Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Коми: Трамп ФБР тууралуу калп айтып, мени каралады


ФБРдин экс-жетекчиси Жеймс Коми
ФБРдин экс-жетекчиси Жеймс Коми

ФБРдин мурдагы жетекчиси Жеймс Коми 8-июнда АКШ Сенатынын Чалгын иштери боюнча комитетинде көрсөтмө берип, Орусия Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу иликтөөгө байланыштуу президент Трамп менен болгон жолугушууларын айтып берди.

ФБРдин мурдагы башчысынын көрсөтмөсүнө удаа эле Ак үйдүн юристи "АКШнын президенти калпычы эмес" деп билдирди. Жеймс Коми сенаторлордун суроолоруна жооп берип жатып, президент Трамптын ФБР жана анын кызматкерлери тууралуу буга чейин айтканын “карандай эле калп" деди.

Өткөн ай башында Трамп ФБРдин башчысын күтүүсүз кызматтан алган чечимин ФБР жана анын директору 2016-жылкы шайлоого Орусиянын кийлигишкенин эффективдүү иликтей алган жок деп түшүндүргөн.

Президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишкени боюнча

Коминин айтымында, 2016-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоого Орусия аралашууну көздөп, ал үчүн тынымсыз аракет кылган. Бирок иликтөө мекемесинин аны так көрсөтө турган "далилдери" жоктугун дагы айтты. Киберчабуул 2015-жылы башталып, андан бери "жүздөгөн" америкалык компаниялар, коомдук уюмдар орусиялык хакерлердин чабуулуна кабылган. Ошол эле маалда ФБРдин мурдагы башчысы атайын кызматтар Демократиялык партиянын штабынын компьютер серверине түз кирүүгө жол жоктугун айтып, жеке компаниялар берген маалыматтарга гана таянышканын белгиледи.

АКШ Сенатынын Чалгын комитетинин төрагасынын "Трамп Орусиянын шайлоого кийлигишкенин иликтөөнү токтотууну суранды беле?" - деген суроосуна

- Жок, - деп жооп берди Коми.

- Анын шайлоо штабынан же Мамлекеттик департаменттен кимдир бирөөчү?

- Жок

- Трамп бул иликтөөго тартылганбы?

- Жок.

Сенаторлордун биринин "Орусиянын бул кийлигишүүсүн АКШга карата "кастык акты" катары кароого болобу?" деген суроосуна Коми "Ооба," - деп баш ийкеди.

Сенатор Марк Уорнер Коминин президент Трамп менен жеке жолугушууларынын чоо-жайына кызыгып, президент Орусия менен байланышкан Майкл Флинндин ишин токтотууну суранды беле деп тактады. ФБРдин мурдагы башчысы билдиргендей, 14-февралда Ак үйдө президенттин кабинетиндеги жолугушууда Трамп башкаларды чыгарып жиберип, Коми менен көзмө көз сүйлөшкөндө Флинндин маселесин көтөргөн.

Трамп эки жолу [Флинн] "жакшы адам" деп ага байланышкан иликтөөнү токтотуп коюуга түз көрсөтмө бербегени менен «Сиздин колуңуздан келээрине ишенем" - деп айтканы ФБРдин башчысын таң калтырган. Андыктан жолугушуудан чыкканда ал машинесине отурары менен президент менен жолугушууда эмне сөз болгонун аки-чүкүсүнө чейин ноутбугуна жазып, "документтештирип" койгонуна басым жасады.

Бул сүйлөшүүдөн кийин Коми президент Трамп "мындай өтүнүчү менен анын жооптуу кызматта мындан ары калуусун соодалашып" жаткандай сезимде калганын, президент андан «лоялдуу» болууну эки ирет суранганын кайталады.

Сенаторлордун биринин «Президент мырза, андай кылуу колуман келбейт деп эмне үчүн дароо айткан жоксуз?" - деген суроосуна Коми антүүгө мүнөзү жумшактык кылганын мойнуна алды.

"Мындай сүйлөшүүдөн ушунчалык таң калгандыктан, эмне деп айтарымды да билбей калдым," - деген Коми "балким башка бирөөлөр мындай кырдаалда башкача болмок" деп жооп кайтарды.

Бейшембидеги Сенаттын комитетинин жыйыны америкалыктардын өтө чоң кызыгуусун туудурду. Трамп январда Ак үйдө кызматка киришкенден бери өткөн жылкы шайлоого Орусиянын аралашканы тууралуу талаш күчөп, ФБРдин ал кездеги жетекчиси Коми башында турган атайын иликтөө баштаган. Трамптын оппоненттери Коминин кызматтан алынышын Ак үй бул иликтөөгө бөгөт коюу үчүн жасады деп сындап чыгышкан.

8-июнда Коми кызматтан кеткенден кийин биринчи жолу коомчулук алдында өз оюн айтты. Бир күн мурун жети баракка жазылган көрсөтмөсүн ал Сенаттын Чалгын комитетинин мүчөлөрүнө берген. Анда Трамп кызматка киришкенден кийнки төрт айда президент менен тогуз жолу сүйлөшкөнүн, анын ичинде үч ирет бетме-бет кездешсе, калган учурларда телефон менен байланышканын, аларда эмнелер сөз болгонун баяндаган. Ошондой эле ФБРдин мурдагы башчысы бардык жолугушуулар президенттин демилгеси менен өткөнүн билдирет.

9-майда Трамп Комини кызматтан алганы тууралуу катында “Менин [Орусияга байланышкан] иликтөөгө тартылбаганым тууралуу үч жолу ачык айткан. Мен муну өтө жогору баалайм, бирок ага карабастан Юстиция департаментинин ал Федералдык иликтөө бюросун эффективдүү жетектей албайт деген пикирине макулмун” – деп айтылат.

Кийин NBC телеканалына берген маегинде Трамп Коминин кызматтан кеткенин “Уксаңар, ал эл көзүнө ойногон мактанчаак. ФБРде болсо башаламандык болуп жатат” деп айткан.

«ФБРдин миссиясы – Американы коргоо, бул иш менсиз дагы уланат. ФБР – күчтүү, акыйкат жана көз карандысыз уюм бойдон кала берет. Мен мурунку кесиптештерим менен тиешелүү деңгээлде коштошо албаганым үчүн кечирим сурайм. Мен ФБРге ар дайым ыраазымын,» - деди Жеймс Коми Сенаттын Чалгын комитетинде көрсөтмө берүүнүн алдында.

56 жаштагы Жеймс Коми АКШнын тарыхында кызматтан четтетилген ФБРдин экинчи жетекчиси. Бул абройлуу мекеменин башчысы 10 жылга дайындалат. Буга чейин демократтар менен республикачылардын бирдей сыйына татыган Комини төрт жыл мурун президент Барак Обама дайындаган.

XS
SM
MD
LG