Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:20

Сешнс: Орус элчиси менен эмнени сүйлөшкөнүм эсте жок


Жефф Сешнс Сенаттын Чалгын комитетинде суроолорго жооп берүүдө.
Жефф Сешнс Сенаттын Чалгын комитетинде суроолорго жооп берүүдө.

13-июнда АКШ баш прокурору Жефф Сешнс Сенаттын комитетинде Орусиянын расмийлери менен жолукканда АКШдагы президенттик шайлоо тууралуу сүйлөшпөгөнүн айтты.

Шейшембиде Сенаттын Чалгын комитетинде көрсөтмө берген баш прокурор жана юстиция министри Жефф Сешнс Орусия менен байланышы, айрыкча шайлоо алдында орус элчиси Сергей Кисляк менен жолугушканы тууралуу сенаторлордун суроолоруна жооп берди.

“35 жылдан ашуун ар-намыс менен кызмат өтөгөн өлкөгө шек келтиргеним же демократиялык процесстин бүтүндүгүн бузуу үчүн кимдир бирөө менен кандайдыр бир жашыруун сүйлөшүүгө барганым тууралуу айтылгандар – адамды иренжиткен калп”, - деген Сешнс 2016-жылы Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен эки жолу жолукканы гана эсинде экенин айтты.

Трамптын шайлоо штабында кеңешчи болгон Сешнс жыл башында баш прокурордун кызматына киришип жатканда орусиялыктар менен такыр жолукпаганын айткан эле.

Ушул жылдын март айында өткөн жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын таасири болгон же болбогонун иликтөө башталганда Сешнс өз ниети менен иликтөөдөн четтеп, мындай чечимин Юстиция департаментинин ички эрежелерине байланыштуу кабыл алганын түшүндүргөн.

Сенаторлордун биринин орусиялык элчи менен жолукканын ырастаган же жокко чыгарган кандайдыр бир документтерди Сенат комитетине бере аласызбы деген суроосуна “ооба” же “жок” деп так жооп берген жок.

Комитет мүчөлөрү ФБРдин мурдагы башчысы Комиге байланыштуу жагдайлар боюнча баш прокурорго бир катар суроолорду беришти.

Сешнс болсо Коминин кызматтан алынышына “Орусия менен байланышкан иликтөөнүн” эч тиешеси жоктугун, ФБРдин башчысы “өз ишин жакшы аткара албагандыктан” кеткен деп ишендирди. Президент Трамп болсо ФБРдин башчысы Орусияга байланышкан ишти жигердүү жүргүзө албагандыктан кызматтан четтетилгенин айткан.

- Президент же дагы кимдир бирөө менен Орусияга карата ФБРдин жетекчиси Коми башында турган иликтөө жүрүп жатканын талкууладыңыз беле?

- Сенатор Файнстайн, бул президент менен баш прокурордун ортосундагы сүйлөшүү болгондуктан мен эч кандай комментарий бере албайм.

- Сиз ушул жерде туруп бул маселени [Президент] менен талкууладыңыз беле же жокпу - суроого жооп бере албайсызбы?

- Ооба, ошондой.

- Силер ФБРдин башчысынын иштен алынганын талкуулап, бирок анын себептерин айта албайм дегениңиз кандай?

- Анын себептери боюнча доклад жазуу жүзүндө президентке берилген, ал болсо аны коомчулукка ачык айтты.

- Демек, силер Коминин иштен алынганын оозеки сүйлөшкөн жоксуңар?

- Мен бул жана башка темалар боюнча президент менен жеке сүйлөшүүлөрүмдү бышыктай да, жокко да чыгара албайм.

- Жок болсо "жок" деп эле жооп бергениңиз оң го?

- Ооба болсо "ооба" деп эле жооп бермекмин, бирок ал дагы туура эмес болуп калат

8-июнда ФБРдин мурдагы башчысынын сенаттагы көрсөтмөсүнөн кийин Жефф Сешнс да ошол жерге келип суроолорго жооп берүүгө өзү демилге көтөргөн.

Мурдагы сенатор, президентикке Трамптын талапкерилигин биринчилерден болуп колдогон Сешнс жыл башында АКШнын баш прокурору жана юстиция министри болуп дайындалган.

8-июнда дал ушул комитетте ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми көрсөтмө берип, Орусияга байланышкан иликтөөнүн айынан күтүүсүздөн иштен алынганын айткан. ФБР баштаган ишке мекеменин директору Жейсм Коми жетекчилик кылган.

Коми өз көрсөтмөсүндө президент Трамптын ФБР өз милдетин аткара албай калган деп айтканын "калп айтып, каралоо" деген. Сенаторлорго берген көрсөтмөсүндө Трамп Ак үйдө бетме-бет сүйлөшүүлөрдө Майкл Флинндин маселесин көтөрүп, андан «лоялдуу» болууну эки ирет суранганын айткан.

9-майда Трамп Юстиция департаментинин Коми “Федералдык иликтөө бюросун эффективдүү жетектей албайт деген пикирине макулмун” – деп айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG