Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

"ФСБ башчысы Путин менен сүйлөшөм деди"


23-майда ЦРУнун мурдагы башчысы Жон Бреннан Сенатта көрсөтмө берип жаткан учуру.
23-майда ЦРУнун мурдагы башчысы Жон Бреннан Сенатта көрсөтмө берип жаткан учуру.

АКШда Орусиянын таасирине байланышкан иликтөө уланууда. ЦРУнун мурдагы башчысы Америкада президенттик шайлоо өнөктүгү кызып турган маалда Орусиянын ФСБсынын директору менен сүйлөшкөнүн айтты.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын – ЦРУнун мурдагы директору Жон Бреннан өткөн жайда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын башчысы менен америкалык дипломаттардын артынан түшүүнү токтотуу жана Москванын президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча сүйлөшүп, нааразылык билдирген.

Бреннан ФСБнын башчысы Александр Бортников менен 4-августта АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү кызып турган маалда сүйлөшкөн.

23-майда ЦРУнун мурдагы башчысы сенаторлордун суроолоруна жооп берип жатып Бортниковго “Америкалык добуш берүүчүлөр Орусиянын шайлоого кийлигишүүгө жасаган бардык аракеттеринен алыс болушу керектигин айттым”, - деди.

- Эгер Орусия бул багытты уланта берсе, Вашингтон менен Москва ортосундагы мамилени жакшыртуунун келечегине кедергисин тийгизерин эскерттим, - деген ЦРУнун мурунку башчысы орусиялык башкы чекист маселени президент Путин менен талкууларын айтканын кошумчалады.

Бреннан ошондой эле Москванын АКШдагы шайлоого таасирин көтөрүп чыккан биринчи америкалык расмий жетекчи болгонун белгиледи.

Бреннан Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланышын иликтеген талаштуу иштин алкагында Сенаттын комитетине көрсөтмө берүүгө чакырылган.

- Орусия 2016-жылдагы биздин шайлоого карөзгөйлүк менен кийлигишкени ар бирибизге айдан ачык. Алар биздин катуу каршылыгыбызга жана ачык эскертүүлөрүбүзгө карабастан мындай иштерди жасады, – деди ЦРУнун мудагы башчысы сенаторлорго.

Мындай шектенүүлөр Трамптын администрациясы январь айында Ак үйгө келип кызматка киришкенден бери уланууда.

Бреннан Бортников экөө сүйлөшкөндөн кийин ФБР Трамптын жакын адамдары менен Орусиянын расмийлеринин ортосунда жашыруун макулдашуу болгон-болбогонун иликтөөгө киришкен.

ФБРдин иликтөөсүнө илинип калган жогорку даражалуу адамдардын арасында Трамптын коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Майкл Флинн да бар. Ал Орусиянын расмийлери, анын ичинде орустардын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен жолугушуулары тууралуу Ак үйгө туура эмес маалымат бергени үчүн февраль айында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Президент Трамп, мурдагы кеңешчи Флинн, ФБРдин мурдагы башчысы Коми
Президент Трамп, мурдагы кеңешчи Флинн, ФБРдин мурдагы башчысы Коми

Ушул ай башында Трамп талаштуу иликтөөнү жүргүзгөн ФБРдин башчысы Жеймс Комини күтүлбөгөн жерден иштен алган. "Нью-Йорк Таймс" гезити Трамп Комиден Флинн боюнча ишти токтотуп коюуну өтүнгөнүн жазып чыкканы Вашингтондо саясий тирешти күчөттү.

10-майда президент Трамп Ак үйдө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен орустардын элчиси Сергей Кислякты кабыл алгандан кийин күмөн саноо дагы күчөдү. Ага удаа эле "Нью-Йорк Таймс" жолугушуу маалында Трамп “акыры Комиден кутулганын” Лавровго айтканын жазып чыкты.

Бул болсо Ак үй Орусиянын таасирин иликтөөнү басып коюуга кызыкдар деген күмөн саноону күчөттү. Юстиция департаменти ишти иликтөөгө көз карандысыз прокурор дайындады.

23-майда Сенаттагы угууда жыл башында ЦРУдан четтетилген Бреннанга Трамптын жакындары менен орусиялык расмийлердин жашыруун сүйлөшүүлөрүн же байланыштарын көрө алганы тууралуу суроо берилди.

“Орусиялык расмийлер менен АКШдагы Трамптын шайлоо кампаниясындагы адамдардын өз ара байланыштарын көрсөткөн маалыматтарды жана чалгын маалыматтарын кезиктиргем”, - деди ЦРУнун ал кездеги башчысы Бреннан.

Сенаттын коргонуу комитетиндеги угууда Улуттук чалгын мекемесинин учурдагы директору Дон Коутска “Вашингтон Пост” гезити жазгандай, Трапм андан жана Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысынан Ак үй менен Орусиянын расмийлеринин жашыруун сүйлөшүүсүн жокко чыгарып койгула деп суранды беле деген суроо берилди.

Коутс мындай кабарды четке каккан жок, бирок Трамп менен сүйлөшкөндөрүн ачык талкуулоону туура көрбөстүгүн айтты.

Трамптын коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси Флинн Сенаттын комитетине келип көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Анын адвокаты Флинн өзүнө каршы көрсөтмө бербөө укугуна таянарын жүйө кылып, Сенатка кат жолдогон.

23-майда Сенаттын комитетинин демократ жана республикачы төрагалары кол куушуруп отурбай турганын, Флинндин эки бизнесине байланышкан документтер бардыгын айтышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG