Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:13

УКМК Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду 28-мартта камакка алды.

Ал 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш ишти 16-марттан тарта иликтей баштады.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, тергөөнүн алкагында парламенттин 5-чакырылышындагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюмдашкан топту же кылмыштуу шериктикти түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айыпталып жатат:

- Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн жигердүү тергөө жана ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта кеңселерди, турак жайларды, анын ичинде Бакиевдин жана анын жакындарынын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрдү талап-тоноо "Ата Мекен" партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз жетекчилиги алдындагы топ тарабынан жасалганы аныкталды. Тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган.

Райкан Төлөгөновдун камалышына байланыштуу анын уулу Иса Төлөгөнов жана парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары 29-мартта маалымат жыйынын өткөрдү. Иса Төлөгөновдун айтымында, ал атасы менен акыркы жолу 28-мартта кечке жуук сүйлөшкөн. Азырынча анын кандай жагдайда кармалганы белгисиз:

- Атамды кечээ эртең менен ооруканага алып баргам. Ошондо "Маевский боюнча эч нерсе чыкпай калды, ошондуктан мародерчулук боюнча ишти кайра көтөрүп жатат, мени камап салышы мүмкүн" деген болчу. "Эгерде тергөөгө чакырып калса, чалып коюңуз" деп макулдашкан болчубуз. Анан болжол менен кечки саат алтыларда чалып, УКМКнын тергөө абагына алып кетип жатышканын айтып, бир тергөөчүнүн телефонун берди. Мен ал тергөөчү менен жолугуп сүйлөшсөм "ишти тергөө тобу иликтеп жатат, мени тиешем жок" деп айтты. Азыр адвокаттар менен жолугуп жатам, бирок азырынча адвокат жалдай элекпиз. Биздеги маалымат боюнча атамдын телефонун, дарегин сурап издеп жүрүшкөн экен. Аны үйдүн жанынан кармап кеткен болушу керек.

Иса Төлөгөнов талап-тоноочулук боюнча соттолуп беш жылдан бери түрмөдө отурган улуу агасы Муса Төлөгөновдон атайын кызматтын өкүлдөрү Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерге каршы мажбурлап көрсөтмө алган болушу мүмкүн деген оюн билдирди:

- Алар агамдан Текебаев менен Болот Шерге каршы көрсөтмө беришин талап кылышкан. Мен агам менен байланыштым, ага катуу басым жасашыптыр. Ал атамды сактап калуу үчүн алардын талабын аткарарын кыйыткан. Анткени аларга менин атам эмес, Текебаев менен Болот Шер керек экенин, мындай көрсөтмө берсе, атамды бошоторун айтышыптыр. Мен агам мындай көрсөтмө берди го деп ойлойм, анткени ал талапты аткарарын кыйыткан.

“Атамекенчи” депутаттар болсо, УКМКны "Белизгейт" жана орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин берген көрсөтмөсү менен козголгон кылмыш иштерди далилдей албагандыктан жети жыл мурдагы мародерчулукту кайра козгоп жатат деп айыпташты.

Иса Төлөгөновдун жана “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын дооматы боюнча атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахмат Сулайманов "Азаттыкка" комментарий берди. Ал муну "кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана саясий өңүткө буруу аракети" деп баалады. Ошондой эле "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн мародерчулукка тиешеси бардыгы тууралуу далилдер алынганын белгиледи.

Ал арада апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча былтыр күзүндө түзүлгөн экинчи депутаттык комиссиянын корутундусу даяр болгону маалым болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттык комиссиянын төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков кабарлады:

- Депутаттык комиссия материалдар такталса деле эмне себептен жыйынтык чыкпай калган деген суроого жооп издеди жана кээ бир фактыларды тактады. Тергөө иштерине эмне үчүн тоскоолдук болгон, экинчи тергөө тобуна кылмыш иши козголгон деген жагдайларды тактадык. Тергөө тобунун качып кеткен мүчөлөрүн таба алган жокпуз, бирок башка өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Ошолордун көрсөтмөсүнүн негизинде мурунку документтер, биринчи депутаттык комиссиянын корутундусунун жана тергөө материалдарынын негизинде корутунду чыгардык. Негизинен мародерчулук болгон жана ошолордун тиешеси болушу керек деп тыянак чыгардык.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча 2012-жылы парламентте “Республика” фракциясынын сунушу менен депутаттык комиссия түзүлгөн. Буга мародерчулук боюнча абакта отурган Абдулла Юсуповдун “атамекенчи” депутаттарды айыптаган көрсөтмөсү негиз болгон.

Депутаттык комиссия корутундусун 2013-жылдын башында жарыяланган жана аны комиссиянын беш мүчөсү колдоп кол койгон, ал эми калган бешөө кол коюудан баш тарткан.

2013-жылдагы депутаттык комиссиянын төрагасы, “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаты Курманбек Осмонов иликтеп-териштирүүнүн жүрүшүндө талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн түз тиешеси аныкталганын маалымдаган.

Болот Шер бул комиссиянын корутундусун "абсурд" деп бааласа, Райкан Төлөгөнов өзүнө коюлган айыптарды "саясий атаандаштардын ойдон чыгарганы" деп билдирген. Ал Юсупов менен бир нече жолу сүйлөшкөнүн, бирок анын баары талап-тоноочулук токтогон кезде болгонун айткан:

- Талап-тоноо болуп жаткан жерде Юсупов менен 26 жолу телефон чалышты деп мага күнөө коюп жатат. 26 жолу телефон чалгандын ичинде 7-апрелде бир дагы жолу чалган эмесмин. 8-апрелде алты жолу чалыптырмын. Бирок күндүзгү саат 12ден кечки саат тогузга чейин талап-тоноочулук болбогон учурда чалыптырмын. 9-апрелде саат 7ден кечки саат 5ке чейин алты жолу чалыптырмын. Анда да талап-тоноо токтоп калыптыр.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишти иликтөө былтыр күздөн тарта жанданган эле.

Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта Эгемендик күнүнө байланыштуу Ала-Тоо аянтындагы салтанатта Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн талап-тоноочулук боюнча айыптаган жана жазасыз калбай турганын эскерткен болчу.

- Качып кеткен Акаев, Бакиевдердей силер да качасыңар. Кыргыздын байлыгын, кыргыздын жерин ким сатканы ачылат! Ачылып башталды. Мародерлук да ачылат. Банк ячейкаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровду ким үгүттөгөн, ким качырганы да ачылат. Элдин келечегин кимдер сатып жатканы да ачылат.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча аты аталган “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шер “Азаттыкка” соңку окуялар боюнча комментарий берди. Ал мародерчулук боюнча айыпты четке какты:

- Мен ошол учурда мародерчулукту 14 сааттын ичинде элдик кошуундун, элдин жардамы менен токтотком. Эми мародерчулук боюнча мени айыптап жатат. Мародерчулук болуп жатканда Атамбаев өзү кайда эле? Мародерчулукту УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура, жада калса Жаза аткаруу кызматы да иликтеди. Мага байланыштуу менин айдоочумдан тартып 198 адамды суракка алышты. Бирөө дагы көрсөтмө берген жок. Биз мародерчулукту токтотуу боюнча иш алып барганбыз. Мен ИИМге келгенде биринчи буйругум - мародерлук кылгандарды атуу болчу. Азыр кандай гана ыкма болбосун мага каршы бир нерсе табууга аракет кылып жатышат. Алты жыл издешти. Ар кандай ушактарды чыгарышты. Эгер жок дегенде дат баскан мык алганым далилденсе мени атып салышсын.

Соңку айларда "Ата Мекен" фракциясынын бир нече мүчөсүнө кылмыш иши козголуп, фракция лидери Өмүрбек Текебаев камакка алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG