Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 08:36

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Ысык-Көл жээгинде маалымат жыйынын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйынды интернетте түз алып көрсөтүүгө уруксат берилген жок. Атамбаев галстуксуз келип, брифинг бейформал тартипте өттү.

Чолпон-Ата шаарындагы резиденциядагы жыйынга жалпы 70тен ашык журналисттер жана саясат таануучулар, талдоочулар чакырылган.

Быйыл президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Атамбаев соңку үч жылдан бери жайкы маалымат жыйынын Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүп келет. Ал бүгүн мамлекет башчысы катары жайкы брифингди акыркы жолу өткөрүп жатканын, 1-декабрга чейин жаңы президент шайланышы мүмкүндүгүн айтты.

Атамбаев: Жээнбеков праймериз менен тандалды

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан маалымат жыйынында Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков тууралуу суроого жооп берди. Анын айтымында, партиянын чечими менен макул болбогондор андан чыгарылышы керек. Президент Чыныбай Турсунбеков партия үчүн бир топ иштеп бергенин белгиледи:

- Бирок адашпаган адам, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт,- деген Атамбаев КСДПдан талапкер тандоодо праймериз өткөрүүнү сунуштаганын, ал үч жолу өткөрүлүп, жыйынтыгында учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, экинчи Сапар Исаков келгенин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков.
Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков.

Социал-демократтар партиясы 15-июлда Бишкекте өткөн курултайда Жээнбеков президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн. Жыйында парламент төрагасы, аталган партиянын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков да 15-октябрга белгиленген саясий жарышка аттанарын жарыялаган.

Мындан тышкары президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйынында эгер кимдир-бирөө шайлоодон пайдаланып, чыр чыгаруу аракетин көрсө жазасыз калбай тургандыгын да билдирди.

Ал шайлоо кандай болбосун, анын жыйынтыгын таануу зарылдыгын, бюллетендерди мыйзамдуу жол менен санап, ачык шайлоо өткөрүү убадасын берди.

Президент чехиялык инвестордун ГЭС курарына ишенет

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча тендерден утуп алган чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен келишимди түзүүгө шашпай туруш керек болчу дегендер чыгып атканын, Орусия менен ГЭС боюнча макулдашууну денонсациялоо туура кадам болгонун айтты.

Чехиялык инвестор Михаэл Смеликтин "Азаттык" радиосуна берген маегин көрүп, көптөгөн суроолорго жооп алганын, долбоордун ишке ашарынан шекшип жаткандар бар экенин, бирок анын жакшы жыйынтык берерине ишенерин кошумчалады. Анын айтымында, чехиялык компаниянын тегерегиндеги ызы-чууну бул долбоор ишке ашып кетеби деп чочулагандар чыгарып жатат. Ошондой эле долбоорду жок кылууга шашылбай, августтун аягына чейин күтө туруу зарылдыгын белгилеп, эгер болбой калса жаңы инвестор издейбиз деди.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

​Өткөн аптада аталган компания ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген маегинде чех прессасындагы маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.​

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Атамбаев: "Себатты" жаптырбайбыз

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан басма сөз жыйынында кыргыз-түрк мамилеси, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Өз сөзүндө Түркиянын таарынычы Кыргызстандын “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин билдирди. Аталган мекеме мыкты билим берип жатканын, андыктан ал жабылбай турганын, мамлекет анын 35 пайызын өзүнө алып, “Сапат” деп өзгөрткөнүн белгиледи:

- Түркиянын элчиси Кыргызстанда 3500 адам Гүленге иштеп жүрөт деп “Сапаттын” мугалимдерин айтты окшойт. Андай туура эмес, - деген Атамбаевге Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалиловдун АКШда жашаган түркиялык диний аалым Фетхулла Гүленге жолукканы боюнча соболдор да берилип, президент Чубак Жалилов "расмий кызматты ээлебеген адам каалаганы менен кезигет" деген жооп кайтарды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны. 24-июль, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны. 24-июль, 2017-жыл

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүлен менен АКШда кезигип, анын дарстарына катышканын маалымдаган. Интернеттеги алардын чогуу түшкөн сүрөтү катуу талкууга түшкөн. Түркия тарап экс-муфтийдин Гүлен менен жолукканына тынчсыздануу билдирген. ​

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхулла Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда.

Расмий Анкара Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтарга далил жок деген негизде аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деген оюн айткан.

Текебаевдин иши жана Убактылуу өкмөт

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы басма сөз жыйында Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Текебаевге болушуу үчүн эмес, мага каршы чабуул коюш үчүн биригип жатышат деген оюн айтты. Алардын көбү "былык" иштерим ачыкка чыгып калбасын деп коркуп атышат деп билдирди.

Атамбаев "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин сотунда айтылган маселелер тууралуу суроого жооп берген учурда 2010-жылдын 13-майын эстей албай турганын, бирок 12-майдагы окуялар эсинде экенин белгиледи.

Президент ал күнү бийликти басып алуу аракети болгонун, өзү "Форум", "Кыргызавтомаш", "Дастан" заводунун кызматкерлерин, башка шаардыктарды баштап өкмөт үйүнүн алдына келгенин, ал кезде Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү качып кеткенин айтты. Эгерде 12-майда "биздин тарапкерлер болбосо бийликти колдон чыгармакпыз" деп кошумчалады. Текебаевдин иши боюнча сотко басым болуп жатат деп айтылгандарды четке какты:

- Алардын 13-майда эмне кылганын билбейм. Бирок 12-майда эч ким жок болчу, баары жашынып алышкан. Эгерде КСДП, заводдордун жумушчулары жана шаардыктар болбосо 12-майда бийлик алмашмак. Анткени элдер такыр башка иштер менен алек эле. Мен сотко басым кылгым келбейт, өзү чечим кабыл алсын. Бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менден кийин да жооп беришет. Мен Бекназаров менен Отунбаева даярдаган улутташтыруу жөнүндөгү декретте 51 пайызды улутташтыруу боюнча маселе эмнеге кирбей калганын эң сонун билем. Ал эми өзүм жасаган иштерге ар дайым жооп берем.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев. 17-май, 2010-жыл
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев. 17-май, 2010-жыл

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жарандар Алексей Модин аркылуу Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да камалган.

Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет.

Кыргыз-америка алакасы

Президент журналисттердин кыргыз-америка алакасы тууралуу суроолоруна да жооп берди. Өз сөзүндө АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кыргызстан боюнча жүргүзгөн саясатын сынга алып, 2014-жылы Американын базасы чыгарылган кездеги окуяларды эске салды:

- Эгер Кыргызстандан америкалык базаларды чыгарганыбыз тууралуу айтып жатсаңыз, биз башыбызга чай кайнаттырбайбыз, мындайча айтканда. Бизди экинчи сорттогу эл катары эсептөөгө жол бербейбиз. АКШнын Мамлекеттик департаментинин, өзгөчө демократтардын бийлиги учурундагы Кыргызстан боюнча саясатына көңүлүм жылыбайт. Мен бир мисал келтирейин, баары бир ал бир күнү ачыкка чыгат. 2010-жылы биз америкалык базаны чыгарганбыз. Анткени, макулдашуу аяктаган. "Манас" жарандык аэропорт да. Мага айрым мамлекеттер эгер керек болсо, биз америкалык учактарга каршы ракета учурабыз деп ачык эле айтышкан. Силер билесиңер алардын ошол эле Иран менен пикир келишпестиги күч болчу. Ушундан көп өтпөй маркум өзбек президенти Ислам Абдуганиевич Каримов Борбор Азияда суу үчүн согуш чыгышы мүмкүн деп жарыялаган. Эсиңердеби, 2014-жылы. Жыл аягына чейин, үч ай аралыгында америкалыктар Каримовдун режимине 328 брондолгон машинелерди берди. Анын ар бири миллион долларга чукулдайт. Мына, демократиянын баасы. Мына, АКШ Мамлекеттик департаментинин демократия жөнүндөгү сөздөрүнүн наркы. Иш жүзүндө эскертишти. Кийин алардан сурадым, эгер демократияны колдой турган болсоңор 328 брондолгон машинени эмнеге бизге берген жоксуңар деп. Авторитардык башкаруучу, диктатор деп атап жатышкандар алда канча мыкты. Айттыбы ал сөзүн аткарышат. Демократия жөнүндө жар салып, бирок башка нерсени кылбайт. Бир тууган эки элди касташтырууну көздөбөйт. Кыргыз-өзбек бир тууган эл. Биздин өзбек эли менен жалпы мамлекетибиз, Кокон хандыгы болгон.

“Манас” эл аралык аэропортундагы АКШнын аскердик базасы 2001-жылы декабрда ачылган. Ошол жылы 11-сентябрда АКШда болгон ири теракттан кийин террорчулукка каршы биргелешкен эл аралык күрөштө расмий Бишкек транзиттик авиабазаны жайгаштырууга уруксат берген. Ижара акыга Кыргызстан жылына 65 миллион доллар алып турган.

2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда жаңы келишим түзүлүп, анын аты Транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишим боюнча борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктап, америкалык база өлкөдөн чыгарылган. Кыргызстан аны узартуудан баш тарткан.

Илмиянов тууралуу

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы басма сөз жыйында "Акипресс" түзгөн тизмедеги 100 байдын ичинде бир катар мамлекеттик кызматкерлер жана президенттин кеңешчилери да бар экени тууралуу "Азаттык" радиосунун суроосуна "Икрам Илмияновго тийишпегиле" деп жооп кайтарды.

- Мен ага (Илмияновго ред:) сенин ордунда болсом шопурлардын партиясын түзүп, президент болуп алмакмын дедим. Канчалык казсаңар да андан эч нерсе таппайсыңар.​Менин айланамда бир топ бай адамдар бар.

Атамбаев бийликке келгенге чейин анын шопуру болуп иштеген Икрамжан Илмиянов быйыл апрелде президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Ал мындан тышкары Көк бөрү федерациясын да жетектейт. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Мамбеталиев тууралуу

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн басма сөз жыйында өзүнүн мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев тууралуу суроого жооп берди.

Мамбеталиев он төрт жыл мурун жансакчысы болгонун, бирок аны өзүнө улам жабыштыра берүү туура эместигин билдирди. Быйыл Мамбеталиев менен кошо кармалган эки адам соттолгонун айтты.

Буга чейин Эркин Мамбеталиев буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Биринчи жолу 2004-жылы жазында милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен камакка алынган, 2005-жылы бошоп чыккан. Андан кийин экинчи жолу 2006-жылдын этегинде камакка алынган. Ага 2005-жылы 10-июнда атып өлтүрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге байланыштуу кылмыш иши боюнча айып тагылган, 2010-жылы апрель окуясынан кийин абактан кайра эркиндикке чыккан.

Мамбеталиевдин ысымы былтыр “Вечерний Бишкек” гезитине байланышкан ызы-чууда да аталган.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аяктайт. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

Президент болуу дымагын билдирип, БШКга кайрылгандардын саны кыркка чукулдады.

Талапкерликке арыз бергендердин 30у өзүн-өзү көрсөтсө, 7си саясий партиялардан сунушталган. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынып, акыркы тизме 10-сентябрда жарыяланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG