Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Сариев: Үгүткө чейин бирөөнү жактоого тыюу салынат


Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлдагы пресс-конференцияда КСДПдан талапкер чыкпаса, президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдойт элем деп айтты. Муну үгүт деп бааласа болобу? Ал эми убактылуу кармоочу жайда отурган жарандардын президенттикке талапкерлигин көргөзүү укуктары кандай? Ушул жана башка суроолорубузга БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жооп берди.

"Азаттык": Президент КСДПдан талапкер болбосо, президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдойт элем деп айтты. Муну үгүт катары бааласа болобу?

Сариев: Мыйзам боюнча кимдир бирөөгө жан тартып же колдоо көргөзүп сүйлөсө, үгүт иштери деп саналат. Расмий үгүт иштери башталмайынча бирөөнү жактоого тыюу салынат. Бул кимге гана болбосун, анын ичинде президентке да тиешелүү маселе. Мыйзам бузуу болду деп айтсак жаңылышпайбыз. Өзү аны кандай кабыл алат билбейм. Бирок аны жоопко тартат же эскертүү берилет деген ойдон алысмын. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, жалгыз президент гана эмес айрым гезиттерде да ушундай маалыматтар чыгып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жерден өз ишин көрсөтүшү керек болчу. Балким көрсөтөөр.

Ажобуз ошол пресс-конференцияда айткан дагы бир нерсе мени таң калтырды. Президенттикке көрсөтүлгөн бир кишинин августта каттала турганын алдын ала айтып койгону, андан кийин премьер-министр өзгөрөт деп чечкендиги кандайдыр бир түшүнүксүз жагдайды пайда кылды. Себеби бизде бийлик бутактары өз-өзүнчө көз карандысыз иш алып барат деп Конституцияда бекитилген. Президенттин өкмөттүн чоң кызматкеринин тагдырын чечип, алдын ала айтып жатканы, менимче, туура эмес. Биринчиден, талапкер болуп сунушталганы менен мыйзам чегинде тиешелүү кол топтой алабы, башка талаптарды аткара алабы, тил сынагынан экзамен тапшыра алабы деген маселе чыгып калышы мүмкүн. Ошон үчүн чечилген маселедей айтканы туура эмес болуп калды окшойт.

"Азаттык": Өмүрбек Текебаев бүгүн-эртең тил сынагын тапшырышы керек экен. Маалыматтарга караганда, ал жерде да маселе чыгып жатыптыр. Тил комиссиясы ооруканадагы кишиге барат деген жобо барбы?

Сариев: Мыйзамда арызын тапшырган киши ооруканада жатса, ошол жерден экзамен алынат деп айтылган эмес. Муну жөн эле ойлоп табышкан. Мыйзам боюнча бардык тарапка бирдей мамиле жасоо жана бирдей шартта укуктарын ишке ашыруу талабы коюлган. Ошонун ичинде шайлануу укугу да бар. Талапкер болуу ниетин билдирген жарандын арызы алынгандан кийин экзаменден өткөрүш керек. Муну өткөрөбүз, муну өткөрбөйбүз деген эч кандай шарт коюлбайт. Ал эми убактылуу кармоочу жайдагы жарандарга келсек, бул жерде шарт түзүп, камсыз кылуу шайлоо комиссиясынын милдети. Мыйзам боюнча ар бир мамлекеттик же башка орган болобу, шайлоого байланыштуу шайлоо комиссиясынын иштерин аткарууга милдеттүү деген жобо бар. Ошонун негизинде, менимче, сот процессине кантип алып барып, бир сутка бою катыштырса, сынакты да ошондой эле тартипте жүргүзүү керек. Эч кандай шарт каралган эмес, тыюу да коюлган эмес.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 24-июлдагы маалымат жыйынында ГЭС куруу келишимдери, КСДП президенттикке тандаган талапкер жана башка талапкерлер, “Белизгейт”, Убактылуу өкмөт жана жан сакчысы менен кеңешчиси тууралуу суроолорго берген жооптору.
Президент: Жээнбековго ишенем
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:26 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG