Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Ак үйдө маалымат жашырган Флинн кызматтан кетти


Генерал Майкл Флинн
Генерал Майкл Флинн

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн кызматтан кетти.

Ак үйдүн жогорку даражалуу кызматкери өткөн жылдын декабрында орус элчиси Сергей Кисляк менен байланыштары тууралуу толук маалымат бербегенин мойнуна алып, президент Дональд Трамптан кечирим сурады. Эми генерал Флинндин ордуна дагы бир генерал Жозеф Келлог кеңешчинин милдетин аткарат.

Флинн кызматтан кетүү тууралуу арызында Трамптын президенттик инаугурациясынын алдында окуялар тез өзгөргөндүктөн жана «өзүнүн байкабастыгынан улам вице-президентке жана башкаларга Орусиянын элчиси менен телефондон сүйлөшкөнү боюнча толук маалымат» бере албай калганын мойнуна алат.

«Мен президенттен жана вице-президенттен чын ниетимден кечирим сурадым, алар кабыл алышты» - деген Флинн декабрь айында Орусиянын элчиси Сергей Кисляк менен бир нече ирет сүйлөшкөн.

Адегенде генерал Флинн элчи Кисляк менен санкциялар жөнүндө сүйлөшкөнүн четке каккан, аны вице-президент Майк Пенс дагы колдогон. Кийинчерээк Флинн санкцияларга байланыштуу сөз болгон болушу мүмкүн экенин Ак үйгө билдирген.

АКШ президенти Орусиянын президенти менен сүйлөшүүдө. Трамптын жанында тургандар: администрация башчысы Райнс Прибус, вице-президент Майк Пенс, башкы кеңешчи Стив Бэннон, маалымат катчысы Шон Спайсер жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Флинн, 28.01.2017
АКШ президенти Орусиянын президенти менен сүйлөшүүдө. Трамптын жанында тургандар: администрация башчысы Райнс Прибус, вице-президент Майк Пенс, башкы кеңешчи Стив Бэннон, маалымат катчысы Шон Спайсер жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Флинн, 28.01.2017

Флинн элчи Кисляк менен байланышы жөнүндө туура эмес маалымат бергени үчүн Пенстен кечирим сурганын Fox News каналы кабарлаган. Трамптын кеңешчиси Келлиан Конуэй телеканалдардын бирине берген маегинде Трамп Флиннге эң жакын адамындай ишенерин бышыктаган.

АКШнын Юстиция министрлиги Флинндин орус элчиси менен байланышы жөнүндө Ак үйгө эскерткенин, Орусиянын бутасына илиниши мүмкүн деп санарын Washington Post гезити жазып чыкты.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул Кошмо Штаттардын ички маселеси экенин айтты:

- Бул Трамптын администрациясынын ички маселеси. Бул биздин иш эмес. Жалпысынан бул тема боюнча буга чейин бир нече суроого жооп бергенбиз, эч кандай кошумча жообум жок.

Президент Путин менен генерал Флинн RT телеканалынын уюшулганынын 10 жылдык көргөзмөсүндө чогуу отурушат. Москва, 10.12.2015
Президент Путин менен генерал Флинн RT телеканалынын уюшулганынын 10 жылдык көргөзмөсүндө чогуу отурушат. Москва, 10.12.2015

Washington Post гезитине АКШ президентинин мурдагы жана учурдагы администрациясынын тогуз мүчөсү Флинн Кисляк менен сүйлөшкөндө санкцияларды дагы кеп кылганын айтып беришкен. Алардын айтканы боюнча америкалык генерал менен орусиялык элчи 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоого чейин эле байланышып жүргөн. Гезит өз булактарына таянып декабрдагы сүйлөшүүдө Трамп расмий кызматка киришкенден кийин Орусияга каршы санкциялар кайра каралары айтылган.

Cенаттагы демократтардын лидери Чарльз Шумер Флинндин орустардын элчиси Кисляк менен байланышын көз карандысыз иликтеп чыгууну сунуштайт. Эл аралык мамилелер боюнча комитеттин мүчөсү Элиот Энгел Флиннди "кызматтан четтеп туура иш кылды. Тилекке каршы мунун артында бул администрациянын Орусия менен байланыштары боюнча көптөгөн суроолор жоопсуз калып" жатканын айтат. Шайлоо маалында "Путин Трамптын кызыкчылыгын көздөгөнүн" билгенден кийин "Орусиянын биздин шайлоого кийлигишкенин толук ачуу үчүн дыкат, көз карандысыз иликтөө жана ага жооптуулардын жазасын берүүгө Конгресс аракет көрүшү керек" - дейт Энгел.

Трамптын кеңешчиси менен орус элчиси беш жолу телефондон сүйлөшкөнүн алгач "Рейтер" агенттиги жазып чыккан. Сүйлөшүүлөр 29-декабрда Обама кызматтан кетээрдин алдында Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизген маалда болгон.

Флинндин ордун Кошмо Штаттардын улуттук коопуздук боюнча кеңешинин аппарат башчысы болгон генерал Кит Келлог алмаштырат. Ак үйдөгү жогорку даражалуу аткаминерлердин катарын толуктаган Келлог 30 жылдан ашуун армияда жүрүп, Вьетнам, Камбоджа, Панама жана Перс булуңунда кызмат өтөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG