Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Ирандын жогорку лидери өзөктүк программа боюнча келишимди жактырды


Аятолла Али Хаменеи.
Аятолла Али Хаменеи.

Аятолла Али Хаменеи Тегеран дүйнөнүн алты ири державасы менен түзгөн келишимди жактыруу менен өкмөткө сак болууну жана Кошмо Штаттарга ишенбөөнү эскертти.

Президент Хассан Роуханиге жолдогон катында аятолла Хаменеи АКШ менен Европа биримдиги санкциялар алынганы тууралуу ачык жарыялоосу зарылдыгын жана келишимдин бир нече алсыз жерлери бардыгын белгиледи.

Иранда мамлекеттик маанидеги маселелердин баарында акыркы сөздү айткан Жогорку лидер ирандык сүйлөшүүчүлөргө колдоо көргөзгөнү менен, буга чейин өзөктүк прогрмма боюнча келишимди кабыл аларын же четке кагарын ачык билдирбей келген.

Иран өзөктүк программасынын алкагындагы иштерди чектөө менен муну текшерүүнүн ишенимдүү механизмине көнгөн шартта ага каршы эл аралык санкциялар жоюлуусун караган келишим быйыл июлда түзүлгөн.

Бир тараптан ага Иран, экичи тараптан АКШ, Британия, Орусия, Германия, Франция, Кытай кол коюшту. Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайбы деп шек санашса, Тегеран программасы толугу менен тынчтык максатты гана көздөрүн айтып жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG