Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:38

Чүйдүн Кемин районунда Тегирменти-2 чакан ГЭСи ишке берилди. Долбоор кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, ГЭСке 215 миллион сом сарпталды.

ГЭСтен өндүрүлгөн электр энергия райондун үч-төрт айылын электр жарыгы менен камсыз кылмакчы.

Тегирменти-2 ГЭСинин башкы прорабы Саматбек Жакыпбеков бир жылдан бери Кемин өрөөнүндө байырлап калды. Ал күнү-түнү курулушту көзөмөлдөп, ГЭСти бир гана кыргызстандык адистер курушканын айтып сыймыктанат.

Саматбек Жакыпбеков
Саматбек Жакыпбеков

- ГЭСтин курулушу өткөн жылдын апрель айында гана башталды. Ага чейин жол жасадык, түтүктөрдү жаткырганга чуңкур каздык. Курулушка 2500 куб бетон, 35 тоннадай арматура кетти. Жумушту толугу менен кыргызстандыктар жасашты. Долбоор болсо Арменияда чийилип келди. Бизде мини ГЭСтерди салууга тажрыйба жок экен, болбосо долбоорду өзүбүз эле чийип алат элек.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынан үч эсе арзан

Тегирменти-2 ГЭСи Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында алгачкы курулган чакан ГЭС. Гидро электрстанциянын директору Нияз Ирсалиевдин айтуусунда, Тегирменти-2 ГЭСинин салыштырма баасы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынан үч эсе арзанга турду. Натыйжада долбоор дагы өзүн жакынкы төрт-беш жылда актайт деген үмүттө.

- Биздин чакан ГЭСтен өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк баасы 1 кВт миң доллар, ошол эле учурда Нарын ГЭСтики 3 миң доллар болчу. Болгондо да Нарын ГЭСтери 5-6 жылда курулуп бүтмөк, азыр болсо Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу токтоп калды. Ал эми Тегирменти-2 ГЭСи бир жылга жетпеген убакытта толугу менен курулуп бүттү.

Нияз Ирсалиев кошумчалагандай, чакан ГЭСтин курулушун баштоо алдында жергиликтүү элдин тилин табуу оңойго турган жок. Айылдык кеңештин депутаттары суу булганып, экологияга зыяны тиет деп чочулап, долбоордун иштеп кетеринен күмөн санашкан. Натыйжада Жогорку Кеңештин депутаттарынан бери жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп, иш ордунан жылган.

Жыл башынан бери “Түндүкэлектр” ишканасы менен келишим түзүлүп, кубаттуулугу 377 кВт саат энергия сатыла баштады.

Нияз Ирсалиев
Нияз Ирсалиев

- 2017-жылга карата “Түндүкэлектр” менен 13 млн. кВт саат энергияга келишим түзүлдү. Өндүрүлгөн энергия Кеминдеги үч-төрт айылды электр жарыгы менен камсыздай алат. Учурда бардыгы автоматташтырылып, сегиз киши бул жакта туруктуу жумуш менен камсыз болду. Мындан башка Тегирменти айылына да жардам берип, ай сайын 200 миң сом которуп турабыз. Жергиликтүү эл суудагы балыктарга санааркап жаткан, бирок бизде суу жандыктары үчүн атайын коопсуз жай бар, жергиликтүү фаунага терс таасири тийбейт.

Өнүктүрүү фондунун оң-тескейи

Тегирменти-2 чакан ГЭСине жалпы жонунан 215 млн сом жумшалды. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 144 млн сомду 12% үстөк менен беш жылга берсе, инвестор өзү 71 млн сом долбоорго кошту.

Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов, фонд түптөлгөндөн бери 665 долбоор 202 млн долларга каржыланганын айтты:

- Долбоорлорду каржылоодо биз айыл чарба багытына өзгөчө артыкчылык беребиз. Берилген каражаттын 51 пайызы айыл чарбага которулду. Учурда 202 млн доллар жеңилдетилген насыя ишкерлерге берилди. Жакынкы беш жылда 1 млрд долларга чейин каражатты ишкерлерге беребиз деген пландарыбыз бар. Анын ичинде кичи ГЭСтерди дагы каржылоо каралган.

Анткен менен Кыргыз-орус өнүктүү фондунун ишмердүүлүгүн сындагандар четтен чыгат. Ишкерлер фонддон каражат алуу оңой эмес экенин айтышса, депутаттар Өнүгүү фондунун акчасы эсеби жок чачылып жатканын билдиришкен эле.

Ал гана эмес 15-февралда “ЕАЭБнын алкагында интеграциялык процесстер” аттуу Бишкекте өткөн эл аралык форумда Орусиянын стратегиялык иликтөө борборунун жетекчисинин орун басары Рамил Галимов Өнүктүрүү фонду эффективдүү иштебей жатканын айтып, алигиче 500 млн долларды ишкерлердин долбоорлоруна берип бүтө электигин билдирген.

Ошентсе да Тегирменти-2 ГЭСи өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган алгачкы чакан ГЭС. Долбоордун жетекчилери Тегирменти-2 алар үчүн баштапкы гана аракет экенин айтышып, ГЭСтен дагы үч чакырым жогору аймакта Тегирменти-1 ГЭСин курууну баштоо алдында турат. Мындан башка Тоң районунда дагы чакан ГЭСтин курулушун башталып жатат.

Өз ишин 2015-жылдын ноябрь айында баштаган Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шартына ыңгайлаштыруу максатында түзүлгөн. Фондго Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлмөк, учурда акчанын жарымы которулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG