путин: "Фашизмди жеңгендер унутулбайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Кызыл Аянттагы салтанат орус телеканалдары аркылуу түз көрсөтүлүп, патриоттук комментарийлер менен коштолду.

9-майда Путин Севастополго барып, чоң аскердик парадга катышууга да үлгүрдү. Бул Путиндин Крымды Орусия Украинадан аннексиялап алгандан бери аймакка биринчи ирет келүүсү.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен 9-майда Таллинде сүйлөп жатып Путиндин Крымга баруусун “натуура” деп сыпаттады. Ал Таллин университетинде Түндүк Атлантика уюмунун стратегиялык кызматташуу сунушуна Орусия оң жооп бербей жатканын билдирди:

- Биз ар этапта Орусияны тартканга аракет кылдык. НАТО узак жылдардан бери Орусия менен чыныгы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө далалат кылып келет. Ага Орусия конструктивдүү жооп бербей жатат. Орусия азыр НАТОну өнөктөш эмес, жоо катары караганы мени абдан өкүнтөт.
Путин: Крым менен Севастополь тарыхый "мекенине" кайтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Кремл аскердик парадды пропагандага айланттыбы?

Экинчи дүйнөлүк согушта жалпысынан 27 миллиондон ашык советтик солдаттар жана карапайым жарандар каза болгон. Эксперттер быйылкы майрамдык салтанатты Кремл Украинадагы окуяларга байланыштуу пропаганда үчүн колдонгонун белгилешет.

Жеңиш күнү Украинада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Киевдеги бийлик мындай чарага эл чогулган жайларда орусиячыл активисттер менен Украинанын бүтүндүгүн жактоочулар ортосунда кагылыш чыгып кетет деген кооптонуудан улам барды.

Премьер-министр Арсений Яценюк 8-майдагы сөзүндө орус президенти Путин украин өкмөтүн каралоо үчүн нацисттик Германия жеңилген күнү "кагылыш уюштурушу ыктымал" деп шектенгенин айткан.

Бүгүн кечинде Киевде, Одессада, Винницада, Львовдо майрамдык фейерверктер атылары гана белгилүү болду. Украинада Жеңиш майрамын айрымдар 8-майда белгилешти.

Кечээ Киевде Түбөлүк даңк эс алуу жайында “Тынчтыктын биринчи мүнөтү” деп аталган акция өттү. Ал 1945-жылы 8-майдын кечинде Германия Капитулияция тууралуу актка кол койгондон кийинки Европадагы тынчтыктын биринчи мүнөтүн билдирет.

9-Май Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү, Жеңиш күнү катары Көз карандысыз шериктештике кирген өлкөлөрдүн баарында белгиленет. Айрым өлкөлөрдүн эгемен тарыхында Улуу Ата Мекендик согуш советтик доордогудай даңазаланбаса дагы такай белгиленет. Быйыл Орусиянын 400дөн ашуун жеринде, Казакстан, Беларус, Кыргызстан, Украина жана Израилде "Өлбөс полк" деген аталыштагы иш-чара өтөт. Анда жарым миллиондон ашуун киши согуш ардагерлеринин жана курман болгон жакындарынын портреттерин көтөрүп Түбөлүк отко келип, таазим кылышат.

XS
SM
MD
LG