Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Liglass Trading CZ: ГЭС курууга каражат бар


Иллюстрация
Иллюстрация

18-июлда Нарын ГЭСтер каскадын куруу үчүн тендерден жеңген чехиялык Liglass Trading CZ (LTD CZ) компаниясы маалымат каражаттарында пайда болгон суроолорго жооп кайтарып, билдирүү таратты.

Анда LTD CZ менчик фирмасы өнөктөштөрү менен бирге дүйнө боюнча кайра калыбына келип турчу энергия булактарына байланышкан долбоорлорго катышканы, Чехияда салык төлөп турганы, Liglass компаниясы менен мүлк же жеке байланыштары жок экени айтылат.

Компания бир жарым жылдан бери Кыргызстанда иштеп келатканын, бул долбоорго инвестор катары GIDEPINVEST фирмасы менен өнөктөштүктө катышканын, ал фирма ГЭСтерди долбоорлоо жана куруу боюнча өзгөчө Борбор Азиядагы ишмердиги менен белгилүү экенин жазат.

Ал эми каржылоо маселесине келгенде LTD CZ бул жагынан Green Capital жана Pantheon сыяктуу өнөктөштөрү менен энергетикалык долбоорлорду финансылоодо бай тажрыйбага ээ деп айтылат. Билдирүүдө Кыргызстандагы долбоорду каржылоого кепилденген булактары бар экени, буга чейин бир нече миллиондук инвестиция салганы, ал келишимдери коммерциялык сыр болуп саналары, долбоор ачык гана булактардан каржыланары белгиленет.

Анын алдында болсо Liglass Trading CZ компаниясынын ушу тапта Нарында жүргөн өкүлү Йиржи Войтеховски Нарын ГЭСтер каскадын курууга 500 миллион доллардай инвестиция салууга даяр деп журналисттерге билдирген.

- Биз келишимдин алкагында Жогорку Нарын ГЭСтер каскады долбоорун 500 миллион долларга чейин инвестициялоого даярбыз. 10-июлда биз "Ак-Булуң" жана Нарын ГЭС-1 долбоорун куруу боюнча биринчи этаптагы макулдашууга кол койдук. Ага болжолдуу түрдө 230 миллион доллар инвестиция керектелет. Биз убада бергендей, келишимге кол коюлгандан бир жума өткөндөн кийин биздин инженерлер, адистер тобу иликтөө үчүн келишти. Бүгүн эки створдо иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык инвестиция Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кепилдигисиз жүрүп жатат. Бардык талаш-тартыштар Кыргызстандын мыйзамына ылайык чечилет. Эгер жаңылыштык кетирип, өз убадабызды аткарбасак 57 миллиондой доллар Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында уставдык капиталыбызды калтырабыз.

Liglass Trading: 500 млн доллар салууга даярбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Өткөн аптада чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялагандан кийин бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жаратты.

Журналисттер Чехияда эч ким билбеген Liglass Trading CZ аттуу компанияны Кыргызстанга чех президенти Милош Земан жана анын канцелярия башчысы Вратислав Минарж сунуштаган деп жазышкан. Макаланын автору Ондржей Соукуп болсо "Азаттыкка" маек куруп компаниянын уставдык капиталы, каттоосу, иши тууралуу күмөндүү маалыматтарды иликтеп чыгышканын айтты.

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.

Кийин Минарж кызматына байланыштуу мындай каттардан далайды жазганын, чехиялык фирмаларга көмөк көргөзүү өлкө кызыкчылыгында экенин айтып, компания жетекчилерин тааныбасын, эч качан жолукпаганын, мындан эч кандай жеке пайда таппаганын кошумчалады.

Президент Земандын басма сөз катчысы Йиржи Овчачек болсо Чехиянын мамлекеттик CT24 телеканалына комментарий берип, фирма ачык тендерде жеңгенин, азыркы ызы-чуунун артында утулуп калган компаниялар турат деп бекем ишенээрин айтты:

- Мен 10-июнда эле эки президенттин кездешүүсүндөгү темалардын бири гидроэнергетика болгонун, бул тармактагы чехиялык компаниялардын мүмкүнчүлүктөрү сөз болгонун билдиргем. Бул тендер жөнүндө да кеп козголгон. Кыргызстан президенти жеңүүчүнү комиссия аныктарын айткан. Бул фирма жеңди, кыргыз президентинин катышуусунда келишимге кол коюлду.

Ал эми шейшембиде Hospodářské noviny басылмасы бул фирмага Өнөр жай жана соода министрлиги да сунуштама бергенин маалымдады. Редакция анын колуна тийген расмий катка таянып, журналисттер министрдин орун басары Владимир Брэтл ал компанияны оң жактан баалаганын жазышат.

Былтыр 2-августта Кыргызстандын Инвестицияларды тартуу агенттигинин директор орун басары Ш.Адилбек уулунун атына жазылган катта бул фирма 2003-жылдан бери энергетикалык кызмат көрсөтүү рыногунда иштеп жатканы, Чехия менен катар Словакия, Италия, Румыния, Британия жана Сербияда ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырганы айтылган.

Министрликтин маалымат катчысы Франтишек Котрба дүйшөмбү күнү басылмага билдиргендей, мекемеге Liglass Trading CZ ишканасынын кожоюну Михаэл Смелик кайрылган, бул – чет өлкөлөрдө чехиялык фирмаларга жардам көрсөтүүнүн кадыресе ыкмасы. Ал эми министрлик ал фирманын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кантип текшерген деген суроого Котрба тендердин катышуучуларын Кыргызстан электен өткөргөнүн айтты.

Келишимди жокко чыгаруу талабы

Кыргызстанда болсо коомдук ишмер Эдил Байсалов Liglass Trading CZ компаниясына байланыштуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоду. Анда келишимди жокко чыгаруу, аталган ишкана менен келишим түзгөн жетекчилердин жоопкерчилигин кароону сунуш кылган. Ага чейин "24.kg" маалымат агенттиги ал чех компаниясы менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген катты жарыялаган.

17-июлда чыккан үч беттик кат Кыргызстандын Австрия менен Чехиядагы элчилигинин жана Тышкы иштер министрлигинин чехиялык Liglass Trading CZ компаниясын изилдегенден кийин Экономика министрлигине жана Улуттук энергохолдингге жиберген жообу болгон. 2017-жылдын 10-мартында жазылган ал катка ТИМдин ошол кездеги орун басары Азамат Үсөнов кол коюп, "Өтө маанилүү!" деп белгиленген.

Анда чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен кызматташуудан оолак болуу, ишеним көрсөтпөө тууралуу маалыматтар камтылып, соттук иштери болгондуктан макулдашуу түзбөө сунушталган.

Тышкы иштер министрлиги бул документтин чын-төгүнүн бышыктай да, четке кага да элек.

Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

17-июлда Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп "Азаттыкка" билдирген. Дүйшөнбек Зилалиев чехиялык компания тендер сынагынын бардык талаптарына жооп бергенин айткан:

- Мыйзам боюнча биз сынактык, тендердик талаптардын баарын койгонбуз. Бул компания бизге 1 миллион 200 миң доллар кепилдик төлөмдү төккөн. Биздин шарттар боюнча баарын төккөн, баарын көрсөткөн. Азыр кымгуут болуп кетпедиби. Мен баарын (журналисттерди - ред.) чакырат элем, биз бардык макулдашууларды көрсөтөлү. Ал жерде жашыруун эч нерсе жок. Анын баарын мен журналисттерге көрсөткөнгө даярмын. Баарын ачык талкуулайлы. Бул 30 банктык күндүн ичинде 37 миллион доллар карызыбызды жабышы керек. Ошону биз биринчи көрөлү. Азырынча компания тууралуу бир нерсе айтуу эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер булар талапты аткарбаса анда 30 банктык күндүн ичинде бир тараптуу кылып эле келишимди жокко чыгарып коебуз. Бул жерде эч кандай коркунуч жок. Бир тыйыныбыз корогон эмес, зыяны тийбейт. 30 банктык күн бул 47-48-50 күн болуп эсептелет. Биз бул убакыт аралыгында 37 миллион долларды төгөбү же жокпу байкап турабыз.

Liglass Trading CZ Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти жана андан башка он чакан ГЭСти куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен 10-июлда макулдашууга кол койгон. Ага президент Алмазбек Атамбаев да катышкан.

Атамбаев бул келишимди "Кыргыз экономикасына Европадан ири жеке инвестордун келиши" деп сыпаттаган. Ошондой эле "дүйнөдөгү бардык потенциалдуу инвесторлорго кубаттуу белги берип, Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө даяр экендигин ырастайт", деп айткан.

Чех инвесторлору менен келишим түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG