Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Трамптын башына кара булут айландыбы?


Президент Трамп, мурдагы кеңешчи Флинн, ФБРдин мурдагы башчысы Коми
Президент Трамп, мурдагы кеңешчи Флинн, ФБРдин мурдагы башчысы Коми

16-майда америкалык медиа президент Дональд Трамп коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусия менен байланышын иликтөөнү токтотууну ФБРдин башчысынан суранганын жазып чыкты.

Өткөн аптада чукул кызматтан алынган ФБРдин башчысы Коми февралда Флинн кызматтан четтетилгендин эртеси Ак үйдө президент менен түштөнгөн. Коми президенттин Флинндин ишин иликтөөнү токтотуу тууралуу айтканын кагазга жазып алганын "Нью-Йорк Таймс" гезити, Рейтер, Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттиктери кабарлады. Медиа агенттиктердин булактары ал кагазды көрүшкөнүн жана жарым- жартылай окуп да калышканын айтып беришкен.

Ак үй болсо маалымат чыгаары менен Трамп Комиден иликтөөнү токтотууну суранганын жокко чыгарды. Коминин кагазы тууралуу кабарды “жалган жана президент менен Коми мырзанын сүйлөшүүсүн айгинелебейт. Президент эч качан Комиден же башка бирөөнөн эч бир иликтөөнү токтотууну суранган эмес” деп билдирет.

“Жеймс Коми прессага билгизбей маалымат бергенден көрө биздин сөзүбүздүн эч кандай жазуусу жоктугуна ишенсин!”

Айрым мыйзам чыгаруучулар менен юристтер мындай кадам кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз берерин айтып чыгышты.

Чуулгандуу кабар 9-майда ФБРдин башчысы иштен кеткенден кийин жана президент Трамп Орусиянын делегациясы менен жолуккан маалда чалгын кызматынын жашыруун маалыматын бөлүштү деп сындалып жаткан учурга туш келди. Ак үй Орусиянын тышкы иштер министри Лавров жана элчиси Кисляк менен жолукканда эч кандай жашыруун маалымат айтылган жок десе, Трамп андай маалыматты бөлүшүүгө укугу бардыгын Твиттерге жазды.

Медиага чыккан кабарларга караганда Трамп Флинн Орусиянын АКШдагы элчиси менен сүйлөшкөнү тууралуу вице-президент Майк Пенске жалган маалымат бергени боюнча ФБРдин иликтөөсүн токтотууну суранган.

“Флинндин ишин басуунун жолун табарыңызга ишенем” деп Трамп Комиге айтканын "Нью-Йорк Таймс" жазып чыкты. “Ал жакшы киши. Анын ишин чече аласыз деп ишенем” деген президенттин сөзүн Коми жазып алган кагазды журналисттерге ФБРдин башчысынын санаалаштарынын бири окуп берген.

Жыл башында ФБР Флинн Орусиянын шантажына дуушар болгон деп шектенип, иликтөө баштаган. Орусиянын Америкадагы шайлоого таасири жана Трамптын жакындарынын Кремль менен байланышын ФБР иликтей баштаганда Коми президенттин “чектен чыккан” аракеттерин ”такай кагазга түшүрүп“ турууну да өзүнө эскертүү иретинде жазып алганын "Нью-Йорк Таймс" баяндайт.

ФБРдин башчысы Трамп менен жолугушууларын “адаттан тышкары” жана “кооптуу” деп санагандыктан күндөлүккө жазып, документтештирип койгон.

Ассошиэйтед Пресс болсо Коминин Трамп менен жолугушуулары тууралуу Конгресстин комитетинде жабык эмес, коомчулуктун алдында жооп берүүгө ниети бардыгын жазат.

Агенттиктердин жазганы боюнча Трамп Коми менен Ак үйдө кездешкенде иш кабинетинен вице-президент Майк Пенсти жана башкы прокурор Жефф Сешнсти чыгарып жиберип, ФБРдин башчысы менен Флинндин иликтөөсү тууралуу көзмө көз сүйлөшкөн.

Ошондой эле жолугушууда Трамп мамлекеттик маанидеги маалыматтардын медиага чыгып кетип жатканын айыптап, Комиге жашыруун сырды жарыялаган журналисттерге көз салууну айткан.

Ак үйдө "Уоттергейттин" карааны көрүнөбү?

Маалымат каражаттарында чыккан чуулгандуу кабарлардан кийин Конгресстеги демократтар улуттук коопсуздук коркунучта деп коңгуроо кага башташты.

“Тарых бизди карап турат” деген Сенаттагы демократтардын лидери Чарльз Шумер “ушул тапта өлкө мурда кийин болуп көрбөгөн сыноодон өтүп жатканын” айтты.

Сенатор-демократ Дик Дурбин болсо “Кошмо Штаттардын президенти Федералдык иликтөө бюросунун башчысына бирөөнүн үстүнөн жүрүп жаткан иликтөөнү токтот дегени шумдуктуудай, таң каларлык иш” десе, анын партиялашы Бен Кардин “Конгресстин республикачылар башында турган жетекчилиги прзеиденттин иши менен сөздөрү Америкадагы мыйзам үстөмдүгүнө канчалык коркунуч туудуруп жатканын таанууга мезгил жетти” деп айтты.

Медианын кабарларына республикачылар дагы тынчсызданып, Коминин гезиттерге чыгып кеткен кагаздарын көрсөтүүнү талап кылышты.

Сенаттын коргонуу комитетинин төрагасы Жон Маккейн соңку учурдагы Ак үйдөгү абал “Уоттергейттин масштабындай” деп бир кезде импичмент менен кызматтан кеткен Никсондун тарыхын эске салды.

Президентке байланыштуу күндө жаңы нерсе чыгып жатканына токтолгон Маккейн Трамп “баарын оң жолго салбаса, канчалык созгон сайын ошончолук чуулгандуу иштер чыга берет” деп айтты.

Салмактуу сенатор-республикачы Трамптын Орусиянын тышкы иштер министри Лавровду Ак үйдө кабыл алганын “келишкис нерсе” деп баалайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG