Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:55

Депутат "Белизгейттин" жыйынтыгына кызыкты


Жогорку Кеңеште талаш жараткан "Белизгейт" маселесин аягына чыгаруу талабы айтылды.

Парламент комитетинде бир катар чуулгандуу окуялар боюнча токтомдун аткарылышын талкуулоодо депутат Аида Салянова маселенин чын-бышыгын тактап, УКМКнын жетекчисине баа берүүнү сунуштады.

Коомчулукта "Белизгейт" деген аталыш менен белгилүү болгон бийлик - оппозиция тирешин аягына чыгарууну "Ата Мекендин" депутаты Аида Салянова парламент комитетинин жыйынында көтөрүп чыкты.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитетинин жыйынында 2010-жылдагы мародерчулук, "Альфа Телекомдун" айланасындагы чырлар баштаган бир катар чуулгандуу иштер боюнча токтомдун аткарылышы талкууланып жаткан. Анда комитет токтомду аткаруу мөөнөтүн 1-августка чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Аида Салянова
Аида Салянова

Бирок депутат Салянова чуулгандуу иштер арасынан "Белизгейт" жаңжалынын чын-төгүнүн аныктап, тиешелүү органдарга укуктук баа берүүнү сунуштады:

- 2016-жылдын аягында Белиз маселеси көтөрүлгөн. Ал кезде парламент да атайын талкуу кылган. Анда бул маселе боюнча же күнөөлүүлөр жооп берет, же фальсификацияга барган, күнөөсү жок адамдарды күнөөлүү кылгысы келген адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек болчу. Мына бери дегенде жарым жылдан ашык убакыт өттү. Бир маалымат жок. Эч кандай реакция жок. Эми ошол жалааны жапкан кишилер, жалган сценарийди ойлоп жаткандардын жоопкерчилигин караш керек.

Салянова парламентти бул маселени көзөмөлдөөгө чакырды. Бирок УКМК менен Башкы прокуратура бул маселе боюнча Белизге тиешелүү суроо-талап жөнөтүлгөнүн, бирок ушул учурга чейин расмий жооп келе электигин билдирүүдө.

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Альфа Телеком” мобилдик компаниясынын жетекчилиги алты миллион доллар уурдады деген шек менен 2011-жылы иш козголуп, үч адам камакка алынган.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов бул жаңжал боюнча иликтөө дал ушул себептен улам кечеңдеп жатат деп түшүндүрдү:

- Суроо-талап жөнөтүлгөн. Алардан алдын ала каралып жатат деген жооп келген. Бирок акыркы так маалыматтар бүгүнкү күндө келе элек. Келген соң ошого жараша баа берилет, жыйынтык чыгарылат. Сөзсүз түрдө мыйзам талаптарына ылайык, иш жүрөт. Ал маалымат асмандан түшкөн жок. Маалымат келген, ошон үчүн жайылтылды.

"Белизгейт" жаңжалы былтыр декабрда чыккан эле. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, аталган фракция мүчөлөрү Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов мындан төрт жыл мурун “Альфа Телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

"Ата Мекендин" депутаттары атайын кызматтын бул маалыматтарын негизсиз каралоо катары баалап, четке кагышкан. Аталган фракция атайын юристтерге таянып, УКМКнын маалыматы жокко чыгарылганын айтып келишет.

"Баары үчүн маанилүү маселе"

Бул чатак боюнча президент Алмазбек Атамбаев да комментарий берип, Белиз өлкөсүнөн келген документтер жасалма болуп чыкса, атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берээрин эскерткен:

- Мен Башкы прокуратурага кайра текшерип чыгууну тапшырдым. Эгер бул документтер жасалма болуп чыкса, УКМКнын төрагасы мага жасалма документ алып келгени аныкталса, ал өзүнүн кызмат орду менен жооп берет. Ага жаман болот.

Абдил Сегизбаев менен Алмазбек Атамбаев.
Абдил Сегизбаев менен Алмазбек Атамбаев.

Мына ушул "Белизгейт" чыры бийлик менен оппозиция ортосундагы эң ири пикир келишпестикти жараткан. Ошондуктан эксперттер бул маселенин аягына чыгарылышы бийлик үчүн да, оппозиция үчүн да маанилүү экендигин эскертүүдө. Алардын бири саясий эксперт Марс Сариев:

- Бул жаңжалды аягына чыгармайынча көп сөздөр жүрө берет. Бул жагынан Салянова туура эле айтып жатат, муну түбүнө жеткириш керек. Эгер бийлик айткандарын далилдей албаса, эл арасында ишенбестик жаралат. Эгер далилденсе, оппозициядагы саясатчылардын кадыр-баркы үчүн абдан оор сокку болот.

Кыргызстандагы соңку саясий ири жаңжалдарды иликтеген депутаттык комиссия жарым жылдан ашык иш алып барган. Анда негизги назар 2010-жылдагы талап-тоноо, "Альфа Телекомдун" айланасындагы коррупциялык чырларга бурулуп, талкуу ушул маселенин айланасында болгон. Комиссиянын токтому Жогорку Кеңеште эки жумадан ашык талкууланып, өткөн айда кабыл алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG