Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Украина: диалог сунушун шарт коштоодо


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров (оңдо) менен Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дещица учурашууда. Австрия. 6-май, 2014-жыл.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров (оңдо) менен Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дещица учурашууда. Австрия. 6-май, 2014-жыл.

Украинанын чыгышындагы чыңалган абалды жөнгө салуу боюнча мунаса табылбай жатат.

Москва бул багыттагы жаңы сүйлөшүүлөргө эми орусиячыл жикчилдер сөзсүз кошулуусу керектигин билдирсе, Киев бул демилгени четке какты.

Учурда Украинадагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн жаңы эл аралык сүйлөшүү өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы же жокпу деген маселе көтөрүлүүдө. Женева -2 жыйынын уюштуруу сунушун өткөн апта соңунда Германия көтөрүп чыккан эле.

Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер кечээ орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Венада, Европа кеңеши жыйыны учурунда өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Анын соңунан маалымдалгандай, тараптар жалпы украиналык диалогго көмөктөшүү үчүн АКШ, Орусия, Еврошаркет, ЕККУнун биргелешкен аракеттерин улантуу зарылчылыгын белгилешти. Бирок андай диалогдун болору азырынча суроо бойдон турат.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кечээ Венадан айткандарына караганда, эл аралык сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына Украинанын чыгышы менен түштүгүндөгү орусиячыл жикчилдер да кошулуусу керек:

- Сүйлөшүү столунда Украинадагы азыркы режимге оппозиция жок болгон шартта, мурдагы эле форматта чогулуу бир нерсе берери арсар. Жыйналса болот, бирок кайра эле тегеренип, макулдашкандардын баарын аткаруу зарылдыгын кайталайбыз. Ал эми аткаруу украиналыктардын иши. Режимдин жана ага каршылардын да. Анткени аларга бир өлкөдө жашоого туура келет.

Бирок украин тышкы иштер министри Андрей Дещица Венада жүргөн жеринен Москванын бул сунушун четке какты.

Украин дипломатиясынын башчысы белгилегендей, Киев саясий кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына Москва 25-майдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттеринен баш тарткан шартта гана макул.

- Эгер Орусия шайлоону колдоого жана Украинадагы экстремисттик элементтерди колдоону токтотууга милдеттеме берсе, биз мындай жолугушууга катышууга даярбыз,- деди Дещица Венадан.

Бийликке легитимдүү лидер келиши үчүн украин жетекчилигине президенттик шайлоону өткөрүү эң башкы маселе болуп тургандай. Ошол эле учурда Орусия шайлоону үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар деген ырастоолор расмий Киевден да, Европа лидерлери тарабынан да айтылууда.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ Украинанын алдыдагы шайлоосун комментарийлеп:

- Армия калктын бир бөлүгүнө каршы колдонулуп жаткан шартта шайлоо өткөрүү кыйла эле адаттан тыш көрүнүш. Украина согуш болуп жатканына карабай шайлоо өткөн Ооганстан эмес да,- деди.

Эскерте кетсек, буга чейин 17-апрелде Украина, Орусия, АКШ, Еврошаркет катышкан сүйлөшүүдө мыйзамсыз куралдуу топтор таратылсын, оккупацияланган имараттар бошотулсун деген макулдашуу жетишилген.

Бирок андан бери өлкөнүн чыгышындагы кырдаал кайра курчуду. Маселен, 5-майда Славянск шаарындагы уруштарда, украин бийликтеринин айтымында, 30тай орусиячыл согушкер, өкмөттүк төрт аскер окко учкан.

Украинанын Коопсуздук кызматынын төрагасы Валентин Наливайченко кечээ чыгыштагы куралчандар арасында орус аскерлери да бар деп ырастады:

- Биз Орусиядан келген чет элдик аскерлер аймакта бардыгын ырастай алабыз. Бул жерде Крым автоном республикасынын аймагынан келген чет элдик аскерлер, мыйзамсыз курал алып жүргөн жана биздин адамдарга ок чыгарган жергиликтүү кылмышкерлер да бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG