Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Салянованын иши: табышмактуу сайттар


Бишкектин Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын үстүнөн сот жараяны башталды.

Ага Башкы прокуратура 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Бакиев режиминин өнөктөштөрүнүн бири Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айып койгон болчу.

Салянованын адвокаты судьянын бейтараптыгына байланыштуу сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүү жана тергөөдө фактылар бурмаланганы боюнча кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу сыяктуу эки өтүнүч келтирип, экөө тең канааттандыруусуз калтырылды.

Четке кагылган өтүнүчтөр

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы баш прокурор, учурдагы парламент депутаты Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүгө киришти. Башында Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү. Буга соттун төрт саатта жети томдон турган кылмыш иши менен таанышып бүтүп, аны сот өндүрүшүнө алуу боюнча чыгарган чечими себеп болду.

Адвокат судья ишти мынчалык тез окуп чыгууга мүмкүнчүлүгү жетпесин айтып, муну менен ал ишти изилдебестен бир жактуу өкүм чыгарууга кызыкдар болушу мүмкүн деп айтты.

Бирок ишти караган судья Кубанычбек Касымбеков мыйзамда буга окшогон шек саноо сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз бере албасын айтып, адвокаттын өтүнүчүн четке какты. Андан соң адвокат Жакупбекова тергөөдө фактылардын бурмаланганын таап чыгып, Саляновага каршы кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу тууралуу экинчи ирет өтүнүч киргизди.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова мындагы фактылардын бурмаланган жагдайы туурасында төмөнкүлөрдү билдирди:

- Башкы прокурор Жолдубаева мага карата кылмыш ишин козгоо учурунда "Елисеев Салянова узарткан лицензиянын негизинде Латвияга барып, анан ал жактан юридикалык компаниясын ачкан" деген жасалма фактыны келтирген. Бирок биз кийин териштирген учурда анын юридикалык компаниясы лицензиянын мөөнөтү узартылганга чейин эле түзүлгөнүн Латвиянын коммерциялык уюмдардын каттоосу жайгашкан сайтынан таптык. Мөөнөттөрү мына ошол жерде көрсөтүлгөн. Бирок биздин тергөөчүлөр кылмыш иши козголгондон эки күндөн кийин анан Латвияга суроо-талап жөнөткөн. Бирок жооп ала алышкан эмес. Мунун бардыгы фактыларды бурмалоо болуп саналат. Анан дагы Латвияда адвокат башка жактагы лицензиясын алып келип көрсөтүп, анан ошонун негизинде иш алып барса болот деген талап жок экен. Аларда юридикалык компания ачуу үчүн башка талаптары бар экен. Биз мунун бардыгын расмий документтерди ал жактан алдырып, аны менен ырастап жатабыз.

Елисеевдин сайттарынын табышмагы

Кылмыш ишинин материалдары боюнча Аида Салянова 2010-жылы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууга уруксат берүү менен "адвокаттык ишмердүүлүк тууралуу" мыйзамдын талаптарын бузду" деп айыптаган. Анда "соттун айыптоо чечими чыккан адвокаттардын лицензиялары тескерисинче жокко чыгарылышы керек болчу" деген жүйө келтирилген. Жактоо тарабы 2010-жылы лицензия узартылган учурда Елисеевге карата кылмыш иши козголо электигин жүйө келтирген. Бирок тергөөчүлөр адвокаттык лицензияны узартуунун аркасы менен Алексей Елисеев өзүнүн Кыргызстанда катталган интернет сайттарын ачканын мисал келтирген. Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова кылмыш ишине далил катары тиркелген мына ошол сайттардын таржымалы дагы шек жарата турганына токтолду:

- Елисеевдин интернет сайттарынын ачылган даталары дагы табышмактуу. Анткени алардын бири Бишкекте катталып, 2016-жылы октябрь айында ачылган. Бул учурда Елисеев өзү Кыргызстанда болгон эмес. Анда ал сайтты ким ачты? Демек бул жерде Саляновага кылмыш ишин козгоо үчүн эле атайын мына ошол сайтты бирөөлөр ачып, мына ошонун негизинде Елисеев сайты аркылуу адвокаттык ишмердигин жүргүзүүгө жарыя берип жаткандай жасалма элес калтырган көрүнүштү байкоого болот.

УКМК Cаляновага айыбын угузду

УКМК Cаляновага айыбын угузду

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

Мамлекеттик айыптоо болсо тергөө учурунда фактылар бурмаланган жагдайлардын негизинде кылмыш иши козголгон деген дооматка макул эмес. Мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаев мындай жыйынтык чыгаруу үчүн соттук териштирүү учурунда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуп, ар бир фактыны терең изилдеп чыгуу зарыл экенин билдирди.

Мына ошого байланыштуу мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаев сот эми гана башталып жаткан чакта адвокаттын кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу өтүнүчүн кароо мыйзамга туура келбей турганын белгиледи:

- Урматтуу сот, сотко бул өтүнүч өтө эле эрте берилип жатат. Анткени тергөө учурунда дагы мына ушундай эле өтүнүч келтирилген болчу. Ошондуктан муну азыр мезгилсиз берилген өтүнүч катары карап, соттук териштирүүнү баштай уланта берүүнү суранам. Адвокат Жакупбекова иш сотто изилденип чыккандан соң гана кайра бул маселеге кайрылып, тиешелүү өтүнүч келтирүүгө болот. Ошондуктан азыр аны кароого зарылчылык жок.

Мына ошондон соң сот Кубанычбек Касымбеков кеңеше бөлмөгө кетип, ал жактан чыккан соң, адвокаттын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтыруу чечимин чыгарды. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын соту тараптардын иш жүктөмүнүн оордугуна байланыштуу 19-июнда кайрадан улантылмай болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG