Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Liglass Trading CZ чех прессасындагы маалыматтарды төгүндөдү


Смелик: "Долбоордо жашыруун маалыматтар камтылган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Смелик: "Долбоордо жашыруун маалыматтар камтылган"

Кыргызстанда ГЭС курмай болгон Liglass Trading CZ компаниясынын ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген эксклюзивдүү маегинде чех прессасындагы маалыматтарды четке какты. Ал өз компаниясы, медиада айтылгандай, белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин айтты.

Ошондой эле ГЭС курууда өзүнүн акча-каражаты, анын ээлигиндеги фирмалар тобунун жана өнөктөштөрүнүн каражаты колдонуларын кошумчалады. Ошол эле маалда коммерциялык сырды жүйө келтирип, Кыргызстандагы өнөктөштөрүн атоодон баш тартты.

"Коркууга негиз жок. Техникалык кепилдик бар, 30 банк күнүнүн ичинде акчаны котором, орустардын карызын төлөйсүңөр, биргелешкен ишкананын 50 процентин алабыз да курулушту баштайбыз. Биз кечээ эле ишибизди баштадык. Бул ызы-чууга карабай жерине кишилеримди жөнөткөм", - деди Смелик.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Өткөн аптада чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макаласын жазган. Аны улай "24.kg" маалымат агенттиги бул чех компаниясы менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген катты жарыялаган.

17-июлда чыккан үч беттик кат Кыргызстандын Австрия менен Чехиядагы элчилигинин жана Тышкы иштер министрлигинин чехиялык Liglass Trading CZ компаниясын изилдегенден кийинки Экономика министрлигине жана Улуттук энергохолдингге жиберген жообу болгон.

Компаниянын ээси Михаэл Смелик бул боюнча суроого жооп берип, элчилик Liglass Trading CZ менен Liglass фирмаларын чаташтырып алган болушу мүмкүндүгүн айтты.

XS
SM
MD
LG