Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Салянова: Өмүркулов тууралуу маалыматтарды прокуратура издесин


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Салянова колунда депутат Иса Өмүркуловдун “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеп тургандагы иши тууралуу маалыматтар бардыгын “Азаттыкка” билдирди. Аида Салянова бул материалдар прокуратурада жана башка күч кызматтарында бар экенин бекемдеди:

-Өмүркулов "Кыргыз темир жолу" ишканасын жетектеп турган учурдагы иши тууралуу маалыматтар прокуратурада мурдатан эле бар. Ал маалыматтар бөлөк күч кызматтарында да болушу мүмкүн. Бирок, көзөмөл органы болгон соң, прокуратура кимге кандай маалыматтар бар экенин билиши керек. Тилекке каршы, бул иш боюнча жана башка кээ бир аткаминерлердин кыймыл-аракетине укуктук баа бергенге үлгүргөн жокмун. Мен үчүн деле Өмүркуловдун иши кантип аягына чыкканы кызык. Өмүркуловдун иши боюнча бул материалдарды мен да издеп жатам, эгер тапсам, Башкы прокуратурага берем. Бирок ошол эле учурда айтып коеюн, мен прокуратуранын ишин аткарбайм, алар өздөрү издесин.

1-март күнү пленардык жыйында Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Салянова "депутат Иса Өмүркуловго байланыштуу башка материалдар да болгонун" айтып, башкы прокурордон эмне үчүн ага чара көрүлбөй жатканын сураган. Өмүркулов өзү Салянованын айткандарын четке каккан.

Башкы прокуратура бул маалыматтарды сурап, 6-мартта Саляновага кайрылган.

Аида Салянова мурда башкы прокурор болуп турганда Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгогон. 2014-жылы прокуратура Иса Өмүркулов кызмат абалынан аша чапты деп айыптаган.

2014-жылы 1-августта Октябрь райондук соту Өмуркуловду жана Бишкек шаардык мэриясынын бир нече кызматкерин толук актаган. Райондук соттун чечимин шаардык сот да күчүндө калтырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG