Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

УКМК Cаляновага айыбын угузду


Аида Салянова
Аида Салянова

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча айып апта башында угузулду. Ишти тергеп жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү айыптын негизинде оппозициячыл депутатты өлкөдөн чыкпоого милдеттендирген. Мындай маалыматты атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады:

- Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү тарабынан Аида Саляновага эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы аныкталды.

Учурда кылмыш иштин материалдары менен депутаттын жактоочулары таанышууда. Бирок Аида Салянова өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыкты. Депутаттын жүйөсүндө, тергөөчүлөр саясий көрсөтмөнүн негизинде иш алып барып, адилет тергөө жүргөн эмес:

- Биринчи айыпты угузду. Мына ушул айыптарды угузганы да толугу менен мыйзамсыз. Себеби, башында күбө катары, андан соң шектүү катары сурады. Анын айып угузду. Эч кандай иш болгон эмес. Себеби, булардын иш кылалы, чындыкты табалы деген ою болгон эмес. Болгону саясий буюртманы тездик менен аткаруу гана аракети болду.

Салянова өлкөдөн чыгууга тыюу салуу менен ага басым көрсөтүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

Елисеевди коргогон КСДПнын депутаты

Елисеевди коргогон КСДПнын депутаты

Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин жаңыртылган адвокаттык лицензиясын Бишкек шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Артем Иванов жеткирип бергени маалым болду.

Депутат буга чейин тергөө органдары тараткан Алексей Елисеев Юстиция министрлиги берген адвокаттык лицензиянын негизинде Латвияда жашаганга укук алган деген маалымат жалган чыкканын айтууда.

Аида Саляновага Башкы прокуратура былтыр декабрь айында кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартканы айтылган. Бийликтер Елисеевдин лицензиясын узартууда Аида Салянова министрдин милдетин аткаруучу катары жетиштүү деңгээлде иликтеген эмес деп жүйө келтирүүдө. Эгер тагылган айып боюнча сот депутаттын күнөөсү далилденди деп тапса, 8 жылдан 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Ошондой эле бул берене менен Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козголсо, парламенттин макулдугун алуунун зарылдыгы жок. Мындан улам оппозициячыл саясатчыга тагылган айып канчалык адилет жүрүп жатат деген суроонун айланасында талкуу жүрүүдө.

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев козголгон иш боюнча тергөөнү кылдат жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, бул жаатта депутаттын айрым жүйөлөрү орундуу экенин айтууда:

- Туура эмес иштин баары эле кылмышка жатпайт. Ушул маселеге өтө терең маани берип, көңүл буруу керек. Салянова "ошол кезде кылган" деген аракет терс көрүнүш болушу мүмкүн. Елисеевдин лицензиясынын узартылышы саясий жагынан да, мыйзам жагынан да терс көрүнүш болгон. Бирок терс көрүнүштүн баары эле кылмыш боло бербейт. Муну тергөөчү адилет иликтеп, жиликтеп, бутактап чыгышы керек.

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Ал эми бийликчил Социал-демократтар фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Салянованын козголгон кылмыш ишти куугунтук катары баалоосу туура эмес деген пикирде:

- Мен муну саясий куугунтук катары санабайм. Жөн гана тергөө жүрүп жатканда өлкөдөн чыгууга укугу жок экени эскертилди деп ойлойм. Ал эркин басып жүрөт. Эркиндигинен ажыратылган жок. Тергөөнүн мындай нормасы ага эле эмес, ар бир жаранга колдонулуп келет.

Аида Салянова баш прокурор кызматын 2015-жылдын башында тапшырган жана анын себебин президенттин колдоосун сезбей калганы менен түшүндүргөн.

Андан соң парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Учурда оппозициядагы бул фракциянын Саляновадан тышкары эки депутатына, тагыраагы "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголгон. Муну оппозиция бийликтин басымы катары баалап келет.

"Азаттыктын" архиви: "Качпайм, актыгымды далилдейм". 17-февраль, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG