Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Трамп Орусияга маалымат бөлүшкөнү үчүн сындалды


АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Медиа каражаттары жазгандай, АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өткөн аптада жолукканда өтө жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруу менен “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму тууралуу чалгын маалыматтардын булагына потенциалдуу коркунуч келтирген.

АКШнын президенти Дональд Трамп "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму менен күрөшүү үчүн Орусия менен жашыруун маалыматтарды бөлүшүүгө толук укугу бардыгын билдирди. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

"Президент катары мен терроризм жана аба учуулардын коопсуздугу тууралуу маалыматтарды Орусия менен бөлүшкүм келет, буга менин толук акым бар",-деп жазды Ак үйдүн башчысы.

Америкалык президент өз твитинде Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө Орусияга жардам берүү ниети бардыгын да ишара кылды.

Бир күн мурда "Вашингтон пост", "Рейтерс" жана башка медиа каражаттары президент Трамп 10-майда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен жолугушууда жашыруун маалыматтарды ачыктаганын жазышкан. Медиа мындай кабарды ысымы айтылбаган расмий өкүлдөргө шилтеме жасап маалымдашты.

Жашыруун булактар басылмаларга белгилешкендей, Лавров жана Кисляк менен болгон жолугушууда Трамп сценарийдин алкагынан чыгып, "Ислам мамлекети" террордук уюму тараптан болгон коркунучтар тууралуу кеңири сүйлөй баштаган. Атын атабаган расмийлер жашыруун маалыматтарды Вашингтонго "Ислам мамлекети" радикал тобунун ички иштерине аралашкан союздаштар кабарлаганын жана алар бул маалыматтарды Москва менен бөлүшүүгө уруксат бербегенин, Трамптын бул ыктымал кадамы өнөктөштөр менен кызматташууну коркунучка кептеши мүмкүндүгүн медиа каражаттарына айтышкан.

Бул айыптоону Ак үй жана АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон ошол замат төгүндөп, Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер аларды “жалган” деп сыпаттады.

- Президент америка элинин коопсуздугу маселесине өтө олуттуу мамиле жасайт. Бүгүн кечинде айтылган окуя чындыкка дал келбейт. Тышкы иштер министри менен эки өлкө үчүн коркунуч туудурат делген бир нече маселени талкуулады. Алардын ичинде жарандык авиацияга коркунучтар тууралуу айтылды. Ал эми чалгын ыкмалары боюнча маселе эч качан жана эч кандай жагдайда талкуулаган жок. Президент коомчулукка жашыруун эч бир аскердик операциялар тууралуу айткан эмес. Мен ошол бөлмөдө тургам жана эч нерсе болгон эмес.

Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер.
Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да бул айыптоолорду четке какты. Мекеменин маалымат катчысы Мария Захарова Фейсбуктагы баракчасына "Силер дагы америкалык гезиттерди окуп алдыңарбы? Аларды окубаш керек"-деп жазды.

Ал эми Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Бул теманын бизге эч тиешеси жок. Бул кезектеги сандырак сөздөр жана биз буга такыр көңүл бургубуз келбейт", - деп айтты.

Конгресстеги демократтар, республикачылардын айрымдары да жашыруун делген маалыматтын ачыкка чыгуусун айыптап, аны “кооптондурарлык”, “коркунучтуу”, “акылсыздык” деп аташты. Сенаттагы демократ Марк Варнер бул маалымат чын болсо, ал АКШнын чалгын кызматын "жаакка чапканга барабар" деп жазды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров май айынын башында Вашингтондо мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жана президент Дональд Трамп менен жолуккан. АКШ президенти жолугушууну “абдан жакшы” өттү деп баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG