Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Трамп Орусиянын киберчабуулун тааныды


Дональд Трамп (оңдо) маалымат жыйынына балдары менен келди.
Дональд Трамп (оңдо) маалымат жыйынына балдары менен келди.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп орус тарапта ага каршы компроматтар бар деген кабарды жалган деп атады. Бирок ал шаршембидеги алгачкы маалымат жыйынында киберчабуулдардын артында Орусия турушу мүмкүндүгүн мойнуна алды.

Дональд Трамптын президент болуп шайлангандан берки алгачкы маалымат жыйынында “жалган кабар” деген сөз айкашы эң көп кайталангандардын бири болду.

Чү дегенде эле Трамп Орусияда өзүнө каршы компраматтар бар деген кабарларды четке какты. Ошондой эле мындай маалыматтарды чыгарды деп атайын кызматтарды айыптады.

10-январда америкалык жана британиялык басылмалар АКШнын анонимдүү расмийлерине таянып, орус чалгын кызматтарында Трампка каршы жеке жана каржылык мүнөздөгү компроматтар бар экенин жазышкан эле.

Шайланган президент аларды “оорулуу адамдар” чыгарган “жалган жаңылыктар” деп атады:

- Бүгүн орус президенти Путиндин билдирүүсү чыкты. Анда бул жалган маалымат экени белгиленди. Алар мындай болгон эмес деп айтып жатышат. Эгер аларда кандайдыр бир маалымат бар болсо, аны кубануу менен ачыкка чыгарышмак.

Трамп: Путин менен мамиле түзө алам
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

​Трамп Орусия менен эч кандай байланышы, бизнес келишимдери же кредиттери жок экенин, келечекте да макулдашуулар болбостугун белгиледи.

Бирок шайланган президент киберчабуулдардын артында Орусия турушу мүмкүндүгүн мойнуна алды. Ошентсе да хакердик аракеттерди башка тараптар деле, маселен, Кытай деле жасашы ыктымал деген оюн ортого салды.

“Киберчабуулдардын артында Орусия тураарына ишенсеңиз, орус президенти Путинге эмне демекчисиз?”,-деген суроого Трамп мындайча жооп берди:

- Ал муну кылбашы керек эле. Мен башкарып турганда Орусия бизди көбүрөөк сыйлап калат. Киберчабуулдарды Орусия гана жасабайт. 22 миллион аккаунтту Кытай бузуп кирген ,-деди Трамп.

Ал “эгер Путин Дональд Трампты жактырса, бул жагдайды жакшы мүмкүнчүлүк катары бааларын, себеби эки өлкөнүн мамилеси өтө начарлап кеткенин” айтты.

Трамп: Орусия АКШны көбүрөөк сыйлап калат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

Шайланган президент 90 күндүн ичинде киберчабуулдардан коргонуу планы иштелип чыгат деди. Ошондой эле электрондук каттары ачыкка чыгып кеткен Демократиялык партиянын улуттук комитетин хакердик аракеттерден жакшы коргоно алган жок деп айыптады.

Айтмакчы, Трамп бул партиянын президенти Барак Обаманын саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону көздөгөн Obamacare долбоорун артка чакыртаарын жар салды. Ал бул долбоорду “алаамат” деп атап, министрлер кызматка киришери менен план иштелип чыгаарын, натыйжада Obamacare долбоору дароо алмаштырылаарын белгиледи:

- Бул долбоор демократтардын маселеси. Биз маселени чечүү менен биз аларга жакшылык кылып жатабыз, - деген Трамп жаңы медициналык долбоору дагы арзаныраак жана сапаттуураак болоорун ырастады.

Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин кызыкчылыктардын кагылышына жол бербестигин, анын кыймылсыз-мүлк жаатындагы бизнесин эки уулу башкараарын белгилеп, шайлоо өнөктүгүнөн берки талаштуу дагы бир маселеге токтолду. Ал АКШ менен Мексиканын чегине мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотот деп ишенген дубалды куруп баштаарын, чыгымды Мексика же салык, же ар кыл төлөмдөр аркылуу төлөп берерин айтты.

Кантсе да убадалардын аткарылышы АКШнын 45-президенти 20-январда кызматка расмий киришкенден кийин анык көрүнмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG