Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:33

ГЭСтер долбоору: тендер жобосу сакталдыбы?


Liglass Trade CZ компаниясынын активинде бар кароосуз калган айнек заводу. 17-июль, 2017. Чехия

Жогорку Нарын каскадын жана андан башка он чакан ГЭСти курууну тендерден утуп алган чехиялык Liglass Trading CZ компаниясынын айланасында ызы-чуу чыкты. Бул маселенин айрым оош-кыйыш жактарына кайрылабыз.

Чех маалымат каражаттары Liglass Trading CZ компаниясынын мурда ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырганы боюнча маалыматтары күмөндүү экенин жарыялагандан кийин, анын расмий сайты ачылбай калып, андагы мурда жарыяланган маалыматтары жаңыланган соң, кайра иштеди.

Компаниянын каржылык абалына байланыштуу терс таржымалы жана гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасынын жоктугу боюнча маалыматтарды мисал келтирген кыргызстандык аналитиктер расмий Бишкектен аны менен келишимди жокко чыгарууну талап кылышты. Liglass Trading CZ компаниясынын өкүлдөрү бул ишкананын жетиштүү каражаты бар деп ишендирип, ал Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго 500 миллион долларга чейин инвестиция салууга жөндөмдүү экенин жарыялады.

Калкып чыккан маалыматтар

Кыргызстандын медиа айдыңында чехиялык Liglass Trading CZ компаниясынын айланасындагы жагдай боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар байма-бай жарыяланууда. Айрым басылмалар бул компанияны алдамчы дегенге чейин барышса, кээ бирлери шашылыш бүтүм чыгарбай, келишимдин шарттарын аткарууну күтө турууну сунуштап чыгышты.

Чехиялык тарап Кыргызстандагы Жогорку Нарын каскадын куруу долбооруна 230 миллион доллар салууну убада кылган аты анчейин белгисиз, чыгымдан башы чыкпай келген делген Liglass Trading CZ компаниясы мынча акчаны каяктан табат деген суроону койгон.

Болгону 100 миң евронун тегерегинде гана акча жүгүрткөн бул компания Кыргызстандагы 200 миллион доллардан ашуун улуттук долбоорду кантип ишке ашыра алат деген суроо туулат.
Элнура Алканова

Бул компания тууралуу Чехиянын жана Евробиримдиктин мамлекеттик органдарынын сайттарынан маалымат издеген, журналист Элнура Алканова анын киреше-чыгашалары тууралуу чогулткан маалыматтары менен бөлүштү:

- Негизи, Евробиримдик кабыл алган эреже боюнча компаниялар өздөрүнүн каржылык баяндамаларын Өнөр-жай министрлигине тапшырып турушу кажет. Биз анын 2003-жылдан берки каржылык документтерин изилдеп чыкканыбызда, ал компания чыгымдан башы чыкпаганын көрдүк. Мына ошол жылдар аралыгында бир гана жолу - 2008-жылы киреше менен чыккан экен. Бирок мына ошол кирешенин өлчөмү деле 50 миң евродон ашкан эмес. 2014-жылы 2 миллион крон чыгым тартыптыр. 2015-2016-жылдардын каржылык отчеттору жок. Анан эми такыр эле банкрот болду дебегенде дагы, болгону 100 миң евронун тегерегинде гана акча жүгүрткөн бул компания Кыргызстандагы 200 миллион доллардан ашуун улуттук долбоорду кантип ишке ашыра алат деген суроо туулат.

ТИМдин эскертүүсү

Ал арада бул компания менен кызматташуудан баш тартууну эскерткен кат делген документтин көчүрмөсү интернет сайттарга жарыяланып кетти. 2017-жылдын 10-мартында жазылган ал катка ТИМдин ошол кездеги орун басары Азамат Үсөнов кол коюп, "Өтө маанилүү!" деп белгиленген. Анда чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен кызматташпоо жана ага ишеним көрсөтпөө тууралуу маалыматтар камтылып, анын буга чейин Чехияда банкрот деп табуу боюнча соттук иши болгондуктан аны менен гидроэнергетикалык долбоорлор боюнча келишим түзбөө жагы сунушталган.

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.

Тышкы иштер министрлиги бул документтин чын экенин ырастаган да, ошол эле кезде, төгүндөгөн да жок. Бирок Кыргызстандын Австриядагы мурдагы элчиси Эрмек Ибраимов мына ошондой маалыматты ичине камтыган каттын жазылганын "Азаттыкка" ырастады.

Мындан мурдараак чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген аталыштагы иликтөө макаласын жарыялады. Анда ал компаниянын уставдык капиталы, каттоосу, иш тажрыйбасы тууралуу күмөндүү маалыматтар калкып чыкканы жана мына ошондой компания Кыргызстанда кантип ГЭС курат деген маселе кабыргасынан коюлган болчу.

Журналист Элнура Алканова анын жеке изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча дагы ал компаниянын энергетикага байланышпаган иш-тажрыйбасы тууралуу гана маалыматтар болгонун билдирди:

- Тендердин шарттары бар. Ага ылайык мына ошол ГЭС курат элем деген компаниянын мурда мына ошондой курулуш менен алектенген тажрыйбасы болушу керек. Бул деген тендердин эң негизги талаптарынын бири. Бирок биз бул чехиялык компаниянын иш тажрыйбасын изилдеп жатканда негиздөөчү документтеринен анын ГЭС курулуштары сыяктуу гидроэнергетикалык долбоорлор менен иш алып баргандыгы боюнча маалыматтарды таба алган жокпуз.

Анын негизги ишмердиги катары кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү, кымбат баалуу таштарды жылмалоо, айнек өндүрүү сыяктуу тармактар көрсөтүлгөн. Мындан сырткары анын алган 12 лицензиясын карап чыктык. Анын бардыгы курулуш материалдары, желим жана пластмасса буюмдары менен иш алып барууга берилген экен. Ошондой эле брокердик кызмат көрсөтүү жана кеңеш берүү сыяктуу тармактар анын ишмердиги катары камтылган. Бирок биз анын бир дагы жеринен энергетикага байланыштуу ишмердикке берилген уруксат кагазын көрө албадык. Компания андай лицензия алган эмес. Бирок 2008-жылы башка бир тармактарда ишмердик жүргүзүү боюнча жогоруда аталган лицензияларынын көпчүлүгү дагы токтотулган.

Нарын каскадын чехтер курмай болду

Нарын каскадын чехтер курмай болду

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания кура турган болду.

Бул компаниянын расмий сайтында анын Чехияда, Арменияда жана Орусиянын Кабардин-Балкар республикасында гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырган бир топ тажрыйбасы бар экени тууралуу маалыматтар жарыяланган болчу. Мына ошондой маалыматтарды ичине камтыган документтер макулдашууга кол коюлардан мурда кыргыз тарапка берилгени белгилүү болду.

Бирок чех журналисттеринин кокусунан эле бул компания тууралуу жарыялаган маалыматтарына байланыштуу чыккан ызы-чуудан кийин компаниянын расмий сайты эки күнгө чукул иштебей калып, андан соң гана кайра ишке киргизилди.

Бирок талдоочулар сайттын ичиндеги мурда жарыяланган маалыматтар бир топ өзгөрүп, жаңыланганын байкашкан. Коомдук ишмер жана блогер Эдил Байсалов мына ошол маалыматтардын жалган экени ачыкка чыкты деп эсептейт:

- Биз бул компанияны алдамчы фирма катары карасак болот. Анткени анын расмий сайтындагы баштапкы маалыматтарында жана биздин мамлекеттик органга тапшырган документтеринде Арменияда эки ГЭС, Орусиянын Кабардин-Балкар республикасында, Чехияда ГЭС курганы маалымдалган. Анын акча жүгүртүүсү 2 миллиард долларга барабар деп көрсөткөн. "Чоң кубаттуулуктагы ГЭСтерди иштетебиз" деген.

Бирок биз интернет аркылуу анын бардыгын 15 мүнөттө эле билип койдук. Армениядагы эки ГЭСтин бири 1970-жылы, экинчиси 1988-жылы курулган экен. Кабардин-Балкарияда 30 мегаваттык ГЭС салынып жаткан экен. Бирок ага аталган чех компаниясынын тиешеси жок экен. Аны болсо орусиялык "Русгидро" компаниясы бүтүрүп жатат. Бирок мына ошол маалыматтардын бардыгын биздин тиешелүү мамлекеттик органдар текшербей туруп, макулдашууга кол коюп, Жогорку Нарын каскадын курууну ага ишенип берип жатат. Кыргыз өкмөтү муну терең изилдеп чыгып, аталган макулдашуудан баш тартышы керек.

Liglass Trading кантип курчуду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:03 0:00

Текшерүүнүн тактыгы

Liglass Trading CZ компаниясы Жогорку Нарын каскадын жана андан башка он чакан ГЭСти куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен 10-июлда инвестициялык макулдашууга кол койгон. Жогорку Нарын каскадын куруу укугун бул чех компаниясына берүү түз инвестициялык келишимдин негизинде жүргөн. Ал эми аталган он чакан ГЭСти куруу жана иштетүү укугун берүү боюнча тендер быйыл 30-июнда болуп өткөн. Бул тууралуу мекемелер аралык тендердик комиссияга отуздан ашуун адам кирген.

Чех инвесторлору менен келишим түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Бул тендерге катышып, анын экинчи туруна өткөн беш компаниянын арасынан Liglass Trading CZ компаниясы бир добуштан жеңүүчү деп табылган. Анын гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы жана мурдагы таржымалы канчалык деңгээлде тендердин жобосундагы талаптарга жооп бергени тууралуу маалымат жок.

Бул тендердик комиссияга мүчө болгон парламенттин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев бул тууралуу мына буларга токтолду:

- Мен сыртта болуп калып, мына ошол 30-июндагы жыйынтыктоочу тендерге катышкан эмесмин. Тендердин биринчи турунда биз мына ошол компаниялардын салык төлөө жөндөмүн, аты-жөнүн белгилеген документтерин гана карап чыкканбыз. Экинчи турда алардын иш тажрыйбасын, ала турган милдеттенмелери жана келишимдин шарттары каралмак. Анан эми мына ошол компаниянын документтеринде иш-тажрыйбасы бар деп көрсөтүлгөн. Бирок эми мына ошонун бардыгын тиешелүү мамлекеттик органдар изилдеп чыгып, бизге алып келип көргөзүшү керек эле. Мен бул боюнча маалыматтарды көргөн жокмун.

Ошол эле кезде өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттердин жобосуна ылайык, чакан ГЭСтерди куруу укугун чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы ачык-айкын жана мыйзам чегинде утуп алганын жарыялады. Буга анын тажрыйбасын жана каржылык мүмкүнчүлүгүн ырастаган документтерин тендердик комиссияга тапшырып, анын жыйынтыгында аталган 10 чакан ГЭСти куруу жана иштетүү укугу ага берилгени белгиленди.

Бул мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рыспек Токтоналиев бул компания тендерге катышкан башка компанияларга караганда артыкчылыгын көргөзгөнүн төмөндөгүчө билдирди:

- Мына ошол сайтында жарыяланган эле маалыматтар. Чакан ГЭСтерди куруу боюнча тендерде ага катышкан алты компания тең иш-пландарынын бет ачарын жасады. Анан алардын арасынан бул компания бир топ артыкчылыктуу экенин көргөзө алды. Анан калса, бул компания жанагы Жогорку Нарын каскадын кура турганы боюнча дагы маалыматтарын көргөзүп, башкаларга караганда бир топ жогорку позицияда турду. Менимче, мына ошол жагдай дагы анын мына ошол 10 чакан ГЭСти куруу укугун утуп алуусуна өбөлө түздү.

Чех тарап убадасынан кайтпайт

Буга чейин Жогорку Нарын каскадын куруу долбоорун орусиялык "РусГидро" компаниясы баштап, бирок курулуш долбоорун ишке ашыруу маселеси кечеңдей бергендиктен, кыргыз тарап келишимди бар жактуу жокко чыгарган. Бирок орусиялык компания ага 37 миллион доллар чыгымдап койгонун айтып, аны төлөп берүү маселесин көтөргөн. Кыргызстандын өкмөтү бул акчаны аталган долбоорду ишке ашыруу укугу берилген инвестор төлөп бере турганын жүйө келтирген.

10-июлда бул долбоор боюнча келишимге кол коюлуп, аталган чех компаниясы иштин биринчи этабында 57 миллион доллар акча сала турганы жарыяланган. Анын 37 миллион доллары келишимге кол коюлган күндөн кийинки 30 банктык күндүн ичинде которула турганы макулдашууда көрсөтүлгөн.

Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде. 21.7.2017.
Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде. 21.7.2017.

Долбоордун жалпы баасы болжолдуу түрдө 230 миллион долларга бааланган. Анын өлчөмү каскаддын техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин белгилүү болот.

Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

- Бул фирма мен ээлик кылган фирмалар тобуна кирерине көңүл бургум келет. Калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында 12 жылдык тажрыйбабыз бар. Экинчиден, бул бизнес дал ушундай жол менен жасалат, мен муну бүтүндөй дүйнө жүзүндө жасап келгем. Ар бир жолу конкреттүү долбоор менен иштөөгө карызы жок, кожоюндар структурасы так белгиленген фирма тандалат. Биз бул ирет Liglass Trading CZ бөлүүнү чечтик.

Смелик компанияны каржы маселесине байланыштуу суроолорго дагы "Азаттыкка" мындайча жооп берди:

- Менин чөнтөгүмдө даяр 500 миллион долларым бар деп айткан жокмун. Андай эч кимде болбойт. Ар дайым техникалык каражаттар, финансылоо жактан да бир нече фирма биргелешип иш алып барат. Коркууга негиз жок. Техникалык кепилдик бар, 30 банктык күнүнүн ичинде акчаны котором, орустардын карызын төлөйсүңөр, биргелешкен ишкананын 50 пайызын алабыз да, курулушту баштайбыз. Биз кечээ эле ишибизди баштадык.

Смелик: "Долбоордо жашыруун маалыматтар камтылган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Ошол эле кезде Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев чехиялык компания тендер сынагынын бардык талаптарына жооп берген деп билдирди. Анын айтымында, келишимдеги милдеттеме боюнча 30 банк күндүн ичинде, Орусияга бересе болуп калган 37 миллион долларды төлөшү керек, болбосо келишимди бир тараптуу токтотуп коюу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан сырткары Зилалиев мырза, сынактын жобосу боюнча, компания мамлекетке бир миллион 200 миң доллар өлчөмүндө кепилдик төлөмүн төгүп берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG