Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

Иран АКШ менен Саудиянын талоонунда калды


Трамп менен Салман
Трамп менен Салман

Дональд Трамптын Сауд Арабия сапарына удаа АКШ-Иран кайым айтышы кайра жанданды. Трамп Тегеранды террорго май тамызып жатат деп сындады. Ал эми Иран Вашингтондун саудиялыктар менен түзгөн миллиарддаган келишимин айыптап, тээ илгерки Нью-Йорк терактын эске салды.

АКШ президенти Дональд Трамптын биринчи чет өлкө сапары бул өлкөнүн Иран менен кайым айтышуусун ого бетер күчөттү.

Трамп 22-майда Израилге келгенде да "куралдуу кошуундарды жана террорчуларды" колдоону токтотуп, өзөктүк куралга ээ болбошу керек деп Иранга эскертти.

Андан мурда жекшембидеги мусулман өлкөлөрү менен АКШнын саммитинде да терроризмге каршы күрөшүү жаатында сүйлөп жатып Дональд Трамп:

- Ливандан Иракка, Йеменге чейинки бүтүндөй чөлкөмдү талкалап, башаламандык жаратып жаткан террорчуларды, козголоңчуларды жана башка экстремисттик топторду Иран каржылап, куралдандырып жана машыктырууда. Ондогон жылдар бою Иран диний жаңжалдарга жана террор отуна май тамызып келди. Ирандын трагедиялык жана дестабилдештирүүчү салымдарынын бирин Сириядан көрүп жатасыңар. Ирандан колдоо алган Асад сөз менен жеткире алгыс кылмыштарды жасады.

Сириядагы жарандык согушта АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү менен Сауд Арабия баштаган айрым перс мамлекеттери куралдуу оппозицияны колдоп келет. Ал эми Иран менен Орусия элине химиялык курал колдонгон деп айыпталган Сирия президенти Башар Асадды кубаттайт. Ушундан улам Трамп анын бул саясатына каршы чыгууга, өнөктөшкө айланмайын Иранды изоляциялоо үчүн бирге иштөөгө чакырды.

Сауд Арабия королу Салман дагы айыптап, Ислам революциясынан кийин Иран террорчулукту колдоо жолуна түштү деген эле.

Саммиттеги айыптоолор жоопсуз калган жок. Бир нече сааттан кийин Иран тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Твиттердеги баракчасына АКШ менен Сауд Арабиясынын курал жана инвестициялык келишимин какшык аралаш сынга алды.

"Иран чыныгы шайлоону өткөргөндөн кийин дароо @POTUS (Трамптын "Твиттердеги" кыскартылган аты - ред.) тарабынан чабуулга калды. Сырткы саясатпы же жөн гана Сауд Арабиясынан 480 млрд долларды саап алуубу?"

Иран министри Трамптын сапары учурунда түзүлгөн АКШ-Сауд Арабия келишимин айтууда. Анын ичинде 110 млрд долларга саудиялыктар Кошмо Штаттардан курал сатып алары маалымдалган.

Ошол эле учурда Иран кайра Эр-Рияддын өзүн террорчулукка айыптап келет. Жавад Зариф башка бир медиага жазган сөзүндө 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорк терактын эске салат. Ал АКШ адегенде Саудия менен ушул теманы, ошондой терактты болтурбоо боюнча сүйлөшүүсү керек деп эсептейт.

Нью-Йорк терактын ишке ашырган 19 адамдын 15и саудиялыктар экени такай айтылып жүрөт. Ал эми Сауд Арабиясы ал терактка тиешеси болбогонун билдирип келет.

Ирандын кайра шайланган президенти Хасан Роухани да Араб-Ислам-АКШ саммитин сынга алды. Ал Саудияда өткөн жыйынды "мааниси жок шоу" деп атады. Роухани Жакынкы Чыгыштагы туруктуулук Ирандын жардамысыз мүмкүн эместигин кошумчалап, АКШны аймакты "билбегендиги" үчүн айыптады.

- Ирансыз аймактагы туруктуулук калыбына келет деп ким айта алат? - деди ал.

Өгөйлөнгөн өзөктүк келишим

АКШ жаңы президенттик администрациясы менен Тегерандын мамилесин курчуткан, жогоруда Трамп эске алып жаткан дагы бир маселе бар. Ал 2015-жылы жетишилген өзөктүк келишим. Аны Барак Обама кызуу кубаттап, АКШ баш болгон алты дүйнөлүк байманалуу мамлекет менен Иран түзүшкөн.

Ага ылайык Иран өзөктүк программасын кыскарткан. Жооп иретинде Батыш көп жылдык санкцияларынын басымдуусун жойгон. Ал ортодо бизнес алакалары, Ирандын мунай өндүрүүсү кайра жанданган болчу. Бирок Трамп талапкер кезинен эле ал өзөктүк келишимди жактырбай, Иран аны аткарбай, өзөктүк дымагын тыйбай жатат деп сындап келет. Жакында эле келишим текшерилип жатканын, бүткөн соң Иранга тийиштүү жооп берилерин эскерткен.

Бул арада Ирандагы президенттик шайлоону ошол өзөктүк келишимге жетишкен президенти Хасан Роухани кайрадан жеңди. Муну талдоочулар Иран эли келишимди сактоого кызыкдарлыгын көрсөттү деп баалашууда.

Тегеран университетинин дүйнөлүк изилдөөлөр факультетинин профессору Фоад Изадинин оюнча президент Роухани батыш менен кайра калыптана баштаган жакшы мамилени сактап калууга кызыкдар:

- Ал Кошмо Штаттары менен чатакташууну каалабайт. Ал чыңалууну жандырууну каалайт. Бирок көйгөй АКШ Конгрессинде, Трамптын айланасындагы адамдардын арасында антиирандык күчтөрдүн көптүгүндө болууда. Иранга карата басымды саудиялыктар, израилдиктер сүрөмөлөп атышат. Роухани конфронтацияны каалабаганы менен ушундайлар анын ишин өтө оорлотууда. Ал өзөктүк келишимди сактап калууну көздөйт. Бирок чынында чоң тоскоолдуктарга кептелүүдө.

Анткен менен Ирандын бийлик чөйрөсүндө да баары президент Роуханиден көз каранды деп айтуу да кыйын. Акыркы шайлоодо өзөктүк келишимди, батыш менен ымалада болууну өлкөнүн башкы көсөмү аятолла Али Хаменейи баш болуп сындашты. Ал колдогон консерватор талапкер Эбрахим Раиси шайлоодогу негизги талапкер болуп, марага экинчи келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG