Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Трамп менен Эрдоган АКШда жолукту


Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган.
Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган.

Вашингтондо АКШ жана Түркия президенттеринин алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсү өттү.

Эки ортодогу айрым пикир келишпестиктерге карабай, тараптар кызматташтыктын азыркы абалын кубаттоо менен чыңдап, өнүктүрүүнү да убада кылышты.

Вашингтондо Дональд Трамп да, Режеп Тайып Эрдоган да Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жана кызматташтыктын болочогу тууралуу оптимисттик көз караштарын айтышты:

- Биз биринчи кезекте Түркияны “Ислам мамлекети” тобу, Күрт жумушчу партиясы өңдүү террордук уюмдар менен күрөштө колдойбуз. Бул террордук топтор үчүн коопсуз жай болбошун кепилдейбиз. Түркиянын Сириядагы үрөй учурган өлүмдөрдү токтотуу боюнча лидерлигин да жогору баалайбыз. Президент Эрдоган жана мен биздин соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүнү да талкууладык. Бул эки өлкөгө тең пайда берүүчү мамиле курала ала турган чөйрө.

Ал эми Эрдоган АКШнын азыркы президенти менен алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсүн атүгүл “жаңы доорго негиз салуу” деп да мүнөздөп жиберди.

Бирок ал Анкара НАТО боюнча өнөктөшү менен бузула түшкөн мамилени оңдоону каалап турганын айтканы менен, Түркия АКШнын Сириядагы күрт кошуундары менен кызматташуусуна эч убакта макул болбой турганын да эскертти:

- Биз алака-катышыбызды кеңейтүүгө чечкиндүүбүз. Мен Кошмо Штаттардагы азыркы сапарым тарыхый бурулуш болот деп санайм. YPG жана PYD топторун (Сириядагы күрт кошуундары) аймакта эч убакта кабыл алынбайт жана бул биз жетишкен глобалдык макулдашууга да каршы келет.

Сириялык күрттөрдүн Эрдоган “кабыл алынгыс”деп атаган күрт кошуундарын АКШ бул жерде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштөгү башкы өнөктөштөр деп санайт.

Мына ушул максатта сириялык күрттөрдү курал менен камсыздоо планы бардыгын Вашингтон Эрдогандын сапарын утурлай ачыктаган болчу. Анкара аларды террорчу жана өзүндөгү күрт согушкерлери менен байланышта деп санагандыктан Вашингтондун планына дароо эле каршылык билдирген.

Сириядагы күрт кошуундары.
Сириядагы күрт кошуундары.

АКШ да, Түркия да Сирия президенти Башар Асадга каршы оппозициядагы күчтөрдү колдогонуна карабай Вашингтон менен Анкаранын ортосунда жаңжалдын мына ушул өңүтү боюнча пикир-келишпестик бар.

Түрк-Америка президенттеринин сүйлөшүүсү Орусия, Иран, Түркия Сирияда төрт деэскалация зоналарын түзүүнү макулдашкандан кийинки учурга да туш келди.

Сириялык козголоңчулар ал планды сынга алышкан, АКШ этият гана мамилесин билдирип, анын деталдарын билүү талап кылынарын, Ирандын бул иштеги ролу боюнча тынчсыздануулар бар экенин белгилеген.

АКШ менен Түркиянын ортосунда диниятчы Фетхуллах Гүлендин маселеси да бар. Анкара былтыр июлдагы аскерий төңкөрүш аракети артында турду деп айыптаган диниятчыны өткөрүп алгысы да келет, бул үчүн Вашингтонго расмий өтүнүч да жолдогон болчу.

Эрдоган менен Гүлен.
Эрдоган менен Гүлен.

Гүлендин өкүлү, “Бирдей баалуулуктар” деп аталган альянстын аткаруучу директору Алп Асландоган Рейтер агенттиги менен маегинде буларга токтолду:

- Экстрадиция бул негизинен укуктук, жарым-жартылай гана саясий маселе. Экстрадиция боюнча эки тараптуу келишимде аныкталган укуктук жараян бар. Биз АКШ өкмөтү ошол жараянды сактайт деп эсептейбиз. АКШ мыйзамды сыйлаган өлкө да, Гүлен мырза да эч бир мыйзамды бузбады. Ал эми Эрдогандын айыптоосунун эч негизи жок. Юстиция министрлиги (АКШнын) Түркия жөнөттү делген далилдерди бир нече айдан бери карап жатат. Эгер соттун кылдат көңүл буруусуна жарактуу реалдуу далилдер болсо, алар бул боюнча бир нерсе жасайт деп ишенем.

Диниятчы Фетхулла Гүлен өз тарабынан түрк бийлигинин дооматтарын четке кагып, мекенинде анын үстүнөн адилет сот болбойт деп ырастаган.

Түркия президентинин Ак үйгө азыркы сапарын комментарийлеген айрым баяндамачылар эки ортодогу пикир келишпестиктерге карабай, Вашингтон-Анкара мамилеси мурдагы президент Барак Обаманын тушундагыга караганда оңолгонуна да көңүл бурушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG