Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Трамп мусулмандарды терроризмге каршы биригүүгө үндөдү


Саммиттин катышуучулары. Эр -Рияд, 21-май, 2017-жыл.
Саммиттин катышуучулары. Эр -Рияд, 21-май, 2017-жыл.

Сауд Арабиянын борборунда Араб-Ислам-АКШ саммити өтүп, президент Дональд Трамп мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерин экстремизмдин тамырын кыркууга чакырды. Ошондой эле Иранды “диний араздашууга жана террорго” май тамызып жатат деп айыптады.

Сауд Арабия Дональд Трамп АКШ президенти катары чет жакка барган алгачкы өлкө болуп калды.

Эр-Риядда 50дөн ашуун мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери катышкан саммит АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөш мамлекеттин бийликтери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин өттү.

Саудияда ал падыша Салман баштаган бийликтер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Перс булуңу кызматташтык кеңешине кирген калган беш араб өлкөсү же АКШнын аймактагы салттуу өнөктөштөрү: Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар, Бириккен Араб Эмираттарынын лидерлери менен өзүнчө да жолукту.

Ал эми диний экстремизмге каршы күрөшүү борбордук маселе болгон саммитке Жакынкы Чыгыштан башка аймактардан да мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери катышты.

Президент Дональд Трамп жыйында Жакынкы Чыгышта “экстремизмдин тамырын кыркуу” максатында “мамлекеттердин коалициясын” түзүүгө чакырып, буларга токтолду:

- Биз бул жерге силерди окутканы келген жокпуз. Биз бул жерге башкаларга кантип жашоо, эмне кылуу, кантип сыйынуу керектигин айтканы да келген жокпуз. Мунун ордуна биз орток кызыкчылыктарга жана баалуулуктарга негизделген өнөктөштүктү сунуш кылып келдик. АКШ орток кызыкчылыктар, орток коопсуздук үчүн силер менен бирге турууга даяр. Бирок Жакынкы Чыгыштын эли душманды Америка бийлиги келип жеңип берет деп күтө албайт. Өз өлкөлөрү, ачык айтканда өз үй-бүлөлөрү, балдары үчүн кандай келечекти кааларын Жакынкы Чыгыштын мамлекеттери өздөрү чечиши керек. Бул эки келечектин бирин тандоо. АКШ ал тандоону силерге жасап бере албайт. Жаркын келечек силердин мамлекеттер террорчуларды, экстремисттерди кууп чыкканда да гана мүмкүн болот. Аларды өз өлкөңөрдөн, сыйынуу жайлардан, ыйык жериңерден, жер бетинен кууп чыккыла!

Дональд Трамп экстремизмге сокку урууну “түрдүү диндер, секталар же цивилизациялар ортосундагы күрөш эмес, адам өмүрүн кыйууга умтулган варвар кылмышкерлер менен анын сактоону көздөгөн ак ниетүү адамдар ортосундагы күрөш. Бул жамандык менен жакшылыктын ортосундагы күрөш”,- деп да кошумчалады.

Саммитке тушташ Эр-Риядда экстремисттик идеологияга каршы күрөшүү боюнча глобалдык борбор да ачылды. 21-май, 2017-жыл.
Саммитке тушташ Эр-Риядда экстремисттик идеологияга каршы күрөшүү боюнча глобалдык борбор да ачылды. 21-май, 2017-жыл.

Жакынкы Чыгышта экстремизмге каршы күрөш дегенде азыр эң биринчи кезекте “Ислам мамлекети” тобу эске алынат.

Саммиттин конок ээси, Саудия падышасы Салман өз сөзүндө төмөнкүлөргө кайрылды :

- Сөз экстремизмге каршы туруу, кандай формалары болбосун терроризмге каршы күрөшүү, анын булактарын соолутуу, каржылануу жана жайылтуу ыкмаларынын баарын токтотуу, бүткүл адамзатка коркунуч туудурган бул көрүнүшкө чечкиндүү каршы туруу үчүн конструктивдүү кызматташтык жөнүндө жүргөндө биз дагы ушундай эле ак ниет сезимдердебиз.

Сауд падышасы Салман, АКШ президенти Дональд Трамп дагы өз сөздөрүндө Иранды сындап өтүштү.

Саммиттин катышуучулары. Эр-Рияд, 21-май, 2017-жыл.
Саммиттин катышуучулары. Эр-Рияд, 21-май, 2017-жыл.

Трамп Иранды “диний жаңжалга жана террорго май тамызып жатат" деп айыптап, аны эл аралык деңгээлде изоляциялоого чакырды.

Тегеран Сирия президенти Башар Асадды колдоо менен алты жылдык жарандык согушта “айтууга болбой турган кылмыштар” жасалышына мүмкүндүк берди, аймакта “кыйроо менен башаламандыкты жайылткан шийит кошуундарын каржылап, курал берип, машыктырып жатат" деп белгиледи.

Трамптын артынан АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон да Иран аймактагы “гегемондук ишмердигин” улантып жатат деп кошумчалады.

Эр-Рияддагы айыптоолорго президенттик шайлоону жаңы эле жыйынтыктаган Ирандан азырынча жооп боло элек.

АКШ президентинин Саудия борборундагы сөзү анын алгачкы чет элдик сапарындагы чечүүчү учур катары каралууда.

Анын үстүнө Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда мусулмандарды жектеген сөздөрдү айтып, кызматка киришкенден кийин өлкөсүнө алты-жети мусулман мамлекетинин жарандары менен качкындарды убактылуу киргизбөөгө аракеттенген болчу.

Сауд Арабиядан соң Трамп Израилге барат. Бул сапары учурунда АКШ президенти Израилдин да, Палестинанын да лидерлери менен кездешет.

Буга чейин Беньямин Нетаньяху, Махмуд Аббас да Ак үйгө барып кетишкен. Аббас ушул айдын башында Трамптын колдоосу астында Нетаньяху менен жолугууга даяр экенин айткан болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG