Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:11

Кыргызстанда 14 чакан ГЭСти куруу боюнча конкурс жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, 10 чакан электр станцияны чехиялык, бирөөнү жергиликтүү компания курмай болду. Калган үч ГЭСти куруу үчүн кызыккан компания чыккан жок. Өкмөт бул долбоорлорду ишке ашыруу менен кошумча электр энергиясы өндүрүлүп, тармактагы абалды оңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимде.

Өнөр жай, энергетика, жер ресурстары мамлекеттик комитети жарыялаган конкурстун жыйынтыгы өткөн жуманын соңунда чыкты. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын бир нече аймагында жайгашкан 10 чакан ГЭСти чехиялык Liglass trading, ал эми бир объектти "Кыргыз каганаты" аттуу жергиликтүү компания курууга укук алды.

Мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рысбек Токтоналиевдин маалыматында, сынакка катышууга беш компания арыз берген:

- Конкурска беш компания катышкан. Алардын экөө чет өлкөлүк болчу. Бири Кытайдан, экинчиси чехиялык компания. Конкурстун жыйынтыгы менен он сууга Liglass trading чехиялык компания чакан ГЭС курмай болду, бир Лейлек суусуна курулчу ГЭСти жергиликтүү компания жеңүүчү аталды.

Кеминде чакан ГЭС ишке кирди

Чүйдүн Кемин районунда Тегирменти-2 чакан ГЭСи ишке берилди. Долбоор кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ГЭСке 215 миллион сом сарпталды.

Эми конкурс шартына ылайык, аталган он бир чакан ГЭС үч жылга чейин курулуп бүтүшү керек. Бул долбоорлор ийгиликтүү ишке ашса, жылына 150 миллион мВт кубаттуулуктагы электр энергия өндүрүлөт. Негизи өкмөт 14 чакан ГЭСти курууга сынак жарыялаган. Мунун ичинен Түп, Ак-Түз жана Чоң-Кайыңды сууларына курулчу электрстанцияларына кызыкдар инвестор чыккан жок.

Конкурстук комиссиянын мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев мындай жагдай себебин конкурс өтө чукул мөөнөттө жарыяланганы менен түшүндүрдү:

- Конкурста күчтүү атаандаштык болбой калды. Катышууну каалаган башка компаниялар убакыттын аздыгынан катыша албай калганын айтышты. Себеби мөөнөтү өтө кыска болуп калыптыр. Ал эми бул мөөнөттө арыз берүүгө жетишкен компаниялардын ичинен эң татыктуу чехиялык компания тандалып алынды.

Демилге каражат талап кылат

Буга чейин парламенттеги айрым депутаттар конкурс мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, аны четке кагууну сунуштап чыккан. Бирок өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика, жер ресурстары мамлекеттик комитети сынак мыйзамдын бардык талаптарына жооп берерин айтып келет.

Кыргызстанда электр энергиясынын кошумча булагын өндүрүү максатында чакан ГЭСтерди куруу демилгеси көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Бул демилгенин өлкөдө ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор үзгүлтүккө учурап, кошумча кубаттуулукка муктаждык туулганы мааниси дагы артты.

Энергетика министринин мурдагы орун басары Райымбек Мамыров чакан ГЭСтердин курулушун оң баалаганы менен ири гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дейт:

- Чакан ГЭС деген ири ГЭСтер менен салыштырганда алардын убактысы келе элек деп айтсак болот. Себеби бизде башка мамлекеттерге салыштырганда ири гидроэнергетиканын ресурсу көп. Учурда болгону 10 пайызга жакын гана гидроресурстарды пайдаланып жатабыз. Ошонун ичинде чакан ГЭСтердин үлүшү аз эле көлөмдө. Экинчиден, чакан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиянын баасы чоң станцияларга салыштырмалуу кымбатыраак болот. Ошондуктан биз чакан ГЭСти куруу менен катар ири долбоорлорду ишке ашырууну унутпашыбыз керек.

Чакан ГЭСтерден башка Кыргызстанда Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын Орусия менен бирге куруу боюнча долбоор башталган. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусиядан иш ыраатында жүрбөй токтоп калгандыктан Кыргызстан макулдашууну денонсациялаган.

Ара жолдо калган долбоорлор

Өткөн ай соңунда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга инвестор тапканын, келишимге июль айында кол коюларын шардана кылган. Учурда бийликтер инвестор ким экени жана конкурстун шарттары тууралуу маалыматты ачык айтпай жатышат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга жумшалган каражатты текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов инвестор чехиялык компания деп билдирген эле.

Муну өкмөттөгү айрым булактар да ырастап, келишимге 10-июлда кол коюу мерчемделип жатканын айтышты.

Ошол эле кезде Кыргызстанда 10 чакан ГЭСти куруу боюнча конкурста жеңүүчү аталган чехиялык Liglass trading компаниясы өз долбоору менен тааныштыруу учурунда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга катышууга кызыкдар экенин билдирген. Ал эми Кыргызстандагы эң ири Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу боюнча долбоордун тагдыры белгисиз.

Кыргызстанда учурда 15 чакан ГЭС иштеп жатат. Анын тогузу мамлекеттик "Чакан ГЭС" ишканасына таандык. Алар жылына 140 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрөт.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө дагы 80ден ашык чакан ГЭСти курууга мүмкүнчүлүк бар. Алар курулса, жылына кошумча 1 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүүгө болот.

"Азаттыктын" архиви: Кеминдеги чакан ГЭС

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG