Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Кыргызстан Украинадагы абалга кабатыр


Одесса. 2-майдагы тополоң учурунда өрттөлгөн Профсоюздар үйүн полиция курчап турат. 3-май.
Одесса. 2-майдагы тополоң учурунда өрттөлгөн Профсоюздар үйүн полиция курчап турат. 3-май.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы соңку окуяларга карата тынчсыздануусун билдирди.

Мындай билдирүү 2-майда Украинанын түштүгүндөгү Одесса шаарындагы өрт чыккан имараттан 31 киши набыт болгондон кийин таркатылды. Билдирүүнүн кыскача мазмунун аталган министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Тышкы иштер министрлиги Украинада ондогон адамдардын өмүрүн алган куралдуу кагылышууларга олутуу тынчсыздануусун билдирет. Дүйнөлүк коомчулук пост-советтик мейкиндиктеги жаңы окуялардын күбөсү болууда. Андыктан алар карама-каршылыктын улантылышын эмес, кеңири диалог жүргүзүүнү тез арада баштоону талап кылышууда. Жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасы карама-каршы тараптарды күч колдонууну тез арада токтотуп, кризисти эл аралык укук жана БУУнун уставынын алкагында чечүүгө чакырат.

Бул Борбор Азия өлкөлөрүнөн Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу алгачкы расмий билдирүү. Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин 2-майда Одессада 30дан ашуун адамды өлүмгө кириптер кылган трагедиянын артында украин бийлиги турат деп, жакындарын жоготкондорго көңүл айтканын анын расмий өкүлү Дмитрий Песков кабарлаган. Одессадагы Профсоюздар үйүндө чыккан өрт Украинанын бүтүндүгүн коргоочулар менен орусиячыл жикчилдердин мушташынан кийин чыккан.

Марс Сариев.
Марс Сариев.
Тышкы иштер министрлигин Украинадагы окуяларга карата бул билдирүүсү коомчулукта ар кандай талкууларга жол ачты. Саясий талдоочу Марс Сариев Тышкы иштер министрлигинин буга чейин Украинадагы кырдаалдын курчушуна мурдагы президент Виктор Януковичти айыптап, Крымдагы референдум жыйынтыгын колдогон билдирүүлөрүн эске салып, Кыргызстан Украинадагы соңку окуяларга карата позициясын Орусиянын басымы алдында билдирип жатат деген пикирде:

- Кыргызстандын бул позициясы негизинен туура. Бирок Орто Азиядагы башка мамлекеттер унчукпай турган чакта Тышкы иштер министрлигинин бул билдирүүсү Орусияга колдоо көрсөтүп жаткандай элес калтырат. Бирок Кыргызстан соңку окуяларга байланыштуу унчукпай коюш керек болчу же дал ушундай позицияда болушу керек эле. Кыскасын айтканда, Кыргызстан тең салмактуулукту сактаганга аракет кылып жатат.

Деген менен Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев министрликтин кабатырлануусу кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгына туура келет деген пикирде:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.
- Кыргызстандын Украинадагы соңку окуяларга берген баасы эч кандай эл аралык укуктук нормаларды бузбайт жана кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгына туура келет. Украинанын азыркы өкмөтү кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү астында калды. Кырдаалды ички улутчул күчтөр чагым салып курчутуп жатышат. Биз буга кайгыруу менен карайбыз.

Кыргызстан Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп билдирүү таратты. Азырынча коңшу өлкөлөр эч кандай реакциясын билдире элек. Буга чейин расмий Бишкек болуп жаткан окуяларга Януковичти айыптап, Крымдагы референдумдун жыйынтыгын тааный тургандыгын билдирген. Бириккен улуттар уюму Крымдагы референдумдун жыйынтыгын тааныбаган добуш берүүгө Кыргызстан катышкан эмес.

Одессадагы окуянын таржымалы

2-майда Украинанын Одесса шаарында болгон кагылышуу 30дан ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын жарымынан көбү өрттөн качып, шаардагы Профсоюздар үйүнүн өйдөңкү кабаттарынан секиргенде мерт болушканы кабарланды.

Өрт Украинанын бүтүндүгүн коргоочулар менен орусиячыл жикчилдердин мушташынан кийин чыккан. “Украин правдасы” гезитинин жазышынча, өрттүн тутанышына Украинанын бүтүндүгүн жактагандар ыргыткан бөтөлкөдөгү “Молотов коктейли" себепчи болгон.

УНИАН агенттигинин кабарчысы билдиргендей, Профсоюздар үйүнүн ичинде орусиячыл жикчилдер жүргөн. Алар чатырга чыгып алып, Киев бийлигин колдогондорду көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аткылашкан.

Милициянын маалымдашынча, Одессадагы башаламандык 2-майда күндүз башталган. Ооруканага 40тай адам кайрылып, 10 жакын милиция кызматкери жарадар болгон.

Учурда Украинанын күч түзүмдөрү айрым облустарды орусиячыл жикчилдерден тазалоо аракетин жүргүзүүдө.

Украинанын жактоочулары менен орусиячыл жикчилдердин кагылышы
Одессадагы кагылыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

Украинанын жактоочулары менен орусиячыл жикчилдердин кагылышы
Украина: Одессадагы кагылышуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00


Профсоюздар үйүндөгү өрт
Одесса: Профсоюздар үйүндөгү өрт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

XS
SM
MD
LG